Аймак

Максат Женбеков, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри: “Менин бийлик сатып кетти”

 2,991 Бардыгы /

Максат Женбеков, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри: “Менин бийлик сатып кетти”
Максат Беккелдиевич, Сиз жогору жактан кызмат күтүп чарчадыңызбы же чын эле ушул жолу туура көрдүңүзбү, айтор Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жетекчилигине ат салышууга кам урупсуз?

-Ооба, мени бийлик сатып кетти. Россиянын жарандыгын тапшыр, иш беребиз деген, бирок алдап койду. Анан “Урдум сенин сүйүүңдү, камыштан жапкан үйүңдү” деп Россияга кетейин деп жаткамын. Жолдошторум “Максат, Кыргызстан деп келип, бирок акчага сатылып мекениңди таштап кетип жатасың” деп намысыма тийди. Алардын мени азыркы бийлик сатып кеткени менен иши жок. Мен бир жыл үч ай эң оор мезгилде мурдагы мэр ишти таштап, качып, башын бекитип жатып алганда, кийинкиси баш тартканда, мен келип Жалал-Абад шаарында мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштедим. Мен Кыргызстанда жаңы бийлик келсе өзгөрүү болот деген ишенич менен Россиянын жарандыгын тапшырып, Кыргызстандын жарандыгы менен калган элем. Бирок ошол ишенич акталган жок. Бүгүн биз Президент Атамбаевди, Премьер – Минстирди калп эле жамандап жүрөбүз. Жергиликтүү бийлик жаман иштеп жатат. Эл жергиликтүү бийликке нааразы болгон үчүн көчөгө чыгууда. Мамлекеттик жер-жерлердеги кызматка баруу коррупцияланышып бүтүптүр. Бизде адам укуктары жер-жерлерде тебеленип жатат. Акыйкаттык болбой жатат. Ошон үчүн Акыйкатчы (Омбудсмен) болуп чындык үчүн күрөшсөмбү деп сынакка катышып жатам. Анын үстүнө байкадыңызбы, айкындуулук системасы бар кызматтарга тапшыргандар көп жана күчтүү кадрлар болуп жатат. Демек башка кызматтар – сот, прокуратура жана башка кызматтар булар үчүн жабык. Ал эми тажрыйбам деле жетиштүү, Санкт-Петербургда 4 жыл миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлү катары иштеп биздин жарандардын укуктарын сактоо үчүн күрөштүм. Менин оюмча эмигранттардын маселеси да –бул жергиликтүү бийликтин маселеси. Анткени мыкты адис, мугалим, врач, куруучу , иши кылса колунан иш келгендердин баары четке чыгып кетип жатат. Алардын укуктары тепселип, социалдык, моралдык жана юридикалык жактан корголбой жатат.


-Сиз мэр болуп иштеген учурда деле ал маселелер чечилген эмес да?

-Ар бир адам биринчи ирет өзү үчүн жоо бериш керек. Мен бир жыл үч ай мэр да эмес, анын милдетин аткаруучу болуп иштедим. Кандай иштерди жасадым, эл өзү айтсын. Мен кеткенден бери эки жылда эмне иш болду, салыштырып көрсүн. Мен иштеп турганда апрель, май, июнь окуянын кесепеттерине карабай жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 асыл тукум уй алып келгенбиз. Эки бала бакчанын курулушун баштаганбыз. Асфальт заводун сатып алууга каражат бөлгөнбүз. Жергиликтүү бюджеттин каражатына жолдордун асфальттаганбыз. Жениш паркындагы спорт залды толук башынан аягына чейин оңдо чыкканбыз. Эл аралык умдар менен көчөнү жарык кылганбыз. Автобаза куруп, автобосусттарды алып келгенбиз?. Кана, ошол акчалар? Эмне үчүн иш жүрбөй жатат? Жок дегенде мен баштаган бала бакчаны куруп бүтүп, тапшырганга жарашкан жок. Жаштарга 2 млн сом каражат бөлгөнбүз, 4 ишкана ачмак, бирөө гана иштеп, үчөөнүн акчасы каякка кетти? Текшерген бийлик, бийликти көзөмөлдөгөн депутаттар каякты карап жүрүшөт. Ош шарын карагыла. Бизде деле чакан шаарды гүлдөтүп койгонго мүмкүнчүлүк бар болчу.

Биздин чиновник- алигархтар шаардын жерин сатып заңгыраган особняктарды салышып, байып жатышат.Мисалы шаарга караштуу Тайгараев айылынын эли мен шаарды жетектеп турганда мага келишип 40 жыл помидор өстүрүп, дыйканчылык кылдык, бирок бала чакабызга жер ала албай жатабыз деп нааразы болушту. Ал эми айыл окуругун өкмөт башчылары элди нааразы кылып участокторду сатып, бала-чакасына, тааныштарына жер берип, өздөрү заңгыраган үй салды. Прокуратура,укук коргоо органдары каякты карап жатышат? Мен Акыйктчы болсом мына ушуларга каршы туруп өзгөртүү киргизсемби деп ойлоймун.
-Кечиресиз, Сиз жетекчи болуп кеткенден кийин Сизди деле каржы боюнча мыйзам бузууга жол берип, кызмат абалынан пайдаланды деп айыптап, кылмыш ишин козгоп, кайра жаап эле жатышат го?..
– Чыны бизде мыйзам чийки болуп жатат. Ошо мени жеди, ичти деген адамдардын өздөрү бюджетти кенедей болуп соруп жатышат. Жалал-Абад шаары өрттөнүп, адамдар өлүп жатканда менин үстүмдөн жазгандар кайда жүрдү эле? Мен азыркы бийликте отургандардын эч кимисин көргөн эмесмин. Алар өзгөчө, чукул кырдаал учурунда, шаарда согуш болуп чукул абал киргизилген учурда шаардын Акмат Бакиевдин тизмеси менен келген депутаттар качып бекинип, телфондорун өчүрүп жатып алышса, мен алар качан сессия өткөрүп, бекитип берсин деп күтүп отура бермек белем, каражат иштетилген. Туура иштетилген. Мен ал үчүн мактоо угушум керек эле. Тескерисинче элди тынчытууга, шаарды сактап калуу үчүн пайдаланган каражаттар үчүн депутаттар түштөн кийин биздин макулдугубуз жок пайдаланды деп мени айыптап чыгышкан. Эгерде мен чын эле жеп ийген болсом, прокуратура дароо эле алып барып тыгып салышат болчу. Алар мени аямак эмес. Мен эмес ЖКнын депуттарын камап, мандаттарын алып коюп жатат. Ошондуктан “Өзгөчө кырдаалдар боюнча” мыйзамга өзгөртүү киргизип, жетекчиге жеке чечим кабыл алууга толук укук бериш керек. Көчкү жүрүп, сел каптап, согуш же жаңжал чыгып кетсе каражатты ким кандай максатта пайдаланыш керек, мыйзамга жазыш керек экен.
Биз Кыргызстанды оттон сууруп чыгып сактап калдык. Азыр биз июнь окуяларынын катышуучуларын чакырып сыйладык деп мэрия 100 миң сом акча чыгымдаптыр.Эми жеп ичкен акчаларын жаба албай жан талашып жатышат.Ошо июнь айында от аралап биз жүрбөдүк беле. 7-апрелде же июнь окуяларын эскергенде чакырып койгонго жараган жок.

-Сиз шаардын жетекчиси болуп иштеп калдыңыз.Эл оозунда элек жок демекчи жергилктүү бийликтеги коорупциялык схема жөнүндө көп айтышат .

-Ооба, мындай факты бар, болгон. Мен бир окуяны айтайын Роза Отунбаевага чуркап жүрүп 40 автобус алып келмек болдук. Алар автобустарды жайгаштыруу үчүн автобазанын шартын түзүүнү талап кылды. Ошондо депутаттардын артынан чуркап жүрүп акча бөлдүрөлү деп ошол жерге алып барганда “биздин кызыкчылык канча болот?” деп айтышкан. Мына ошол эле депутаттар кайра шайланып келишкен. Ошол кызыкчылыктар чечилип, ошон үчүн шаарда иш болбой жатат. Дагы бир жолу айтайын эмне үчүн 2010-жылда курулуп башталган бала бакчалар курулуп бүтүп, шаардыктардын балдары жаңы бала бакчага бара албай жатат? Себеби, мен куруп бүтсөм менин атым эмес баштаган мэрдин аты чыгып калат деп чочулашат.
Азыр шаардын жетекчилери мага жолукканда капа болуп айтып жатышат “шаардын каржы бөлүмү жасалма жол менен акча жок деп чуркатып анан берип жатат” деп. Эмне үчүн экени түшүнүктүү да.
Шаарда иш токтоп калды. Шаардагы автобазага мугалимди сен врач болосуң дегендей шаардык муниципалдык кызматтын жетекчиси жакшы иштей албай койду деп автобазага тажрыйбасы жок адамды эле жетекчи кылып алып барып коюп жатат. Бул шаардын жетекчисинин сокурлугу да. Жашырганда эмне, балам Халык Банктан 350 миң сом кредит алып, Темир жол ишканасына караган жерди ижарага алып жеңил конструкциядагы базарча курган. Сатуучулар ыраазы болуп жатышкан. Бүгүнкү бийлик талкалап бузуп кудайдан үмүт жок аялдардан 3 миң сомдон алып, шаардын көркүн бузуп чатыр тигип бардак кылып отурушат. Алар менден акча ала албайт да. Эгерде акча жебесе, анда базарды бузгандан кийин тазалап коюш керек эле. Прокуратура көрүп туруп көз жумуп жатат. Ошто шаарды бошотуш үчүн базарларды четке алып чыгып жатат. Бизде базарды тазалаймын демиш болуп бардык таксилерди мэр өзүнүн “Айгүл” универмагынын алдына алып барып алды. Жеке ишкерлерди, бизнесмендерди кысып, коркутуп, мен сен менен анан сүйлөшөм деп чыгып кетип, жеке кызыкчыктарын чечип жатат. Мен вице-мэрликке сынак жарыяланып кызмат тандабай иш кылып шаарды көтөрөйүн деп документимди көтөрүп мэрияга бардым. Аппарат жетекчиси Талант Исмаилов комиссия чечими боюнча иш стажыңыз жетпейт деп документимди кайтарды. Бишкекке барып Маданият жана туризм министрлигинин сатат катчылыгына документимди даярдап тапшырмак болуп менин стажым жетеби десем, текшерип көрүп толук жетет деп жооп берди. Бирок мен ойлонуп көрүп кайра Акыйкатчынын башчылыгына тапшырууну туура көрдүм. Көрдүңүзбү, бир жыл үч ай шаарды башкарып турган мага вице-мэр болуп иштөөгө жол жок.Уктум, көрсө,мэрдин кеңешчиси Тилек Акамбаев “кереги жок” деп айтыптыр. Ал Арапбаев жарр эле бир тууган инисин комуналды чарба жана көрктөндүрүү департаментине киргизген. Эми ошо Акмамбаевдин схемасы иштеп жатат да. Бюджеттик акча бөлүштүргөндө жеке кызыкчылыгын чечкен каржы бөлүмүн кызматтан бошотконумду баары эле билет. Ошентип бул схеманы бузган элем. Азыр жандандырып жатышат.

-Сизден кийинки мэр болуп иштегендерге кандай баа бересиз?

-Мен эмес эл баа берип жатат.М.Арапбаевге караганда Б.Адылов бир аз жакшы иштеди деп жатат. Жаманбы жакшыбы –фонтанды курду дешүүдө. М.Арапбаевдин шаарда көрүнүктүү иш кылганы байкалбайт. Иштегенине 9 айга жакын убакыт өттү. Кадр дайындагандан башка өзгөрүү жок. Алар иштегенге эмес башка кызыкчылык менен келгенби билбеймин. Мен апрель, май, июнь окуяларына карабай салыкты аткарып канчалаган иштерди жасаганмын. Менин учурумда вице-мэр, мен баш болуп кабинетте аз отурчубуз. Эл менен иштөөсүбүз.

Азыр шаардык суу чарба башкармасынын канчалык деңгээлде иш кылып жатканын көрбөй жатам. Эмне иш кылып жатканы белгисиз. Суунун баасын сессияга коюп кымбаттатып алды. Мен бар эл аралык уюмдардан 8 миллиондон ашык евро колдоо аракети башталган. Иш жок, бирок мэрия да суу чарбанын үстүнөн да жаңы кызмат ачып, өзүнө караштуу адамдарды коюп алыптыр. Мен иштеп турганда шаардыктарды сүт, май менен камсыз кылабыз деп мал алып келгенбиз. Алгандан бери кошумча 4 млн. сомго жакын каражат кошумча каражат жумшалыптыр. Бир литр сүт бере элек. Эгерде пайда кыла албаса, иштин көзүн билбесе сатышып, бюджеттин акчасын кайтарышсын. Асфальт заводду да жергиликтүү бюджетке сатып алып келдик эле иштете албас эмне кармап отурушат, иштебеген адамдарга ( Акамбаев бир тууган инисин ошол тармак- ЖКХанын орун басары кылып койгон) айлык берип отурат. Сатышсын. Мэр иштебей, шаардын бюджетин бекитип берип талапка ылайык албай депутаттар жүрүшөт Ошондой эле мен КСДПдан, Ата Журттан, “Өнүгүүдөн” барган депутаттарга да нааразымын. Алардын көпчүлүгү жеке кызыкчылыгы менен барды. Ошондуктан иш болбой жатат. Булардын баардыгы акыры социалдык жарылууга алып келет. Ошондуктан жогору жакты сындай бербестен жер-жерлерде элдин канын соргон кенедей болгон кубулма, алдамчы жетекчилерден арылып акыйкат башкаруу орнотуу керек.

Маектешкен
Самат Токтоев – “Aymak.kg”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17