Аймак

ТААЛАЙБЕК ЗИКИРОВ: «МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗГЕН, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖАНА КЛАНДЫК БАШКАРУУНУ ООЗДУКТАГАН ДАТАНЫ МАЙРАМДАБАЙ КОЮУ ТАПТАКЫР МҮМКҮН ЭМЕС!»

ТААЛАЙБЕК ЗИКИРОВ: «МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗГЕН, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖАНА КЛАНДЫК БАШКАРУУНУ ООЗДУКТАГАН ДАТАНЫ МАЙРАМДАБАЙ КОЮУ ТАПТАКЫР МҮМКҮН ЭМЕС!»

 4,352 Бардыгы /

Таалайбек ЗИКИРОВ – «Апрель Элдик Ыңкылабынын Баатыры». 2010-жылда Алай жергесинде бийликке каршы нааразычылык акциясына эң эле активдүү аралашкан жана жаштыгына карбастан Курманбек Бакиевдин кандуу режимине айбат көрсөтүп, түп көтөрүлгөндөргө жалбашчылык дагы кылган. Кулатылган Президент Курманбек Бакиевдин зөөкүр мансабына  каршы туруктуу күрөшүп, а түгүл анын азабын дагы убагында куп эле тарткан.

– Таалайбек мырза, мына, 7-апрель ыңкылабынын тогуз жылдыгын моминтип адаттагыдай белгилеп жатабыз. Бирок, Кыргызстандагы көпчүлүк Алай району бул ыңкылаптын башаты болгондугун дагыле анчалык биле беришпейт? Эмнеге?

 2009-жылы Курманбек Бакиевдин зөөкүр бийлигиайтылуугенерал, ошогездеги коргоо министриИсмаилИсаковду мыйзамсыз куугунтуктайбаштагандаАлайда“Исмаил Исаковдукоргоокомитети” уюшулуп,элдикгенералдыбийликтинадилетсизсоттоосунан куткаруу максатында ар түрдүү акцияларды байма-бай уюштурганбыз.Ошентип, 2010-жылдынянварынанапрельайына дейре жүздөгөн пикеттер, миңдеген алайлыктаркатышканмитингдерГүлчөдө, анан Сопу-Коргондо үстөккө-босток өткөрүлүп турду. Анан соттунадилетсизчечиминекаршыачкачылык дагыжарыяланып, ал бара-бара жөө жүрүштөр менен такай коштолбодубу. Бакиевдин канкор бийлиги элди машина жол менен басууга дагы катуу тыюу салганда, жөө жүрүштү «тоожүрүшкө» айлантып, тоону кыялап басканкүндөрүбүз дагыле эсибизде. Муну,  Алишер мырза, ошогезде өзүңүз деле «Азаттык» үналгысында иштеп, кенен чонон чагылдырып, даана көрүп-билип жүрдүңүз го.

ОшолмезгилдегиэлдиктолкундоолордуАлайга дейре келип катуу колдогондорду, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, азыр атабасам, чынында, адамгерчиликке жатпас. Маселен: ТопчубекТургуналиев, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Бөдөш Мамырова, Бактыбек Калмаматов, Бабырбек Жээнбеков, Абдыкайым Кангелдиев, Манас Эргешов, Табылды аке баштаган Аксылык туугандар, Азаттык жана Би-Би-Си үналгылары, «К» плюс ТВсы жана башкалар.Апрель ыңкылабынынбиржылдыгынаарналган Ак үйдө өткөрүлгөн жыйында Президент Роза Отунбаева адегенде эле ТаласмененБишкектиатаганда, ЖогоркуКеңештиндепутаты, айтылуу журналист КаныбекИманалиевсөзалып, «Тарыхтыбурмалабайлы, туугандар? ЫңкылапбиринчиАлайданбашталып, анан Таластаулантылып,Бишкектежыйынтыкталды десек туура болот» деген эле. Ошондон бери мен дагы Каныбек мырзага Иманалиевге атайын жолугуп, кашкайган чындыкты калайыкка жар салгандыгы үчүн колун бекем кысып, ыраазычылык билдире албай жүрөм. Ошондуктан, кандайболгонкүндө дагытарыхты эч бурмалабай так айтууну үйрөнүшүбүз кажет!Чындыгында, АпрельЭлдик ыңкылабынын башатыАлай экендигин танбайлы, эй замандаштар!

– Ошентсе дагы, Алайдагы генерал Исмаил Исаковду коргоо комитети мурунку коргоо министри сүттөн дагы ак экендигин, Бакиев режими аны курулай жалаа жаап камагандыгын далилдей албадыңыздар го?

– Кантип?Исмаил Исковдун сүттөн актыгын, анан дагы таптазалыгын, чыныгы элдик генерал экендигин далилдемек түгүл Курманбек Бакиевдин диктатордук режимин кулатып, элинен таптакыр алыска кубалап, жаңы бийлик орнотууга акыры жетишпедикпи!

2010-жылдын февралында Алай районунун стадионундагы бир митингге катышкан айтылуу түбөлүк революционер Топчубек Тургуналиев Алайдын эли «Бакиев кетсин!» деп талап койгонуна караганда революциялык кырдаал түзүлүп калыптыр!» дегенин бүгүн кантип танабыз, эй?

– Ошондо Сиздердин нааразычылык акцияңыздар тутанып олтуруп акыры жүрүп бүтүндөй Кыргызстанга жайылат деп таптакыр ойлобосоңуздар керек эле?

 Ооба, бизде андай кескин ойлор дегеле болгон эмес! Биринчиден, Исмаил Исаковду боштондукка чыгаруу гана максатыбыз болгон.

Экинчиден, бирок, мамлекетибизде саясый куугунтуктоолор улам күчөп, буюртма адам өлтүрүүлөр тынбай жүзөгө ашып, үй-бүлөлүк жана Кландык башкаруу бекем орной баштаганы, стратегиялык обьектилер итбекер менчикке сатылып, рейдерлик басып алуулар орун алып, айрыкча электр энергиясынын баасы эбегейсиз көтөрүлүп, элди акыры тезек тергенге мажбурлай баштаганы, элибиздин жашоо-шартынын кескин оорлошкону дагы бизди ошогезде кайдыгер калтырган жок!

Бийликти токтоосуз алмаштыруу учурдун талабына айлангандыгына чындап эле көзүбүз жетти. Бул өңүттө Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Бөдөш Мамырова, Дүйшөн Чотонов менен үстөккө-босток сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүздүк. Бизди колдоп Алайга келген саясатчылар: «Урматтуу туугандар! Кыш чилдесинде ар түрдүү акцияларды уюштурабыз деп бекер кыйналдыңар. Каржылык чамаңар дагы чектелүү. Митинг-пикеттерге миңдеген, же жүздөгөн адам алып чыга албасаңар дагы ушул отту таптакыр өчүрбөгүлө! Ал сөзсүз түтөп олтурсун! Жазга чейин чыдагыла? Ыңкылаптын үмүтү – Силерде! Жазда чечкиндүү кадамдарга аргасыздан барабыз!» деп бизди шыктандырып дагы турушпадыбы.

– Ар кандай олуттуу кыйынчылыктарга жана түркүн куугунтуктоолорго карабастан, баарына чыдап-түтүп, ошогезде Сиздердин катарыңыздарда кимдер жүрүштү эле?

 Жогоруда чоң саясатчылардын атын атадым го. Митингдерди жана түрдүү акцияларды уюштууруда айылдагы эл менен иштеген жергиликтүү активистерден Айтпай Жээналиев, Зоя эже, Ороз аба, Калдыбай аке, Азимбү эже, Дилбар, Гүлбара, Жыпар, Жумагүл, Аккыз, Насипа эжелер, Саты, Жумаң, Мамасалы, Сагын, Шайназар, Замир өңдөнгөн ондогон жердештерим өтө активдүүлүгүн көрсөтүшүп, өзгөчө  салымдарын кошушкан, эй!

Анан 7-апрель күнү эртең менен бизди нааразычылык акциясына уюштурган жети жолбашчыбызды Кыргыз бийлиги Алайдан Ошко алып барып кадимкидей эле камап таштаган. Мени дагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап жатышканда, райондун базарындагы жакшы адамдар атайын кызматтын колунан мени арачылап калышкан. Облустун күч органдары, мунун ичинде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси өзү баш болуп, бизди тынчытууга абдан катуу аракет кылышты. Ошого карабастан элдин колдоосу аркасында алайлык ыңкылапчылар Кыргызстанда биринчилерден болуп райондун акимин кубалап, ордуна өздөрү элдик акимди шайлашып, такка отургузушкан. Бишкектеги оппозициялык жолбашчылардын дээрлик баары камалгандыктан, Роза Отунбаева абижебиз өзү тынбай чалып, бизден тынымсыз кабар дагы алып турган.

– Анан апрель ыңкылабы акыры жеңип, Курманбек Бакиевдин кандуу бийлиги биротоло кулатылып, Убактылуу Өкмөт орногондон кийин булардын мээнети неге калыс бааланган жок? Ушул тапта Сиз атын атагандардын басымдуулугу борттун сыртында калып кетишпедиби. Мындайча айтканда, бир-экөөнөн башкасы бийликке таптакыр эле жолотулган жок. Эмне үчүн?

 Тарыхта илгертен айтылып келаткандай, ар кандай ыңкылапты чыныгы патриоттор жана акылдуулар гана жасашат. А үзүрүн учурга бекем ыңгайлашкан өзгөрүлмө адамдар – шылуундар гана көрүшөт экен. Мамлекет башчысын, падышаларды курчап турган ар түркүн айла-амалдуу чөйрөсү бузат. Жакшы адамды дагы ойдо жок интригаларды жана ушактарды ойлоп таап, тез эле душман кылууга жетишкен саясый усталар арабызды дагыле жойлоп жүрүшөт.

Мурдагы идеялаш адамдар, бийликке жеткенден кийин эле бири-бирин жактырбай, өзүмчүлдүк сезимдери күчөп, жеке бийлик жасоого аракеттенип, мурдагы убада-максаттарын таптакыр унутуп, бай-манаптык башкарууга өтүп кетип жатышат. Бул ынтымактын жоктугу, өзүм билемдиги, элдин жүгүн көтөрүүгө алсыздыгы, өткөн тарыхтан таптакыр эле сабак алалбагандыгы, элдик жолбашчы  – мамлекеттик адам эместиги! Мурун баштан өткөн күндөрү таптакыр эстен чыгып, саясый кызыкчылыктар гана үстөмдүк кылып, жеке бийлик жасоо ыңгайлуу болуп калат окшойт.

– Баса, борборубузда 2010-жылдан кийин ондогон коомдор түптөлбөдүбү. А бизде Сиздердин башыңыздарды бириктирген уюмуңуздар деги барбы?

– Жашырып не.Оштогу Аперль ыңкылабынын катышуучулары жөн эле чогулуп, өзүбүзчө иш-чараларды уюштуруп жүргөнбүз. Жолуккан сайын коом түзүү боюнча оюмду беш-алты жыл катарынан айтып дагы жүрдүм. Уюмубуздун аты жана мөөрү болсо, мамлекеттик органдарга ар кандай маселелер менен кайрылууга жеңил-желпи дагы болмок. 2018-жылда «Ош-Апрель ревкому» аттуу коомдук бирикме Абдыкайым Кангелдиевдин демилгеси менен түптөлдү. Буга облустун жети районунан бирден координатор шайланып, Апрель Элдик ыңкылабынын Баатырларынын, ошондой эле активдүү катышуучуларынын тизмеси дагы такталып, мүмкүнчүлүккө жараша жакшы иштер уюштурулуп жатат. Ошондуктан, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Апрель Баатырларын – патриотторду чын ниетимден майрамыбыз менен чын ыкластан куттуктап, баарына тең узун өмүр, бакубат жашоо гана тилеймин!

– Таалайбек мырза, дегеле кыйчалыш заманда 7-апрель ыңкылабын жыл сайын эле моминтип белгилеп, жер-жерлерде оңбогондой каражат коротуп, анан мынчалык катуу майрамдаштын деги кажети барбы, ыя?

 Мамлекеттик башкарууга өзгөртүү киргизген, үй-бүлөлүк жана Кландык башкарууну ооздуктаган датаны майрамдабай коюуга таптакыр эле мүмкүн эмес! Аны бир күндүк эскерүү, сый-тамак, анан дагы катышуучуларга белек-бечкек берүү менен эле чектелип келе жатабыз.  Менимче, Апрель Элдик ыңкылабынын күнүн белгилөөдө – анын келип чыгуу себептерин, артыкчылыгын, кемчилдигин, мамлекеттүүлүккө пайдасын мектептердеги, ЖОЖдордогу келечек муундарга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, элибизге тарыхчылар, ыңкылаптын катышуучулары менен биргеликте конференцияларды уюштуруп 7-апрелде жана Эгемендик күнүндө түшүндүрүп, тартынбастан эле окутушубуз кажет! Анткени, мына келерки жылда элдик ыңкылаптын он жылдык мааракеси белгиленет. Буга азыртан кам көргөнүбүз оң!

Анткени, 7-Апрелдин кадыр-баркын жана баасын көтөрүүгө эми чындап мезгил жетти. Керек болсо, Союз мезгилиндеги Улуу Октябрь революциясынын даражасына дейре көтөрүп, кадырын ого бетер арттыруу азыркы бийликтин түздөн-түз милдети деп эсептейм!

Президентибиз Сооронбай Шарипович, Аксыда сүйлөгөн сөзүндө Апрель Элдик ыңкылабынын он жылдык мааракеси боюнча атайын Жарлык чыгарам деди. Ошондо дагы, менимче, бул ыңкылаптын макамы андан беш бетер көтөрүлүшүн мен деле чыдамсыздык менен күтүп жатам.

         Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17