Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ФИЛИАЛ ОАО “ОПТИМА БАНК” В ГОРОДЕ ЖАЛАЛ-АБАД РЕАЛИЗУЕТ:
ЖЕР АЯНТЫ АУКЦИОН АРКЫЛУУ ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ БЕРИЛЕТ.
Аукцион
Бешик-Жон айыл өкмөтү төмөнкү ваканттагы административдик муниципалдык бош кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абадское областное управление Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики объявляет конкурс на следующие вакантные административные государственные должности:
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн администрациясы административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КУРМАНБЕК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БОШ АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРДУНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ТЕНДЕР
ШАЙДАН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК АДМИНИСТРАТИВДИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Көк-Жаңгак шаардык мэриясы төмөнкү административдик муниципалдык бош кызмат орундарга СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
“Талдуу-Булак айыл аймагынын Кекилик жайытындагы мал суу ичүүчү жайды капиталдык ремонттоо” кичи долбооруна ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
«Приобретение корма и сено дробилки для обеспечение кормовой базы Моголского ОПП» кичидолбооруна ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
КУРМАНБЕК АО ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
“Акман айыл аймагынын ЖПБне кой жуучу жайды капиталдык ремонттоо” кичи долбооруна Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
СУЗАК РАЙОНУНУН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
“Могол айыл аймагынын ЖПБне боз үй сатып алуу” кичи долбооруна ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
“Талдуу-Булак айыл аймагынын Казган-Булак булагындагы мал суу ичүүчү жайды капиталдык ремонттоо” кичи долбооруна ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ
“Акман айыл аймагынын ЖПБне боз үй сатып алуу” кичи долбоорун ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ

АЛЫМКУЛ ЫСАКОВ: «ТУРМУШ ӨЗҮ — ТЕАТР. А БИЗ, АДАМДАР, — АНДАГЫ АКТЕРЛОРБУЗ!»

АЛЫМКУЛ ЫСАКОВ: «ТУРМУШ ӨЗҮ — ТЕАТР. А БИЗ, АДАМДАР, — АНДАГЫ АКТЕРЛОРБУЗ!»

237 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

 

Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры эки жылдан кийин жетимиш беш жылдыгын белгилейт. Ушул тапта театр жамааты элет жергесин чекесинен кыдырып, драматург Гүласал Алиеванын «Турмуш шапалагы» спектаклин үстөккө-босток тартуулап жатат. Жакында айтылуу Алымбек Датка жөнүндө «Алай жолборсу» драмасын дагы көрөрмандар сынына коймокчу. Аталган театрдын бүгүнкү оош-кыйышы жөнүндө жаңы жетекчи, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алымкул ЫСАКОВ менен кабарчыбыз кеңири маек курду.

— Алымкул мырза, Ош шаарындагы облустук куурчак театрын жетектеп жүрбөдүңүз беле. Жылаан чакпай, жылкы теппей, неге калаадан моминтип элетке баса бердиңиз?

— Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын мурунку директору — актер, режиссер Жалил Жусуповду маданият, маалымат жана туризм министрлиги ротациялык негизде Оштогу облустук куурчак театрынын жетекчилигине дайындады. А мага дагы чоң ишеним артышып,  Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын башчылыгын ыроолошту. Ошентип, кийинки жылдарда элетте эле иштесем, аймактын маданиятын жана театр өнөрүн көтөрсөк деген изги тилегим моминтип күтүүсүздөн орундалып олтурат.

 — Сиз азыр жетектеп жаткан Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын тээ Союз маалында эле аты Алайга, даңкы далайга кетпеди беле?

— Ооба. Бул сахнада убагында Мурза Гапаровдун «Туздуу чөл», Мар Байжиевдин «Окуя», Бексултан Жакиевдин «Саадат какты», Токтоболот Абдымомуновдун «Алдар көсөө» спектаклдери чоң аншлаг менен коюлган. Мындан тышкары Өзбек драматургдары Шарап Болобековдун «Темир катын», Холик Курсонтовдун «Өлдү. Азыр билдик!», «үркүнбай үйлөнөт имиш» аттуу комедиялары көрөрмандарыбыздын чоң кубаттоосуна арзып, Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры «Комедия атасы» деген наамга дагы арзыган.

  — Сиздердин ушул даражага жетишиңиздерге кээ бир кесиптештериңиздердин дагы салымы зордур?

  — Ооба. «Атын атасаң, куту сүйүнөт» эмеспи. Бул деңгээлге көтөрүлүшүбүзгө Мамат Жакыпов, Токтогул Ажибаев, Байыш Оморов, Фарида Маматниязова, Медербек Ниязалиев, Адылбек Дыйканбаев өңдөнгөн залкарлардын мээнети абдан эле чоң. Убагында бул сахнада СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкеева спектакль коюп, а Дилдекан Ажибаева менен Дүйшөнбек Байдөбөтов роль дагы аткарышкан.

 — Азыр деле таланттардан куру эместирсиздер?

— Жамил Жусупов, Нуркамил Мамаев өңдөнгөн режиссерлорубуз, башкы сүрөтчүбүз Чыныбек Козукеев дагыле камчы салдырбастан иштеп жатышат. Ал эми актер менен актрисаларыбызды чекесинен мактасам, күн батпайт дагы, таң атпайт. Баары тең минтип жылуу кеп кылууга толук татыктуу.

— Деги Сиз «Эл мурдагыдай театрга барбай калды» дегендерге кошуласызбы?

— Жо-жок!  Мойнунан байлаган ит азыр деле ууга жарабайт. Мажбурлаштын, анан үгүттөштүн бүгүнкү заманда эч кандай кажети жок! Элибиздин көркөм өнөргө, мунун ичинде театрга табитин тээ бала бакчалардан баштап калыптандырганыбыз оң. Ушундай шартта бизге азыркындай куурчак театры, жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) абадай эле керек! Экөө тең биздикиндей театарларга көпүрөлүк вазийпаны гана аткарышы кажет! Бул аркылуу муундар байланышы дагы ого бетер бекемделип, көрөрмандардын көркөм өнөр мекемелерине агылуусуна гана ыңгайлуу шарт жаратат.

— Алымкул мырза, Сиз бир эле мезгилде театрдын жетекчисисиз. Ошол эле убакта айрым спектаклдерге дагы режиссерлук кыласыз. Деги мындайда идеяларды каяктан таап жатасыз?

 — Убагында улуу драматург Вилям Шекспир «Турмуш өзү — театр. А биз, адамдар, — андагы актерлорбуз!» деп таасын айткан экен. Биз деле идеяны көбүнчө азыркы турмуштан алып, аны көрөрмандарыбыздын бүгүнкү талабына гана шайкеш келтирип, сахналаштырганга ык койдук. Антпесек, убакыттан дагы, көрөрмандардан дагы уттурчудайбыз.

                        МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры 1946-жылы жазуучу, драматург Мамат Жакыпов тарабынан драмалык ийрим сыңары уюштурулган. Алгачкы ирет Касымалы Эшимбековдун «Кожойкенин ийгилиги» спектакли менен тушоосун кескен. 1963-жылы Алай элдик театры макамы ыйгарылган. А 2001-жылы Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрына айландырылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Алай району

 

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
     12
17181920212223
24252627282930
       
  12345
6789101112
       
2930     
       
    123
45678910
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17