Аймак

К. ЖОЛДОШОВ: “РЕЗОНАНС ЖАРАТКАН КЫЛМЫШТАРДЫН БЕТИ АЧЫЛДЫ”

К. ЖОЛДОШОВ:  “РЕЗОНАНС ЖАРАТКАН КЫЛМЫШТАРДЫН БЕТИ АЧЫЛДЫ”

 3,510 Бардыгы /

 

– Кылычбек мырза, ар квартал аралыгындагы болуп өткөн иштер тууралуу отчет берип, аткара турган максаттар алдыга коюлат эмеспи. Айтсаңыз артта калган үч ай аралыгы кандай жыйынтыкталды, катталган кылмыштуулуктун абалы кандай?

 

-Үстүбүздөгү жылдын апрель айында ыкчам кеңешме өткөрүлүп, анда областтык ички иштер органынын (ИИО) өздүк курамынын 2019-жылдын 1-чейрегинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүктөрүнүн абалы каралды.

Жалал-Абад областынын аймагында кылмыштуулуктун алдын алууда, катталган кылмыштардын бетин ачууда жана коомдун, жарандардын коопсуздуктарын камсыздоодо, Кыргыз Республикасынын Президентиннин Жарлыктарынын, Өкмөттүн токтомдорун, КРдин Коопсуздук кеңешинин чечимдерин, ИИМдин буйруктарын, буюртмаларын жана коллегиянын чечимдеринин талаптарын аткаруу максатында областтык ИИОнун өздүк курамы өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана талаптарды так аткарышып, анын негизинде быйылкы жылдын 1-чейрегинде областтын аймагында жалпы криминогендик кырдаал жана коомдук-саясий абал туруктуу бойдон сакталып турду.

2019-жылдын 1-январынан автоматташтырылган маалымат системалары боюнча Кылмыш жана Жоруктардын  Бирдиктүү Реестри жана Бузуулардын бирдиктүү реестрлерин ийгиликтүү түрдө ишке киргизүү максатында КРдин ИИМнен жалпы 131 даана (КЖБР жана ББРне – 21, тергөө кызматтарына – 74, ЖЖИББга – 36) компьютерлер келип, учурда ОИИБдин борбордук аппаратында жана ШРИИБде компьютерлер бирдиктүү реестрлерге уланып, алгылыктуу иштер алып барылууда.

Ал эми ишмердүүлүк боюнча токтоло кетсем, Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык Кодексинин  5-беренесине ылайык, 2019-жылдын 3 ай ичинде электрондук маалыматтарды каттоо журналына (ЭМКЖ, ЖУИ) жалпы – 2915 маалымат катталып, кылмыш жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) – 2206 маалымат которулган. Анын ичинен 1246 кылмыш жана 1045 жоруктар катталган.

Катталган кылмыштардын бетин ачуу пайызы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-чейрегинде тергөө кызматтарынын жана жоруктар боюнча бөлүмдөрүнүн өндүрүшүндө жалпы 1904 сотко чейинки өндүрүш иштери болуп, анын ичинен 641 сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча чечимдер кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Генералдык Прокуратурасынын статистикалык отчетунда көрсөтүлгөндөй кылмыштын бетин ачуу пайызы 33,6%ти түзүп, бул багытта жалпы республиканын аймагында алдыңкы орунга жетиштик.

– Жалпы коомчулукка жар салынып, үстүбүздөгү жылы жаңы кодекстер да ишке кирген эле. Бул боюнча натыйжа кандай болууда?

-Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, республикабыздын аймагында 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы мыйзамдар жана кодекстер күчүнө киргизилип, бул багытта өздүк курам арасында 3 ай ичинде жалпы 69 жолу теориялык (234 лекция), 5 жолу практикалык сабактары жана 78 семинарлар өткөрүлдү. Жыл башынан өздүк курамдын кесиптик-даярдыктары боюнча тематикалык иш-мерчемдеринин негизинде жаңы мыйзам жана кодекстерди окутуу жадыбалдары бекитилип, ар жуманын 3 жана 6-күндөрү теориялык сабактар өткөрүлүп келүүдө. Ошондой эле башкармалыктын 11.01.2019-жылдагы №4р сандуу “Алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү жөнүндө”  буюртмасынын негизинде областтын аймагында бардык айыл-кыштактарда, мекеме-ишканаларда, окуу жайларда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөр, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, прокуратура жана аксакалдар сотторунун катышуусунда өткөрүлгөн 411 элдик жыйындарда, коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир өткөрүлгөн иш-чаралар жалпыга маалымдоо каражаттарынан чагылдырылып келүүдө.

Жаңырган жыл башынан тарта өткөрүлгөн иш-чаралар, милиция менен элдин ортосун жакындатуу жаатында маалымат бере кетсеңиз?

-Президентибиз С.Ш.Жээнбековдун «2019-жыл  – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, КРдин Ички иштер министри, милициянын генерал-майору К.А.Джунушалиевдин демилгесинин негизинде ушул жылдын 20-мартында башкармалыктын имаратында «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жарандарга мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борборун ачууга жетиштик.  Бул тутум ишке киргизилиши менен ИИОдо коррупциялык терс көрүнүштөргө аз болсо да бөгөт коюлуп, жарандарга мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүдө милиция кызматынын дарегине айтылган ар кандай сын-пикирлердин алдын алып, жарандардын милицияга болгон ишенимин арттырып, алардын кылмыш жоопкерчилигине тартылган-тартылбагандыгы, өлкөнүн аймагында соттолгон-соттолбогондугу тууралуу, кооптуу жүк ташыган унааларга лицензияларды жана башка маалым каттарды берүү багытында кызмат көрсөтүүдө. Мындан сырткары Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын элинин көйгөйлөрүн жеринде чечүү жана милиция менен элдин биримдигин бекемдөө максатында ОИИБи тарабынан демилге көтөрүлүп, анын негизинде аталган айыл аймактын короосуна «Saferworld» толеранттуулук фондунун демөөрчүлүгү менен бирге жалпы 1 млн. 152 миң 569 сомго коомдук алдын алуу борбору ачылды.

– Облус аймагында жыл башынан бери коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын жыйынтыгы кандай болууда?

-Областтын аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачууда өздүк курамдын тажрыйбаларын өркүндөтүү, күжүрмөн-даярдыктарын жана кесиптик-чеберчиликтерин жогорулатуу максатында 3 ай ичинде өздүк курамды 30дан ашуун жолу күтүүсүз айгай менен көтөрүп, текшерүүлөр жүргүзүлүп келүүдө. Анын негизинде областтын аймагында катталган резонанс жараткан 7 кылмыштын өз убагында бетин ачууга жетиштик. (Мисалы: Ноокен районунда – жаш баланы уурдап өлтүрүү фактысы, Жалал-Абад шаарында – адам уурдоо, ок атуучу курал жана ок дарыларды мыйзамсыз сактоо, уурулук фактылары, Сузак районундагы – каракчылык жана Базар-Коргон районундагы – каракчылык, мектеп окууучусун зордуктоо фактысы).

-Уюшкан кылмыштуу топтор, алардын ички тиреши, коомчулукка таасири тууралуу эмне айта аласыз? Бул жаатта кандай иштерди алып баруудасыздар?

-Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында тийиштүү кызматтар тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө жана жетекчилик тарабынан ар дайым катуу талаптар коюлуп, көзөмөлдөнүп келет.

Ушул жылдын 5-февралында Сузак районунун Чангыр-Таш айылынын тургуну, 1988-ж.т. Т.Ы.Ж. аттуу уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү мыйзамсыз ок атуучу куралды сактагандыгы үчүн кармалган.

Бүгүнкү күндө областтын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун жалпы 55 мүчөсү каттоодо турат, бирок каттоодо турган даректеринде жашабайт. Ал эми келип-кеткендери боюнча такай көзөмөлгө алынып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Ошондой эле жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №10 түзөтүү колониясы  Жалал-Абад шаарынын борборунда жайгашкандыктан  анын кызматкерлери менен ыкчам маалымат алмашуу багытында тыгыз байланышта иштер жүргүзүлүп турат. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 2018-жылдын декабрь айларында №10 түзөтүү колониясында Жалал-Абад ШИИБдин жана ЖМАКтын кызматкерлери биргеликте көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктун текшерген учурда, Ноокен р. Арал а.т., 1976-ж.т. (айылдык кеңештин төрагасы) Ө.А.А. аттуу жарандын шымынын чөнтөгүнөн гашиш баңги заты табылып алынган. Бүгүнкү күндө мындай ыкчам-иликтөө иш-чаралары тынымсыз улантылып келүүдө.

– Кызматкерлерге көп жоопкерчилик жүктөлүп, күнү-түнү жумуш менен алек болуп жүрүшкөнү менен эл ичинде милициянын дарегине сын пикирлер да айтылып келет… Буга эмнелер негиз болууда деп ойлойсуз?

-Ооба, арабызда өзүнүн кесиптик милдетин толук аңдап биле албаган, жалпы милициянын аброюна шек келтирген кызматкерлер жок эмес. Бирок «Беш кол тең эмес» дегендей, азыркы учурда кызматкерлердин ар бир кадамы интернет булактарынан жарыяланып, коомчулук арасында түшүнбөстөн туруп талкууланып, ар кандай туура эмес сын пикирлер айтылган учурлар дагы кездешүүдө. Ал учурда ошол факты боюнча өз убагында коомчулукка туура маалыматтарды жеткирип, терс сын-пикирлердин алдын алып келебиз. Кылмыш жообуна тартылган кызматкерлердин арасында жаңылышып, ак жерден кара болуп калган кызматкерлерибиз дагы бар. Ал эми коомчулуктун милицияга болгон сын-пикирлеринин жаралуусу  бул элге жаңы мыйзамдар жана кодекстер боюнча түшүнүктөр толук кандуу жеткирилбегендигинен деп ойлоймун.

Учурда коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып барган милициянын участкалык өкүлүнө (уполномоченныйларына), жаңы мыйзамдар жана кодекстер боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча талаптар коюлуп, коомчулукка өздөрүнүн отчётторун берген учурда гана маалыматтар жеткирилүүдө.

– Милиция кызматкерлеринен деле кээде тартип бузгандары болот эмеспи, андай учурларда кандай чаралар көрүлөт?

-Жаңырган жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилген жаңы мыйзам жана кодекстер боюнча өздүк курамга байма-бай окутуп-үйрөтүү сабактарын өткөрүп, чегеримдер алуу, ИИОдо коомдук-түзүлүштөрдүн ишмердүүлүктөрүн күчөтүү жана катуу көзөмөлдөөнүн негизинде быйылкы жылдын 1-чейрегинде өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузуулардын саны -24кө (144 – 168) кыскарды. Ошондой эле 1-кварталда кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн 13 (4) кызматкер ээлеген кызматынан четтетилип, 2 (8) кызматкер ички иштер органынан толугу менен бошотулду. Ар бир мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузуулар боюнча КРдин ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

– Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын ардагерлери менен кызматкерлердин байланышы кандай?

-Областтын аймагында жалпы 694 ардагер бар. Ар бир район-шаарларда ардагерлер кеңештери бар, алар менен ар дайым тыгыз байланышта иш алып барылып, ИИОго жаңыдан кызматка дайындалган кызматкерлерге буйруктун негизинде насаатчы болуп бекитилип, жаш кызматкерлерге өздөрүнүн кызматтык тажрыйбаларын үйрөтүп, жеке тарбиялоодо чоң салымдарын кошуп келишет. Андыктан тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз десем жаңылышпайм. Ардагерлерибизди унутта калтырбай, аларга ар дайым сый- урмат менен мамиле жасап, өзгөчө көңүл буруу максатында юбилейлик куракка жеткен ардагерлерди сыйлоо иш-чараларын уюштуруп келүүдөбүз. Тактап айтканда 70 жаш куракка жеткен – 5 ардагерге, 75 жаштагы – 1 ардагерге, 80 жаш курактагы – 2 ардагерге медалдар тапшырылды.

Ардагерлерди медициналык жактан тейлеп, ден соолуктарына кам көрүү максатында КРдин Ички иштер министри, милициянын генерал-майору К.А.Джунушалиевдин 2018-жылдын май айында Жалал-Абад областына болгон иш-сапарында койгон талаптарын ишке ашыруу багытында  ОИИБдин медицина кызматынын алдында  атайын 10 адамга  ылайыкташтырылган жатып дарылануучу бейтапкана ачылган. Бул багытта ОИИБдин медициналык кызматы тарабынан областтын аймагындагы бардык  ардагерлер медициналык кароодон өткөрүлүп, 70 оорулуу ардагер дары-дармектер менен камсыздалып, бейтапканага жаткырылып дарыланды. Ал эми алыскы район-шаарларда жашаган жана дарылануу үчүн Жалал-Абад шаарынын борборуна келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон ардагерлерди шаарга алып келип дарылатып, үйлөрүнө жеткирүү жагы ШРИИБдин жетекчилерине милдеттендирилип, учурда ардагерлерди толук дарылатуу иштери улантылууда.

 

Акылай Карабаева, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17