Аймак

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү” партиясынын негиздөөчүсү, ЖК депутаты: “Айтылган идеялар, убада кылынган жумуштар сөзсүз ишке ашып, өнүгүү болуп жаткандыгын далилдеш керек”

 2,260 Бардыгы /

— Бакыт Эргешович, кыргызда “Аккан арыктан суу агат” деген жакшы сөз бар. Сиздин атаңыз да элге таанымал инсандардын бири. Сөзүбүздү сиз чоңойгон үй-бүлөдөн баштасак?

— Менин бала чагым, үй бүлөбүз тууралуу сөз болгондо эртедир-кечтир иш менен алек болгон атам көз алдыма тартыла калат. Үй бүлөнү турмуштун бекем пайдубалы дей турган болсок, атам анын кебелбес түркүгү болуп келгенин тана албаймын. Атам өмүр бою чоң кызматтарда жүргөнү менен, мансабына манчыркап, балдарынын башкалардан артыкча болуп өсүшүн каалаган эмес. Биз деле көптүн бириндей турмуш кечирип, өзүбүздүн маңдай терибиз менен тапкан наныбызга кайыл болуп чоңойдук. Атам бизди эң оболу эмгекке үйрөттү. Билим алууга үндөдү. Талапты катуу коёр эле. Атамдан коркконумдан апамдын артына жашынганым бүгүн да эсимде. Өзү дагы талбай иштеп, үзүрүн көрүп келет. Өлкөбүздүн түштүк аймагын электр энергиясы менен камсыз кылуунун тарыхы атам Эргеш Төрөбаевдин ысымы менен тыгыз байланышта десем жаңылышпаймын. Себеби, тээ 70-жылдарда түштүк аймагында энергетика тармагын башкаруу системасын түзүүгө, алыскы айылдарга электр энергиясын жеткирүүгө чоң салымын кошкон. Ошол Союздун учурундагы ар бир короо-сарайды, пахта талааларындагы шыйпаңды электр энергиясы менен камсыз кылууда атамдын кажыбас эмгегинин акыбети бар. Ошондуктан, атам бийликтин, элдин ишенимине арзып, өз учурунда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган. “СССРдин энергетикасынын отличниги”, “Кыргыз Республикасынын жана КМШнын эмгек сиңирген энергетиги”, III даражадагы “Манас” орденинин ээси болгон. Бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда болгону менен коомдун активдүү өкүлү катары энергетика тармагында болобу, жалпы саясый-экономикалык абал тууралуу болобу өзүнүн калыс, аксакалдык сөзүн айтып келет. Биз беш бир тууганбыз. Азыр баарыбыз өз алдынча үй бүлө күтүп, өз кесибибиз менен элге кызмат кылып келүүдөбүз. Атанын үй бүлөдөгү орду канчалык экенин өзүң ата болгондо сезет экенсиң. Атабыз бизди эмгекке үйрөткөндөй, мен дагы төрт уул, бир кызды элдин керегине жарай турган уул-кыздардан болгула деп тарбиялап жаткан кезим.

— Саясатка аралашып, кыргыз элинин жүгүн көтөрөм деген адамдар өзүнүн бала чагын суктануу менен эскеришет. Сиздин бала чагыңыз кандай өттү?

— Мени көпчүлүк чоң кызматта иштеген, майлуу-сүттүү жашаган адамдын баласы катары ойлошот. Чындыгында андай эмес. Менин бала чагым айрымдарга таң калыштуу болсо керек. Балалык кезимди эске түшүргөндө тагдыры татаал каармандары бар жомокко окшоштурам. Мен 11 жашка толгондо апам Мариям бул дүйнөдөн өттү. Ошол күндөн тартып 11 жашка толгон Бакыттын жашоосунда эң аянычтуу учур башталды. Апанын ордун эч ким толтура албайт экен. Бир учурда “Акчам көп болгондо апамды сактап калмакмын” деген сөздү айттым эле, аны атам угуп алып көзүнө жаш алыптыр. Жетимдиктин катаал күндөрүн башымдан кечирдим. Бир агамдын үйүнөн экинчи агамдын үйүнө барып жашап, алардын тарбиясын алдым. Атам жооптуу кызматта иштегендиктен, ал эртең менен жумушка кеткенин, кечинде үйгө келгенин көрбөй калчумун. Элестетсеңиз, 11 жаштагы баланын таңкы саат алтыда туруп, Жалал-Абад шаарына жөө жөнөгөнүн. Биз жашаган айыл менен шаардын аралыгы 20 чакырымды түзөт. Мектепти көздөй баратканда, кайра үйгө кайтканда ар дайым апамды жоктоп, аны эстечүмүн. Мына ушундай тагдыр мени абдан чыйралтып, турмушка бышырды десем болот. Эр жетип чоңойгон кезимде дагы атамды сөзгө калтырбайын деп, анын атын жамынып, иш кылганым жок. Мени атасынын байлыгы менен ушул деңгээлге жетти дегендер жаңылышат. Жалал-Абад шаарында “Жалал-Абад” минералдык суусу ошол кезде айнек бөтөлкөдө чыкчу. 18 жашымда заводдон сууну алып, авто бекетке алып барып сатчумун. Бизнесимдин фундаменти минералдык суу саткандан түптөлгөн.

— Сиз айрым саясатчыларга караганда тактыкты, принципти талап кылган жетекчисиз. Бул сапатты кайдан үйрөндүңүз эле?

— Мен бир жыл Суворов атындагы аскердик училищасында окудум. Мына ушул окуу жайы мени тыкандыкка, принципке турганды, тартипке, тактыкка тарбиялады. Жоопкерчиликти сезүүгө, милдетти так аткарууга көнгөнмүн. Кыргыз баласы ар бир жасаган ишине жоопкер болуп, өз милдетин так аткарып келет эмеспи. Үй бүлөлүк тарбия дагы мени чынчыл болууга үйрөткөн. Атам талапты катуу койчу эле.

— Аскер окуу жайын эмне себептен таштап кеттиңиз?

— Ал окуу жайда 1 жыл окуганымдан кийин улуу агам Баатыр армиядан келээри менен “Сен аскер адамы болбойсуң!” деген бир ооз сөз айтты да, мени окуудан чыгарып алып, айылга алып кетип калды. Агамдын бир ооз сөзү менен аскердик окуу жайын таштадым. Эгер Баатыр агам “Окуй бергиниң” деп окуу жайда калтырганда, бүгүн мен аскер адамы болуп калмакмын.

— Эл өкүлү биринчи мугалими ким болгонун эстей алабы?

— Биринчи мугалимимди кантип эстен чыгарайын. Мектеп босогосун аттаганымда, “А” тамгасын тааныткан адам Красникова Нина Васильевна болгон. Ал кишинин биз менен саламдашканы, камкордугу азыркыга чейин эсимде. Агартуучулук тармактын азыркы көйгөйлүү маселелери биздин кетирип жаткан катачылыктарыбыз деп эсептейм. Түйшүктүү, катаал кесиптин ээлери болгон мугалимдерге көмөк көрсөтө албай жатканыбызга кээде өкүнөм. Биздин партия акырындык менен айтылган маселелерди чечүү үчүн атайын программа иштеп чыгып, аны иш жүзүнө ашырууга аракетин баштады. Жакында эле Кара-Көл шаарында 24 батирлүү үйдү эл менен чогуу бүтүрүп, жашоочуларга ачкычын тапшырдык. Мени ошол жерде 37 жыл мугалим болуп иштеп, биринчи жолу өз үйүнө ээ болуп жаткан эженин көзүнө жаш ала кубанганы абдан таасирлентти. Ага чейин Чүй облусундагы Александровка айылынын дунган улутундагы эл үчүн кыргыз тилинин курстарын ачкан элек. Билим берүү тармагын бүгүнкү күндүн талабына жооп бере тургандай деңгээлге көтөрүү аракетин көздөп, “Өнүгүү” фонду балдар жана мектеп окуучулары үчүн 2014-жылы 5 долбоорду пландаштырды. Кудай буйруса анын баары ишке ашат.

— Кийинки жылы аткарыла турган долбоорлорду сөз кылып кеттиңиз. Бул жылы “Өнүгүү” партиясынын багыттары канчалык деңгээлде ишке ашты?

— Мен табиятымдан популисттик чакырууларга каршымын. Элге көмөк көрсөтүүдө популисттик чакыруу менен эмес, реалдуу иш менен далилдеш керек. “Өнүгүү” партиясы да реалдуу иштөөнү тандап алган. Биздин башкалардан айырмаланганыбыз ушул багытыбыз болушу керек деп ойлойм. Ошондуктан ар бир таштаган кадамыбыз, эл үчүн деп баштаган ишибиз натыйжалуу болушун каалайбыз. Айтылган идеялар, убада кылынган жумуштар сөзсүз ишке ашып, өнүгүү болуп жаткандыгын далилдеш керек. Жалгыз адам эч нерсеге жетише албайт. Андыктан мен дагы айткандары, жасаган иши төп келген адамдар менен биригип, команда түптөгөм. Жаш болсок да бир топ иштерди аткарганга жетиштик. Республика боюнча 8 МТСтерди түздүк. Бул МТСтер 15 миң үй бүлөгө кызмат көрсөткөнгө жетишти. 7 миң үй-бүлөнү акысыз медициналык кароодон өткөздүк. Спорт тармагында бир топ ийгиликтерди жараттык. “Жаңы муун” спорт клубун ачып, 500дөн ашык спортчуну бокс жана эркин күрөш менен машыктырып жатабыз. Келерки жылга дене тарбиясын өнүктүрүүнү, улуу курактагы адамдар үчүн дене тарбия борборлорун- бассейиндерди, спорт залдарды, фитнес клубдарды, лыжа базаларын өнүктүрүүнү пландаштырганбыз.

— Азыр сиз саясат менен кайнабастан, социалдык, агартуучулук тармактарда өзүңүздүн көмөгүңүздү элге көрсөтүп келе жатасыз. Бүгүнкү ийгилик эртеңки өнүгүүгө максаттарды бекемдейт эмеспи. Эртеңки келечекке кандай пландар менен кирели деп турасыз?

— Ооба, биз жасап жаткан жумуштардын натыйжасы, бизди эртеңки келечекке карай ишенимдүү кадам таштаганга шыктандырды. Биз азыр таза суу багытында дагы аракеттерди баштайлы деп турабыз. Саясат менен алпуруша бербей, өлкөбүз, элибиз үчүн иштей турган өзүбүздүн планыбызды иштеп чыктык. Айыл чарба тармагында иштелбей жаткан жерлерди иштетүү, көрсөтүлгөн кызматтын баасын төмөндөтүү үчүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарында МТСтерди ачууну көздөп жатабыз.Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү” партиясынын негиздөөчүсү, ЖК депутаты: “Айтылган идеялар, убада кылынган жумуштар сөзсүз ишке ашып, өнүгүү болуп жаткандыгын далилдеш керек”
Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү” партиясынын негиздөөчүсү, ЖК депутаты: “Айтылган идеялар, убада кылынган жумуштар сөзсүз ишке ашып, өнүгүү болуп жаткандыгын далилдеш керек” Кайра иштетүү өнөр жайы жарытылуу иштебей жатканы мени гана эмес, бүтүндөй мекендештерди өкүндүрүүдө. Бул багытта картошка, сүт продукциясы, алма, эт үчүн айыл чарбалык кайра иштетүү заводдорун ачалы деген максаттабыз. Ушул максатыбыз ишке ашса, айыл чарбасына кандайдыр бир тирөөч болуп, жарандарыбыз жумуш менен камсыз болмок. Жеке-мамлекеттик өнөктөштүктүн негизинде 50 завод курууну планыбызга киргизгенбиз. Мында 10 миң жаран иш менен камсыз болот же бизнесте иштей алат. Социалдык тармакта эмгектенип келаткан катмар үчүн турак жай маселеси көйгөйдү жаратканын баарыбыз эле көрүп турабыз. Бул түйшүктү жеңилдетүү үчүн өлкөбүздүн чакан шаарларында 800 үй бүлө үчүн 2 бөлмөлүү квартираларды куруу планы каралган. Мен сөз кылып жаткан долбоорлор айрым саясатчыларга популисттик чакыруу болуп сезилиши мүмкүн. Биз бул иштерди аягына чыгабыз деген максат менен баштап жатабыз. Кыргыздар “көз коркок, кол баатыр” деп коёт. “Өнүгүүнү” жаңыдан түптөп, айыл чарбасына жардам берүүнү тандап алганымда “Бакыт туура эмес багытты тандап алдың” деп айткандар болгон. Мына эми менин тандап алган багытым туура экенин турмуш өзү далилдеди.

— Элдин лидери болуш үчүн карапайым турмушту жакшы билиш керек дешет. Сиз элди аралап жөө басып, дыйкан менен кошо колуңузду чаң кылып, эмгек талаасында чай ичип жатып баарлашкансызбы?

— Мен жаш кезимде апамдан айрылып, жетимчиликтин оор тагдырын башымдан өткөзүп, турмуштун ысык-суугуна бышып чоңойдум. Карапайым турмушту жакшы түшүнөм. Ошондон болсо керек, эл ичинде болгондо ар дайым жөнөкөй олтуруп, маектешкенди жактырам. Колума кетмен кармап талаада иштеген күндөрүмдү кээде сагынып кетем. Быйыл жаңы техникалар менен түшүм жыйнадык. Ошондо деле талаа четинде олтуруп алып чай ичип, карапайым эл эмне жесе ошону жеп, сиз айткандай чаң болуп чогуу жүрдүм. Элге жакын болуп, элдин түйшүгүн угуп эмес, аны өз көзүм менен көрүп, эмгектин даамын татканды жакшы көрөм.

— Тарыхты баалай билген адам гана улуу ийгиликтерди багындыра алат деп айтышат. Тарых жаатында кандай иш-чараларды аткарып жатасыз?

— Туура, маданияты, тарыхы жок эл болбойт. Акыркы мезгилде бабаларыбыз басып өткөн тарыхты барктай албай жатканыбыз өкүнүчтүү болууда. Биздин “Өнүгүү” фонду билим берүү менен тарых жаатына өз салымын кошуп жатат. Азыр өсүп келе жаткан муун тарыхый инсандарыбызга караганда Батыштын, Чыгыштын тасмаларындагы каармандарды жакшы таанышат. Биз муну менен күрөшүп жатабыз. Тарыхый улуу инсандарды, каада-салттарды, улуттук буюмдарды дегеле тарыхыбызды сүрөт менен чагылдырып, жаш балдарга аны боёп үйрөнүү үчүн атайын китепчелерди даярдадык. Жаш муун сүрөттөгү каармандарды боёп жатып, өздөрүн ошол каармандай сезип, кыргыздын тарыхын аз-аздан болсо да жаш кезинен үйрөнө башташат.

— Кыргыздын карт тарыхын, өзүңүздүн келечекке карай арналган пландарыңыз туурасында буйруса жаңы жылда узун сабак кеп кылаарбыз. Кирип келе жаткан жаңы жылда эли-журтуңузга кандай каалоо-тилектерди айтаар элеңиз?

— Кыргыз эли ар бир жаңы нерсени, жаңылыкты жакшылыкка жоруп койгон. Кирип келаткан жаңы жылда Жараткан өзү Кыргызстаныбызга, эли-журтубузга оомат-дөөлөттү, ынтымак менен ырыскы-ырашкерликти ыроолосун. Жашообуз жаңы кадам менен башталып, жаркыраган келечекке ийгилик, жаңы идея, аракет менен өнүгүүлөрдү жараталы. Элибиз ынтымактуу, жергебиз бейпил болсун.

Маектешкен Наралы Асанбаев “Жаңы Ордо”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17