Аймак

АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН БОЛГОН?

АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН БОЛГОН?

 6,254 Бардыгы /

2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу төңкөрүшкө 9 жылдын жүзү болду.  Элдик революция күнү катары жыл сайын белгиленип, сабактары, себептери, кесепеттери, аны менен бирге алигече максатына жете электиги бүгүнкү күндө да байма-бай айтылып келет. Учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелди эс алуу күнү катары эсептөөнү Жогорку Кеңешке сунуштап, ал 2016-жылы колдоо тапкан. Андан бери элдик революция күнү катары ар кандай иш-чаралар үстүндө эскерилип келет.

Жалал-Абад областы боюнча жалпы 110 Апрель баатырлары бар. Ыңкылапта каза болгондор 9 адам, алардын жетөө борбор калаада Ак үйдүн, экөө областтык администрациянын алдындагы митингде курман болгон. Ал эми жаракат алгандардын саны 67 ге жеткен.

Гулзат АШИРОВА, Социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы:

“22 ПУНКТАН ТУРГАН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТӨТ”

-Быйыл Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү тарабынан 22 пункттан турган иш-чаралардын планы бекитилип, областтын бардык район-шаарларына жиберилген. 7-апрель жекшемби күнгө туш келгендигине байланыштуу 6-апрель күнү эстеликтерге гул чамбарлар коюлуп, куран окулуп, салтанаттуу эскерүү иш-чаралары өтөт.  Ага чейин каза болгондордун эстеликтеринин айланасын ирээтке келтирип ишембиликтерди уюштуруу, район-шаарлардын борборлоруна элдик революцияны эскерүү банерлерин илүү, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү, окуу-жайларга илимий-практикалык конференцияларды, семинар, лекцияларды уюштуруу тапшырылган. Андан сырткары спорт комитеттери тарабынан каза болгондордун жаркын элесине арналган спорттук мелдештер өткөрүлөт. Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтындагы эскерүү митингде көзү өткөндөрдүн мемориалдык тактайчасы уюштурулат.

Төңкөрүшкө чыккан карапайым элди бийлик куралчан тосуп алган. Ак үй тараптан ок атылып, 90го жакын адам каза болсо, жаракат алгандардын саны 300 гө жеткен. Кийин алган жаракатынан улам 40ка  жакын тургун дагы каза болгон. Алардын сөөгү кыргыздын залкарлары коюлчу Ата-Бейитке көмүлгөн, ал эми жакындарына Бишкектен батир берилип, бир жолу миллион сом акчалай жардам каралган. Апрель элдик революциясынын катышуучулары “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесин түзүшкөн.

Анархан ЖАҢЫБЕВА, Апрель революциясынын катышуучусу, журналист:

“МАГА КОЛ САЛУУГА ӨТҮШКӨН…., ТОКМОК ЖЕГЕМ”

Мен 2010-жылдын 8-апрелинде Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында өткөн митингге катышып, анда топтолгон миңдеген адамдардын алдында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге каршы сөз сүйлөгөнмүн. Себеби, 7-апрелде Бишкектеги  Ала-Тоо аянтындагы элдерди курал менен атып, алардын канга боёлгон абалдарын КТРден көрүп, ошол нерсенин туура эмес болгондугун айтып пикиримди билдиргенмин. Менин 8-апрелдеги сөзүм төмөндөгүдөй болгон: “Бишкекте кан төгүлдү. Биз дүйнөгө уят болдук. Бакиев ушул кезге чейин элдин койгон талабын угуп койсо, мындай кан төгүлүү болмок эмес. Ошол себептен, биз түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, Кыргызстанды сактап калуубуз керек”, – деген сөздөрдү сүйлөгөндөн кийин менин артымдан ОБОН аялдар келип, мага кол салууга өтүшкөн. Жалал-Абдда кырдаал оор болгон. Мага ошол учурда Москвадан “Эхо Москвы” радиосунан чыгышып, түз интервью алып жатканда Кадыржан Батыров 500гө жакын адамдары менен митингге келген. Алар митингден кийин областтык администрацияга кирүү аракетин жасашкан. Бирок  аларды бир молдоке дарбазанын үстүнө чыгып алып киргизбей койгон. Мына ушул учурда мен Москвага түз эфирден ушул окуялар боюнча маалымат бергенмин. Ошол мүнөттөн мен “АКИпресс”, “Интерфакс”, “Кабар” жана башка бир катар маалымат каражаттарына маалыматтарды берип турганмын. Ошондой эле Жалал-Абадда түзүлгөн координациялык кеңешке мүчө болуп кирип, июнь окуялары бүткөнгө чейин 4-5 ай бою оор кырдаалда маалымат берип иштеп жүргөнмүн. Менин максатым тынчтык орношуна көмөк көрсөтүү болгон. 13-апрелде Тейитте бир топ ОБОНдордун токмогуна кабылып, андан кийин 13-14-майда Жалал-Абад шаарында болгон окуяда жаракат алганмын.

Революциянын эч ким мен жасайм деп чыккан эмес. Ошол учурдагы кырдаал апрель революциянын болушуна алып келген. Эч ким өзүн өлүмгө түрткүсү келбейт. 7-апрелде каза болгондордун арасында мектептен келе жаткан окуучулар, жөн эле болуп жаткан окуяны соткасына тартып жаткан жай тургундар, ишинен кайтып бара жаткан, окуусунан чыккан студенттер снайперлердин огунан каза болгон. Алардын үмүтү кандай болгонун эч ким билбейт. Ал эми элдин нааразылыгы үй-бүлөлүк башкарууга каршы болуп, форумга 5-6-апрелде камалган лидерлерди бошотуу үчүн элдер топтолгон. Бийликтин кадамы туура болдубу же жокпу, буга мезгил жана тарых өз баасын берет.

Алгач 6-апрелде жер-жерлерде митингдер уюштурулуп, 7-апрелде борбор калаанын чок ортосунда көтөрүлгөн. Элдин негизги эки талабы электр энергиясына болгон кымбат тарифти азайтуу жана үй-бүлөлүк башкарууну кулатуу болгон. Ыңкылап катышуучуларынан түзүлгөн аталган бирикме революциянын максаттарын ишке ашыруу боюнча дагы деле аракеттерди көрүп жатышкандыктарын айтып келишет. Ал эми тарыхчылар-окумуштуулар азырынча Апрель революциясы максатына жете электигин, бирок тарых баарын ордуна коёрун айтышат.

Эрнис АВАЗОВ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент:

“РЕВОЛЮЦИЯБЫ, БИЙЛИК АЛМАШУУБУ ЖЕ ОКУЯБЫ, АНЫ ТАРЫХ АЙГИНЕЛЕЙТ”

-Март, апрель революцияларынын башаты Аксы окуясында турат. Бир эле окуянын тегерегинде ар кандай пикирлер пайда болот берет. 2005-жылдын март айындагы төңкөрүштө кан төгүлбөгөн үчүн түссүз революция, ал эми 7-апрель түстүү революция катары баа берилген. Бирок дароо баа берүү туура эмес, анткени ар кандай тарыхый процесске убакыттын өтүшү менен баа берилет. Мисалы, Аскар Акаев өзүнүн чындыгын, тескери пикирин азырга чейин айтып келет. Бирок ар кандай тарыхый окуя жеке адамдын ою менен гана болбойт. Өзүнүн өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгү бар. Бул ыңкылап эле революция болгон, бийлик алмашуубу же жөн эле окуя болгон деген пикирлер айтыла берет. Конкреттүү  түрдө  айтууга убакыт керек. Апрель окуясы чыкканда алгач “уурдалган революция” деп айтып чыгышкан. Себеби Март революциясы максатына жетпегендиктен Апрель революциясын пайда кылды делген. Мына ушундай эле түрдүү көз караштар бул революциянын тегерегинде болуп келет. Бул айтылып жаткан коомчулуктагы ойлор саясий-укуктук баа болушу мүмкүн, тарыхый илимий баа келечекте берилет. Классикалык революция болгондо сөзсүз коом түп тамырынан бери башкаруу системасы жана башкалар өзгөрүшү керек эле, тилекке каршы андай өзгөрүү болгон жок. Адамдардын жан дүйнөсүндө өзгөрүү болмоюнча, саясий бийлик алмашуулардан эч нерсе өзгөрбөйт деген пикирди кармангандар бар. Дүйнөлүк коомчулукта эволюциялык жана реолюциялык өнүгүү бар. Бизге мыйзам-ченемдүүлүктү бузбастан эволюциялык өнүгүү керек. 2005-жылдагы март революциясы болгон учурда Украина менен Грузияда дагы так ушундай бийлик алмашуулар орун алган, бул тышкы күчтөрдүн кызыкчылыктары болгондугунан, ыктымалдуулугунан кабар берет.

Апрель революциясынын жыйынтыгында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, ал үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып чыгып Белорусияга баш калкалаган. Кыргызстандын соту Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдерге сыртынан өмүр бою абакка кесүү өкүмүн чыгарган. Бирок алар дагы деле жазасын албай, сырт жакта ээн-эркин жүрүшөт. Ал эми Апрель ыңкылабынын катышуучулары Бакиевдерди өлкөгө экстрадициялоону талап кылып келишет. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков былтыр Апрель баатыры Эмил Кыштобаев каза болгондон кийин аталган революциянын наркы болбосо, азыркы бийликтин баркы болбостугун ачык айткан.

Рыскелди МОМБЕКОВ, Жогорку Кеңештин депутаты:

“АКЫЛМАНДАР ЫҢКЫЛАПТЫ ДАЯРДАЙТ, АКМАКТАР ЖАСАЙТ, ЖЕМКОРЛОР ЖЕМИШИН КӨРӨТ”

-Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө орунду алган Апрель революциясы бар. Мына ошол революцияда өзгөчө эрдик жасаган эки жигит болгон. Бири Касымов Абдураим, каймана аты БТР, экинчиси Эмил Кыштобаев, каймана аты снайпер. Бири УКМКдан БТРди алып чыгып ак үйдөгү көзгө атар мергендерди аткылаган болсо, экинчиси колундагы автомат менен Ак үйдөгү снайперди атып түшүргөн. Эмил Кыштобаев жакында каза болду, жаназасына президентибиз Нарын областындагы кураторун жөнөтүп, жүз миң сом акчалай жардам бердириптир. Бийликтен башка эч ким басып барган жок. Анда акылмандар революцияны даярдайт, акмактар жасайт, жемкорлор жемишин көрөт болуп жатпайбы. Ушул эки жигит дүйнө менен кош айтышып кетти, экөөнүн аркасынан бештен жетим балдары, жесири калды. Булар эрдик аркылуу бийликке жеңилдик алып келип, бир да жардам албаптыр. Мен тажиясына барганда жоро-жолдоштору, туугандары айтышты, Абдураим Касымовдун апасы ошол жерде отуруптур ал айтты, “Эмне үчүн балам ушундай эрдик жасап, эмгеги унутулуп калды”. Бул чынын айтканда “кидала” да. Алар болбогондо ак үйдүн үстүндөгү снайпер дагы канча адамды өлтүрмөк. Булар мага үй алып бергиле деп жутунган эмес. Эми Апрелдин наркы болбосо, азыркы бийликтин баркы болбойт да. Булардын турак жай маселеси чечилиши керек.

Кыргызстанда жыл сайын бийликтер тарабынан эскерүү иш-чаралары уюштурулуп жатат. Ошондой эле Тескей-Ала-Тоо кыркасында 4142 метр бийиктиктеги аты жок чокуга “Апрель революциясынын баатырлары” деген ат коюлган. Быйыл 7-апрель жекшемби күнгө туш келген, бирок аталган датанын эс алуусу күнү 3-январга эсептелген.

 

Даярдаган:   Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17