Аймак

Э.КОКОМАНОВ, магистрант: “ЖҮРӨКТӨН КЫРГЫЗЫМДЫН ПАТРИОТ ЖИГИТИМИН”

Э.КОКОМАНОВ, магистрант:  “ЖҮРӨКТӨН КЫРГЫЗЫМДЫН ПАТРИОТ ЖИГИТИМИН”

 3,642 Бардыгы /

Редакциябыз чет өлкөдө окуп жаткан же иштеп жүргөн жалалабаддык улан-кыздарыбызды башкаларга мотивация болсун деп ай сайын чыгарып келери маалым. Биздин кезектеги каарманыбыз Ала-Бука районунун кулуну, ЖАМУнун алдыңкы бүтүрүүчүсү, Москва  шаарындагы университеттин магистранты, Мол-Булак компаниясынын кызматкери болмокчу. Ал келечекте Москвадан алган тажрыйбаларын мекенге кызмат кылууда колдонсом дейт.

 

БЛИЦ ИНФО:

Аты-жөнү: Кокоманов Элдияр Кадырбекович

Туулган күнү, айы, жылы: 18.03.1991-ж.

Туулган жери: Ала-Бука району, Пушкин айылы

Үй-бүлөлүк абалы: супер бойдок

Жакшы көргөн тамагы: беш бармак менен бир чыны кымыз

Жашоодогу урааны: “Мен жасай алам!”

Жашоодогу идеал туткан инсаны:  ата-энеси

 Учурда Москва шаарында Мол-Булак компаниясында иштейт.

ТРИ МУШКЕТЕРЛОРБУЗ…

Атам Кадырбек Кокоманов, апам Дамира Былжыева экөө тең Жалал-Абад медициналык колледжин аякташкан. Үй-бүлөбүздө 3 бир тууганбыз (три мушкетера), тагыраак айтканда 3 уулбуз. Иним  Сыргабек  ЖАМУнун табигый техникалык факультетин аяктаган, кесиби боюнча энергетика багытында Москва шаарында эмгектенип жатат. Кичүү иним Нуртилек учурда 10-класста окуп жатат.

ЖИГИТ БОЛСОҢ ШОК БОЛ ДЕГЕНДЕЙ…

Мектепте окуучулардан көп айырмаланган окуучу болбогом. Бирок маданий иш-чараларга активдүү катышканмын, ырдап бийлөө мен үчүн жаралгандай болчу. Өзгөчө мага биология сабагы өтө жакчу. Анткени мугалим Шайлообек  Айтмырзаев агайыбыздын методдору өтө кызыктуу болчу. Тема боюнча сүрөт тартып, ага байланыштырып презинтация жасачу. Кийин мындай өз кесибин сүйгөн эже-агайларды саналуу көрдүм.

Балалыгымда ийгиликке жетишкен инсан болгум келчү, кыялдар орундалат демекчи, алардын баарын акырындык менен багындыруудамын. Бош убактымда футбол ойноп, үйдө ырдап өткөрчүмүн. Албетте жигит болсоң шок бол дегендей, милицияга бир нече жолу түшкөм.

Мектепте эсте калган күндөрүм көп болгон. Мисалы, шаарда жаш таланттар сынагында 1-орунду алгам. Андан сырткары мектептин президенти болгонум да мага чоң стимул берген.

ОКУУ ЖАЙ МЕН ҮЧҮН ЖАҢЫ ТЕПКИЧ БОЛГОН

Ал эми кесип тандоо мен үчүн өтө кыйын болгон. Көптөгөн кесиптердин арасынан бухгалтердик эсеп жана аудит кесибине токтолуп, Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) тапшыргам. Окуу жай мага жаңы тепкич болгон. Бул жерден мыкты досторду, келечек үчүн жакшы тажрыйбаларды үйрөндүм. Студенттик күндөрүм өзгөчө кызыктуу өттү. 1-курста бир күн дагы сабак калтырган эмесмин. Студенттик күндөрдүн өзгөчөлүгү мен үчүн жоопкерчилик арткан. Азыр кандай аракет кылсак, кийин ошонун натыйжасы менен жашаарыбызды түшүнүп, колумдан келишинче көп нерсеге аракет жасадым. 2-курстан баштап  Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасында жайгашкан “Астана”, “Асыл” кафелеринде официант болуп иштедим. Коомдук иштерге активдүү катышып жүрүп, ушул курста  ЖАМУнун жаштар комитетинин төрагасынын орун басары болсом, 3-курсумда жаштар комитетин өзүм жетектедим.

БИР СТУДЕНТКЕ САБАК ӨТКӨН МУГАЛИМДЕР БАР

ЖАМУну аяктап, 2014-жылы Москва мамлекеттик университетине (ММОУ)  тапшырдым. Мени менен бирге КРден 12 студент келген. Алар менен бир туугандай окудук, көп кызыктуу күндөрүбүз өттү. Чет жактан келген студенттерге өтө жакшы мамиле жасашат. Мен ЖАМУ менен ММОУнун айырмасын өтө деле сезген жокмун. Анткени профессордук окутуучулар жамаатына студенттер тарабынан сылык мамиле көрдүм. ММОУнун ЖАМУдан болгону бир гана айырмасы бар. Ал ЖАМУ Жалал-Абадда, ММОУ Москвада жайгашкан, болгону айырмасы ушул. Бул дегени биз кайсы жерде окубайлы билим алуу бир гана өзүбүздөн, башкача айтканда жеке аракетибизге байланыштуу болот экен.

Ал эми окутуучулар жамааты өз ишине өтө так мамиле жасашат. Белгилей кетчү нерсе, аудиторияда 1 студент менен сабак өткөн мугалимдерди да кездештирүүгө болот.

АР ТАРАПТАН МЫКТЫ БОЛУУГА АРАКЕТТЕНДИМ

Бул жакта окуп жатып официалдуу иштөөгө уруксат берилбейт. Бирок адамдан амал качып кутулбайт демекчи Казакстанга чыгып келип, документтеримди өз алдымча иштөөгө мүмкүнчүлүк берчүдөй жасатып иштеп жүрдүм. Ошондон тартып ушул күнгө чейин иштеп келем.

Чет өлкөгө келип окуганды каалаган студенттерге айтарым “барып окуйм, менин колумдан келет” деп жакшы ниет кылгыла, анан сөзсүз биринчи кадамды таштагыла.

Бул жакта студенттик жатаканада Түркменстандан, Африка, Кытай, Монголия, Россиянын бардык шаар-айылдарынан келген студенттер менен чогуу жашадым. Эң бир кызыктуу студенттик күндөрүм Москвада өттү. Анткени үйдөн алыста жашасаң туулган жериңе байланыштуу бардык элестер өзүң менен кошо жүрөт экен. Бул жакта “кыргыздар ушундай экен” – деген жаман ойдо калбасын деп бардык тараптан мыкты болууга аракеттендим. Факультеттин атынан “Студент года” сынагына көрсөтүлдүм.

ОРУС КЫЗЫН СҮЙӨ АЛБАЙМ…

Бул жакка келип кыйналган нерсем чынында болбоду. Досторум көп, учурда колдон келген жардамдарын беришти, керек болсо батириме, тамак -ашыма чейин каражат төлөштү. Учурдан пайдаланып, аларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Мени менен чогуу мекендештерим өтө көп. Алар менен бир туугандай жүрөбүз. Көп убактым алар менен өтөт. Магистратураны аяктап, учурда “Мол-Булак” компаниясында иштеп жатам. Биз мында Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан чыгып кеткен мигранттарга жардам беребиз. Чынында бул жакта беш жылдан бери жүрөм. Башка улуттан таап алба дешип баары айтышат. Орус кызын сүйө албасам керек, анткени жүрөктөн кыргызымдын патриот жигитимин.

АПАМА ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫМДЫ БИЛДИРЕМ

Москвага келбегенде азыркы ички дүйнөм жана билим деңгээлим, жашоого болгон көз карашым мынчалык өзгөрмөк эмес. Мени ушул убакка чейин колдоп келген апама терең ыраазычылыгымды билдирем. Апам менин жашоомдогу жалгыз таянар тоом.

Ал эми бул жакка окууга тапшырам деген достор биринчи кадам таштасаңыздар эле баары өз жолу менен кете берет. Баарынан мурда максатты бийик коюп, ниетти бекем кылып, аракет кылсаңыздар эле кыялдар ишке ашат.

Буйруса келечекте бул жактан алган тажрыйбаларымды мекениме кызмат кылууда колдонуу башкы планым.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17