Аймак

Рысбек Алимов, түрколог, профессор: “КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИК ГАНА ЭМЕС, ИЛИМИЙ ЧӨЙРӨДӨ ДА “ГЕНЕРАЛДАР” ЖАШТАРГА ЖОЛ БЕРБЕЙТ”

 6,411 Бардыгы /

Рысбек Алимов, түрколог, профессор:  “КЫРГЫЗСТАНДА БИЙЛИК ГАНА ЭМЕС, ИЛИМИЙ ЧӨЙРӨДӨ ДА "ГЕНЕРАЛДАР" ЖАШТАРГА ЖОЛ БЕРБЕЙТ”Маегибизде Аксы районунун кулуну, Туркия мамлекетинде билим алып, билимин андан ары улантып, азыркы учурда түрк жаштарына билим берип эмгектенип келе жаткан тил илими доктору, профессор Рысбек Алимов тууралуу сөз болмокчу. Ал тарыхый түрк тилдери, кыргыз-кыпчак тилдеринин тарыхый маселелери, тарыхый тилдик мамилелер жана алардын түрк тилдеринде чагылдырылышы сыяктуу багыттарда көптөгөн эмгектердин автору.
Рысбек Алимов – 1990-жылда Аксы районунун Кербен шаарындагы Ильич атындагы орто мектепти күмүш медаль менен аяктаган.
1990-1991-жылдары Кыргыз Улуттук университетинде филология факультетинде окуган.
1992-1996-жылдары Стамбул университетинде түркология бөлүмүндө билим алган.
2000-жылы Стамбул университетинде түркология тармагында магистратураны, 2005-жылы докторантураны бүтүргөн.
2000-2005 жылдары Стамбул университетинин туркологиялык изилдөөлөр институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.
2005-2010-жылдары Кипрдагы Eastern Mediterranean университетинде иштеген.
2011-жылдан бери Туркиянын Мардин шаарындагы Артуклу университетинде түрк тили жана адабияты бөлүмүндө окутуучу болуп иштейт.
Изилдөө тармагы: Эски түрк руникалык жазма эстеликтери, тарыхый түрк тилдери, кыргыз-кыпчак тилдеринин тарыхый маселелери, тарыхый тилдик мамилелер жана алардын түрк тилдеринде чагылдырылышы.
Келинчеги Элвира Исмаева 1999-2004 жылдары Жалал-Абад университетинде англис тили жана адабияты бөлүмүндө окуган.
2012-жылдан бери Туркиянын Мардин шаарындагы Артуклу университетинде тилдер жогорку мектебинде англис тили мугалими болуп иштейт.
Изилдөө тармагы: Англис тилин үйрөтүү методикасы, көп тилдүү англис тилин үйрөнүүчүлөрдө тилдик жүрүм-турум.
Бир уул, бир кызы бар.

-Рысбек агай, ал жакта жашооңуздар кандай, Кыргызстанды сагынасыздарбы?
– Рахмат, жашообуз жакшы, шүгүр. Келинчегибиз экөөбүз университетте жумуш иштейбиз. Балдар мектепке барышат. Өзүбүзгө жаккан жумушта иштегендиктен кайгызарлык, арыз-абалыбыз жок. Кыргызстанды, албетте, сагынабыз. Кантсе да туулуп өскөн жерибиз да. Балдарыбыз да Кыргызстанда чоңойсо дейбиз, бирок татыктуу жумуш болбогондуктан келүүгө азырынча кызыктар эмеспиз.
-Туркияга барып билим алганыңызга ким түрткү болду, кандайча ал жакка барып калдыңыз? Же жашыңыздан эле ошол жакта иштейм деп кыялданат белеңиз? Ушул тууралуу айтсаңыз?
– Менин Туркияда окуймун деген оюм жок болчу, бирок илимдүү болом дечүмүн. 1991-жылдын аягында анда мен Бишкекте Кыргыз улуттук университетинде филология факультетинде 1–курста окуучумун. Дагы эле эстеймин, 1991-жылдын башында СССР учуру эле, Түркиядан бир коомдук кор (фонд), кийин караштырсам Түрк дүйнөсү изилдөөлөр кору экен, ар бир түрк республикасынан 10 чакты мыкты окуган студент тандап Түркияда окууга чакырган экен. Анда азыркы Улуттук университет Кыргызстандагы жалгыз университет болчу, алардын чакыруусу ошол жерге келиптир. Ошол учурда тарых факультетинде профессор Чынара Жакыпова иштечү, кийин Акаев бийлигинин алгачкы жылдарында Билим берүү министри да болуп иштеди, ал айым университет боюнча мыкты окуган студенттерди жыйып конкурс уюштурган. Ошол конкурста мени менен кошо 7 кишини тандап алышып, 1991-жылдын август айында Түркияга окууга даярдандырып жатышкан. Чет өлкөгө чыгуу паспортубузду, атүгүл Москвадан виза алып даярданып жатканда 19-22 -августта Горбачевго каршы төңкөрүш (путч) боло кетип, Түркияга чыга албай калганбыз. 1 ай өтпөй Кыргызстан эгемендүү болуп, Д. Сарыгулов, М. Жангарачева, Д. Сарбагышева сыяктуу ошол учурдагы кыргыздын эң прогрессивдүү атуулдары президентке тикелей караштуу Гуманитардык демилгелер кору аттуу бир уюм түзүшүп, кайра эле Түркияга жогорку билим алуу үчүн студенттерди тандай башташты. 40тай мыкты окуган студент тандалып, мен да алардын катарына кошулуп калыптырмын. Насип буюруп ошондо 1992-жылдын башында Түркияга жөнөп кеткенбиз. Андан бери көп жыл өттү го.
Стамбулга келгенден кийин жаш эмеспизби, дароо эле көнүп окуп кеттик. Алгач бөтөн эл, бөтөн жер, тил башка дегендей, бирок атайын окуйбуз деп келгенден кийин тырышып окудук. Мен менен бирге келген балдардын баары Түркиянын эң алдыңкы университтеринде билим алышты. Бизден кийин Түркияда билим алуу Билим берүү министрлиги тарабынан тескеле башталды. Бул жакка келген жаштардын баары окуудан сырткары өзүбүзгө ылайыктуу иштерде иштеп, кошумча акча таап, өзүбүздү да багып, андан сырткары Кыргызстандагы ата-энелерибизге белекке деп акча жөнөтүп турчубуз.
– Туркиянын эли кандай, эмгекти сүйүшөбү, жаштары билимге умтулушабы?
-Түрктөр тырышчаак, ийкемдүү, кең-пейил эл. Түбүбүз бир болгондуктан башка түрк элдерин өздөрү менен бирдей карашат, бөлүшпөйт. Илимий чөйрөдө эмгектенгенден улам, айыл жергесине экспедицияга көп барабыз. Элет жердеги түрктөр көбүнчөсү кадимкидей эле кыргыздарга окшош. Барсаң тапкан бекиткенин аябайт, Кыргызстандыкмын десең андан бетер сый көрсөтүшөт. Билимге умтулуу Түркияда өтө актуалдуу маселе. Акыркы жыйырма жылда экономикасы өтө өнүктү, андыктан “майлуу-сүттүү” орундарды ээлөө үчүн атаандашуу да өтө курч. Андай жерлерге келүү дайыма сынак аркылуу мүмкүн болгондуктан, жаштардын дээрлик баары тырышып окуйт. “Жакшы билим алсын” деген ата-энелер акыркы жылдары балдарын менчик мектептерге бере баштады. Соңку жылдарда дүйнөнүн эң алдыңкы университтеринин арасына Түркиянын бир топ жогорку окуу жайы кирди, бул да билим берүүнүн бул өлкөдө канчалык мааниге ээ экенин айгинелеп турат.
– Ал жакта да кыргыздар жолугушуп турасыңарбы?
– Албетте, жолугуп турабыз. Кыргызстандыктар башка өлкө диаспораларына караганда бирдиктүү, ынтымактуу. Жакын шаарларда жашаган кыргыздар менен кабарлашып, жакшылык-жамандыкта жардамдашып катташып турабыз.
-Кандай эмгектериңиз жарык көрдү жана кандай эмгектердин үстүндө иштеп жатасыз?
– Экөөсү авторлош үч китебим бар. 30 чактуу макалам жарык көрдү. Азыркы илимий иштерим: Кытайдагы (Үрүмчү) Манас тануу борборунун тапшырыгы менен Бонн (Германия) университети профессору Карл Райхл менен Жусуп Мамайдын Манасын англис тилине которуп жатабыз. Котормонун 1-тому жарык көрдү. Мен бул долбоорго кийинчерээк кошулдум. 2016-жылы март айында буюрса биз которгон 2-тому жарык көрөт. Котормонун 4-тому бүтөйүн деп калды. Баары биригип беш томдук болот.
Андан башка тилдери жоголуп бараткан сибирдик туугандарыбыз телеүттер тууралууда эмгек жазып жатамын. Алардын тили унутулуп баратат, болгону 400-500 киши гана билет экен. Акыркы үч жылдан бери алардын тилинин грамматикалык очеркин жана сөздүгүн даярдап жатамын. Алардин тили кыргыз-кыпчак тобуна киргендиктен кыргызчага жакын, тоолук алтай тобуна кирет. 2012, 2015- жылдарында алар жашаган Кемерово областына экспедицияга барып келдим. Ал жакта жашап калган кыргыздардын да жардамы болду. Учурдан пайдаланып аларга рахмат айта кетейин.
-Кыргыз тилинде да эмгектериңиз барбы?
– Тилекке каршы, кыргыз тилинде дээрлик жазбаймын. Түрк, англис жана орус тилдеринде жазамын. Илимий чөйрөдө талап белгилүү тилдерде болгондуктан ал тилдерде жазууга туура келет. Анын үстүнө илимий китеп жана макалаларды илимпоздордун өндүргөн өнүмү деп эсептеш керек, “талапты койгон кардар” принцибине таянууга мажбурбуз. Дүйнөлүк илимдин негизги тили акыркы учурда англисче болуп калды, андыктан мындан кийин көбүнчө англис тилинде жазууга туура келет. Англис тилинде жазсаң сени окуган, тааныган аудитория да кеңейет. Бирок жазылган эмгектин деңгээли, башкача айтканда жалпы түзүлүшү, стилистикасы, колдонулган адабияттар жана мазмун жагынан да ошого жараша жогору болуш керек. Эл аралык журналдарда, басылмаларда талап өтө катуу. Кыргызстанда илим жаатында эмгектенгендер бир жактан кыргыз тилинде, экинчи жактан чет тилдерде да жазышса деген тилектемин.
-Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
-Өзүмдү өтө ийгиликтүүмүн деп айта албаймын, бирок “саргара жортсоң кызара бөртөсүң” демекчи, алдыңа максат коюп, көшөрө изденип, тынымсыз эмгектенсең мээнетиң кайтпай койбойт. Сөзсүз түрдө үзүрүн көрөсүң. Университетте ассистент болуп иштеп жүргөнүмдө жай-кыш дебей, дем алыш күндөрү да барып китепканада иштечүмүн. Көп окуймун. Тилчи болгондуктан жаңы тилдерди үйрөнүүгө аракет кыламын. Чыдамкайлык менен өз жолунан тайбай максатына умтулган киши акыры барар жерине жетет. Баарыбыз үчүн сыр ушунда го деп ойлоймун.
-Түрк университеттеринде окутуулар кандай жүрөт. Студенттер биздерден айырмаланып кандай билим алышат?
-Биздин университетте көпчүлүк бөлүмдөрдө билим берүү англис тилинде жүргүзүлөт. Англис тилин билбегендер студенттер атайын даярдоо бөлүмдөрүндө 1 жыл боюнча бул тилди үйрөнүшөт. Түркиядагы университеттердин ушул өзгөчөлүгү жакшы. Студенттер университте жогорку билим дипломун гана алышпайт, ошол эле учурда англис тилин жеткиликтүү үйрөнүп чыгышат. Жогорку билим Түркияда 4 жыл. Медицина тармагында окугандар 6-7 жыл окушат. Магистратура 1-2 жыл, докторантура (PhD) 4-5 жыл. Азыр Түркияда ар бир университет чет өлкөдөн студенттерди өз алдынча экзамен өткөрүп ала баштады. 1-2 жыл мурун жалпы экзамен өткөрүлчү, эми болсо чет элдик талапкерлер өздөрү каалаган университеттин экзаменинде күчүн сынап көрө алышат.
– Окуу жайда бюджет жана контрактык бөлүмдөр барбы? Коррупциялашкан паракордук да кездешеби. Сиздин оюңузча Кыргызстанда коррупцияны жоюу үчүн эмне кылуу керек?
-Түркияда университеттер экигө бөлүнөт: мамлекеттик жана менчик. Мамлекеттик университетте билим алуу бекер, башкача айтканда бюджеттик. Менчик университеттерде өзүңүз да жакшы билгендей акча менен башкача айтканда контракт, бирок менчик университтеттерде окуган стyденттердин 20-30 пайызы бекер же 50-75 пайызга арзан акчага окуйт. Университеттер мыкты студенттерди өздөрүнө тартуу үчүн аларга стипендия да берип кызыктырышат. Коррупция маселесине келсек, коррупция негизинен жогорку бийликке байланыштуу түшүнүк да. Непотизм, башкача айтканда аке-үке, тага-жээнди каймактуу жумушка орноштуруу, түрдүү тендердик махинациялар, тилекке каршы ар бир өлкөдө болсо керек. Бирок ушуну ишендирип айта кетейин Түркияда жогорку билим берүү окуу жайларында паракордук жок. Чынында жок. Биринчиден эч кимдин оюна келбейт мугалимдин да, студенттин да. Экинчиден мугалимдердин алган айлыгы салыштырмалуу жакшы. Албетте жаман кыял, кир ойлуу адамдардын жогорку окуу жайларга кокустан кирип калышы мүмкүн, бирок андай кишилер ал жерде туруктуу кала албайт. Университеттердеги чөйрө, система андай адамдарды өзүнчө эле элеп, сыртка чыгарып коёт. Негизинен Түркиядагы университеттерде меритократтык система бар десек болот, ал дегеним татыктуу гана адамдар гана жогорулайт. Илим докторлугунун, доценттиктин, профессордуктун өз алдынча шарт жана талаптары бар, ошолорго жооп бергендер гана аталган илимий наам жана даражаларга ээ боло алат. Кээде 33-35 жаштагы профессорлор да кездешет, демек алар ошол талаптарга толугу менен жооп берет деген сөз. Университеттер ар бир мугалимдин жылына 4 жолу (экөөсү чет өлкөгө, экөөсү Түркиянын ичинде) конференцияга баруу жол, тамак-аш жана жатак акысын төлөп берет. Жасаган илимий проекттерин толугу менен каржылап берет. Окуу жайларынын көбүндө бекер же арзан баада кызматтык турак жай берилет. Мына ушундай системада кимдин оюна келсин пара алуу.
Кыргызстанда жогорку окуу жайларында паракордукту жана коррупцияны кандай жоюуга болот деп жатасыз, негизинен мунун жолдору белгилүү да. Сингапур же Кытайды мисал алсак болот жөн гана. Бир башка мисал берсем. Сиз көп жылдан бери тамеки тартасыз дейли. Анан жөтөлө баштадыңыз, “эмне болду мага” деп докторго барасыз. Доктор тамекини токтотпосоң өлөсүң, бүгүндөн баштап токтотсоң өлбөйсүң дейт. Сиз болсо “тобокел” деп бир жактан жөтөлүп, жакында өлөрүңүздү билсеңизда тамеки тартканга уланта бересиз. Кептин баары дарылоо ыкмасында эмес, аны баарыбыз эле билебиз, ошол өпкөсү ооруган адамдын өлө турганын билип туруп дарыланганды каалабаганында болуп жатпайбы. Кыргызстанда элдин баары коррупциянын акыры барып мамлекеттик системаны жок кыларын билет, бирок ошого карабастан тамеки чеккен адамга окшоп өзүбүзгө кыянаттык жасап жатпайбызбы. Тилекке каршы түп тамыры менен чечкиндүү реформа жасамайынча мамлекеттибиздеги жаман көрүнүштөр жоголбойт.
– Сиз окуткан университетте Кыргызстандан да билим алган жаштар барбы? Ошол жакта окуйм деген жаштар кайсы окуу жайларга тапшырса болот?
-Биздин окуу жайда Кыргызстандан студент азырынча жок. Биздин университеттин курулганына көп болбоду, эми гана түптөлүп келе жаткан окуу жайы. Түркияда билим аламын деген биздин улан-кыздар Стамбул, Анкара, Измир, Кайсери, Эскишехир сыяктуу шаарлардагы окуу жайларына тапшырса дагы жакшы болот. Түркияда билим берүү деңгээли жогору, андыктан кыргыз жаштарына ал жактагы университеттерди сунуштар элем. Түркияда окуган көп улан-кыз окуусу бүткөндөн кийин Америка, Европа сыяктуу өлкөлөрдө жумушка орношуп, ийгиликтүү иштеп келе жатат.
-Үй-бүлөңүз тууралуу да айтаңыз?
-Келинчегим да жалал-абаддык. Кесиби англис тили мугалими. Келинчегим мен иштеген университетте англисче даярдоо бөлүмүндө мугалим болуп иштейт. Жөн гана сабак бербей, ошол бөлүмдө кайсыл студентти кандай деңгээлдеги материал менен камсыздандыруу, англис тилин үйрөтүүнүн кандай жаңы ыкмаларын ишке ашыруу керектиги боюнча координатордук кызматын да аткарат. Ортодо бир уул, бир кызыбыз бар. Темир жана Ширин. Алар 3-класста окушат. Өзүм түрколог болгондуктан балдарым да түрк болуп калышкан (күлүп). Бирок үйдө кыргыз тилинде баарлашабыз.
-Эмне үчүн Кыргызстанга келип иштебейсиздер?
– 2010-жылда контрактым бүтүп Кипрдан кайтканбыз. Кыргызстандан иш сунуш кылышкан, бирок тилекке каршы, негедир убадасында турушкан жок. Кимдер экенин, кайсыл окуу жайы экенин айтпай эле коёюн. Кыргыздар албайбыз деп жатканда Казакстандан, Кытайдан, Түркиядан, Кипрдан дароо жумуш сунушталды. Ошондо биз кайра эле Түркияны тандадык. Тилекке каршы, Кыргызстанда бийлик гана эмес, илимий чөйрөдө да “генералдар” жаштарга жол бербейт. Кыргызстанды өнүктүрүү, болбосо стагнациядан куткаруунун жалгыз жолу коррупция жана паракордукка катышы жок чет элде иштеген кыргыз жаштары. Ошолорго жол берип, өлкөнү дамытып өнүктүрбөсөк башка жол жок.
–Кыргызстандагы жогорку билим тууралуу оюңуз?
-Ачуу чындык азыр Кыргызстанда гана эмес, мурункү Совет мамлекетин түзгөн бардык республикаларда билим берүүдө деңгээл бир топ төмөндөдү. Анын объективдүү себептери да бар. Мурун мамлекет негизинен илимге, өзгөчө колдонмолуу (прикладдык) илимдерге көп каражат жумшачу, илимдин өнүгүүсүнө кызыктар эле. Азыр болсо тилекке каршы, бийлик өз алдынча, илимий чөйрө өз алдынча. Өнүгөм деген өлкөдө бийлик ар бир кадамын жети өлчөп бир кесиш керек. Ошол кадамдарды жети өлчөгөн, бийликтин туура чечим кабыл алуусуна түрткү болгондор да илимпоздор болуш керек. Илим-билимсиз өнүгүү мүмкүн эмес. Тилекке каршы, бизде эгемендиктен баштап эле башаламандык уланып келе жатат. Президенттер баш болуп бешиктеги балага чейин “бүгүн өтсүн, эртеңки күндү эми кудай көрсөтөр” деп мына 25 жыл өтүп кетти. Негизинен бир жерде токтонуп, жалпы эл “эмне эле болуп жатабыз, кайда баратабыз, барар жерибиз кай жер, ага кайсыл жол менен барабыз” деген суроолорду кайрадан талкууласак жакшы болмок.
Кайрадан илим тармагына келсек, деги баары эле жакшы сыяктанат. Жогорку окуу жайлары иштеп, мугалимдер сабак берип, студенттер окуп эле жаткансыйт, бирок мунун баары негизинен инерция менен, башкача айтканда эски советтик системанын деми менен эле уланып келе жатпайбы. Эгер кайрадан күч бербесе бир күн ал да токтойт. Жогорку окуу жайлары кээ бир топтордун жеке менчигине айланып калган, алар паразит сыяктуу университет, институттарды өстүрбөй өркүндөтпөй чырмап алган. Андыктан жогорку билим берүүдө чечкиндүү реформалар жасоо зарыл.
-Илимпоз катары жаштарга кандай кеңеш айтаар элеңиз?
– Кыргызстандагы жаштарга айтарым көп окугула, алган билимиңер терең болсун. Чет тилдерди үйрөнгүлө. Үлкөн нерселерди кыялдангыла. Колдон келишинче аракет кылып, бир жумуш жасасаңар майын чыгара жасагыла. Өз тагдырыңар өз колуңарда демекчимин.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17