Аймак

ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИ БААСЫН КИМ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ?

ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИ БААСЫН КИМ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ?

 3,030 Бардыгы /

Кыргызстанда , дегеле дүйнө жүзүндө оорулуулар, ал гана эмес оорунун түрлөрү да көбөйүп баратат. Буга мамлекеттик ооруканадагы сааттап кезекке туруу, жеке менчик ооруканалардын, дарыканалардын күн санап көбөйгөнү ачык далил. Акыркы кезде жазгы козу карындай көбөйгөн жеке менчик дарыканалар дары-дармектерге каалагандай баа коюуда.  Дары-дармектердин асман чапчыган баасын ким ооздуктайт, карапайым калктын кара тер менен тапкан чөнтөгүнө ылайыктуу баа коюп берүүнү көздөгөн мамлекеттин, тагыраак айтканда саламаттык сактоо министрлигинин жакшы максат, планы барбы? Жардамга муктаждарга, өмүр бою дары менен жашагандарга кандай жеңилдиктер каралган? Бул тууралуу  окурмандардын арыз-муңу жана кайрылуусу менен дарыканалардын ишмердүүлүгү жана кымбат дары-дармек көйгөйүн көтөрүп чыктык.

Сейдалы ЖАНАЛИЕВ, пенсионер, Жалал-Абад шаарынын тургуну:

“МАМЛЕКЕТТИК ДАРЫКАНАЛАР ДЭЭРЛИК ЖОК, СОЦИАЛДЫК КОРГОО НАЧАР”

-Ар бир мамлекеттин жетекчилиги элдин социалдык жактан корголушун камсыз кылышы керек. Экинчиден адам укуктарын коргой билиши шарт. Жок дегенде пенсионерлерге, жакыр жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдиктер жетип жатабы, жокпу көзөмөлдөй алышы керек. Дегеле калкты социалдык коргоо начар. Кыргызстанда дары-дармектер чыкпайт, ар кайсы чет мамлекеттерден алынып келет. Мамлекеттик дарыканалар дээрлик жок, жеке менчиктер толуп кеткен. Оорукананын тегерегинде деле толтура менчик дарыканалар. Алардын баасы да бир топ кымбат. Дарылардын баасын көзөмөлгө алып караган орган жок. Көзөмөлдүн жоктугу башаламандыкка алып баратат. Дарылардын сапаты кандай, фармацевтин билим деңгээли канчалык? Аны кардарлар текшере албайт, ал үчүн атайын орган болушу керек. Медициналык камсыздандыруу менен берүүчү дарылар деп, 5-6 дарыны белгилеп коюшат. Кымбат жана оор оорулуулар үчүн дарыларга арзандатуу жок. Чындыгында өлкөдө оорулууларга миллиондогон кайтарымсыз жардам акчалар келет, бирок алардын каякка кетип жатканы белгисиз. Азыр бизге, калкка эң керектүүсү дары-дармектердин баасынын көзөмөлгө алынышы болуп жатат. Эки башка дарыкананын бааларында 30 пайыздык айырма бар. Туура, жеке менчик өзү каалаган бааны коюп жатат, бирок жок дегенде 15 пайыздык кошуу болуусу керек эле. Учурда дары-дармек тарабынан мамлекеттен эч кандай жеңилдиктер жок. Эң көп пенсиясы 5-6 миңге жеткен карапайым пенсионерлер дары-дармектерге көп муктаж болот. Алар үчүн мыйзам боюнча 5 пайыздык женилдик бар, бирок бардык эле дарыканада ал мыйзам иштей бербейт.

Толгонай КАРИМОВА, Сузак районунун тургуну:

“ЖЕҢИЛДИК ЖЕ КӨЗӨМӨЛ БОЛУШУ ШАРТ”

-Өзүм ден соолугум начардыгынан үчүнчү топко чыкканыма беш жыл болду.  Жыл сайын ооруканага жатып турам. Жалгыз бой энемин. Ошентсе да кудайга шүгүр кылам, дары-дармектерге каражатым жетет, өзүм иштеп табам. Мен ичкен дарылардын бирөөсүнүн эле орточо баасы миң сомду түзөт десе болот. Көп дары ичип, дарыканаларга көп каттайм. Жеңилдиктер жөнүндө укпаптырмын. Жалпы эле ала турган болсок, бизде майыптык топтогулардын алган ай сайынкы пенсиясы дары-дармектерине жана башка ден соолукка керектүү каражаттарга жетпейт. Айрым жакыр үй-бүлө, жардамга муктаждар кыйналып калса керек. Анткени өзүм көп каттап жүрүп  дарылардын кымбаттагандан кымбаттап бараткандыгын жакшы билем. Жеңилдик жаратыш керек же бааларды көзөмөлгө алып, чектеш керек. Эл арасында Кыргызстанда дары жасалбайт, баары чет мамлекеттен алынып келингени үчүн кымбат деген да кептер айтылат.

Иляз ИРКЕЕВ,  каридиолог-врач:

“ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫ САТЫП АЛБАЙ, ДАРЫГЕРДЕН КЕҢЕШ АЛЫШ КЕРЕК”

-Кээ бир адамдар ооруп калса өз алдынча дарыланып баштайт. Мисалы, баш оору же башка бир оору үчүн өз алдынча билген дарыңды алып ичкениң менен, ал дары ден соолукка башка тараптан зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Ошондуктан дарыгер, врачтар адамдын ден соолугун, саламаттыгын баарын карап, эсепке алуу менен дарыларды сунуштайт. Ал эми бизде айрым адамдар бар, дароо эле дарыканага чуркайт. Мындайда баары эле эмес, бирок айрым фармацевттер бар, дарыгер болуп чыга келишет. Кайсы жери ооруп жатканын айтса, бул дарыны алсаңыз болот деп сунуштап баштайт. Ал дары мүмкүн бейтаптын организмине туура келбестир. Албетте бул учурда жарандар өз ден соолуктарына жоопкерчиликтүү мамиле кылып, бир ооз дарыгерден кеңеш алып койгону дурус. Ошондой эле Россия жергесиндеги дарыканаларда врачтын рецеби жок дары сатпайт деп да укканмын. Ал эми “врачтар дарыканалар менен бонуска иштешет” деген сөз боюнча сурап калдыңыз. Ал бардык эле жерде эмес. Мисалы, мен иштеген ооруканада бонус системасы боюнча такыр иштешпейт, жетекчилик да жол койбойт, врачтар да каалабайбыз. Анткени дары-дармек менен толук камсыз кылынат, зарылчылык жок.

ЖЕКЕ МЕНЧИК ДАРЫКАНАЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Өз атын жана иштеген жерин жашыруун бойдон калуусун суранган фармацевт жеке менчик дарыканалардын ишмердүүлүгү боюнча төмөндөгүлөрдү айтты.

Ооба азыр жеке менчик дарыканалар көп, анткени мамлекеттик дарыканалар аз, ал эми биз элди дары-дармектер менен камсыз кылышыбыз керек. Дарыканалар саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы “Медициналык техникалар жана дары-дармектер менен камсыздоо” департаменти тарабынан текшерилет. Аталган департамент дарыканалардын бардык ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алат, керектүү учурда лицензиясынан ажыратат. Түштүк бөлүмү Ош шаарында жайгашкан. 6 айда бир жолу айттырбастан келип, бардык дары-дармектерди текшерет. Анткени дарыканалар саткан ар бир дарысы үчүн уруксат кагазын алат, ал жок болсо сата албайт. Туура алар бааны көзөмөлдөй албайт, бирок баадан башка баарысын көзөмөлдөйт жана эрежелерди катуу сакташат. Андан сырткары салык кызматы бар. Дарыкана ар бир саткан дарысы үчүн кошумча нарк салыгын төлөйт. Мисалга, 160 сомдук бир дары сатсам, анын 11 %ын салыкка төлөйм. Эгерде бааны ансайын жогорулатсам, салык да жогорулап жатпайбы, андыктан жеке менчик дарыканалар 15 %га чейин гана кошот.  Дарыканада ар бир дары канча сомго келип түшкөнү тууралуу кагаз-документи бар, андыктан дарыканалар өз алдынча эле кымбат бааны коюп сата албайт.

P.S Жогоруда айтылып, козголуп кеткен маселе боюнча баш катырган медицина тармагы да бар. Алар ФОМС жана дары-дармектер менен камсыздоо департаменти алардын жообу кандай болот?  ФОМСтун Жалал-Абад территориялык башкармалыгы тарабынан сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, бейтаптардын укугун коргоо жана дарыканаларда жеңилдиктерди жаратуу үстүндө аткарылган иштери тууралуу окурмандарга маалымат берүүнү туура көрдүк. Кийинки санда, жарандар дары сатып алууда кандай жеңилдиктерге ээ болот, жеңилдик берилбеген шартта кантип укугун коргойт, Жалал-Абад областында кайсыл жерден арзан жана сапаттуу дары-дармектерди сатып ала алышары тууралуу маалымат беребиз.

 

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

 

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17