Аймак

Камчыбек Ташиев: Эки жүздүүлүктүн да чеги болот

 1,689 Бардыгы /

Камчыбек Ташиев: Эки жүздүүлүктүн да чеги болот

Акыркы жарым жылда саясатчы Камчыбек Ташиевдин дайыны чыкпай кеткен. Чоң саясаттан да көрүнбөй калган. Көрсө, журналисттерден көңүлү калган Камчыке өз убагы келгиче тынч эле турууну чечкен тура. Ошентсе да мурда берген убадасын аткарып биздин суроолорго жооп берди.

– Камчыбек мырза, акыркы убакта такыр эле дайыныңыз билинбей кетти?

– Мени коомчулуктан, кызуу саясат айдыңынан бийлик зордоп депутаттык мандатымды тартып алып алыстатышты. Бирок бул анткор бийлик мени менен жолугушууну каалаган шайлоочуларыбыздан, эл-журттан алыстата алган жок! Эгер азыр мен депутат болуп турганда, саясат башка нукта жана кызуу өнүкмөк.

– Сиздин балаңызга карата козголгон кылмыш иши боюнча эмне айта аласыз?

– Жакында соту башталат. Дөңгөлөктү уурдамак тургай, уулум машинасынан түшкөн эмес экен. Ал дөңгөлөктү уурдаш үчүн ачкыч салынган эмес же домкрат коюлган эмес. Жабырлануучу деп бир адамды зордоп алып келип арыз жаздырышкан. Ал киши менин эч нерсем уурдалган эмес деп безилдеп жүрөт. Жанындагы досторун коркутушуп көрсөтмө алышкан. Бирок алар көрсөтмөсүн үч жолу өзгөртүшкөн. Баламды кармап 18 саат эч кимге айтпай сабашкан. Башка кылмыш иштерди мойнуна илүүгө аракет жасашыптыр. Бирок балам сынган эмес. Кыскасы, менин саясый оппозициялык ишмердигимдин кесепетинен уулум башынан оор сыноолорду өткөзүп жатат. Эгерде чын эле дөңгөлөк уурдаган болсо, анда мен өзүм эчак эле анын колдорун чагып коймокмун. Себеби биздин тарбиябыз ошондой.

– Айрым басылмалар Ташиев үй-бүлөсүн сыртка алып чыгып кетти, Россиядан саясый башпаанек сурады деп жазып чыгышты. Бирок сиздин балдарыңыз Кыргызстанда эле жүрүшкөнүн көргөндөр бар.

– Туура, Россия, Казакстан, Америка Кошмо Штаттарына кайрылдым. Үй-бүлөм Россияга барып керектүү документтерди тапшырып келди. Буюрса жакында жооп келсе бардыгы чыгып кетишет. Мен өзүм Кыргызстанда болуп акыйкатсыз бийлик менен күрөшөм. Үй-бүлөмдүн коопсуздугуна кепилдик болгондо гана кайра Кыргызстанга келишет.

– Акматбек Келдибековдун камалышын кандай кабыл алдыңыз? Сиздин пикириңизде анын күнөөсү барбы?

– Акматбек Келдибековичтин саясый туткун экенин биринчи камалган күнү эле айтып чыккам. Акматтын акталып чыга турган күнү келерине ишенем.

Себеби бул кылмыш иштеринде эч кандай далилдер жок. Эгер күнөөлүү болсо ачык эле айтмакмын дос экендигине карабастан. Акмат үчүн жакында күрөштү өзүм жетектеп чыгам. Бүт эл-журтубузду бүгүнкү мыйзамсыздык менен күрөшүүгө үндөймүн. Себеби кечээ эле бизге мыйзамдарды тебелеп туруп күнөө тагышты, бүгүн Акмат, эртең ким?.. Ошондуктан күрөшүүгө мажбурбуз. Мен бийликтен корккон эмесмин, мындан ары да жалтанбаймын, коркпогон эр жүрөктөр бир катарга тизилишибиз керек!

– Парламенттик шайлоодо биринчи орунду алган “Ата-Журт” партиясынын чилдей тараганы, бул фракциядагы депутаттардын көбүнө кылмыш иши козголгонун кандай баалайсыз?

– Туура, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо биз сапатсыз тизме түзүп алып, ката кетиргенбиз. Азыр болсо биз бул калпычы бийликтин атаандаштарыбыз. Ошондуктан ар түрдүү шылтоолор менен бизге мамлекеттин репрессиялык күчүн көрсөтүп келет. Мунун да аягы болот жакында.

– Саруу элинин бунт көтөргөнү чын эле көйгөйлүү маселеби же бул саясый оюнбу?

– Баатыр Саруу элине таазим этүүбүз керек. Кыргыздын укугун коргоп тарыхыбызда калышты.

– А эмнеге анда “Кумтөрдүн” тегерегиндеги Саруудан башка айылдар нааразылык акциясына чыгышпайт?

– 2002-жылы аксылыктарды да ушинтип өгөйлөшкөн. Ошол учурда жалгыз гана аксылыктар бийликке нааразы болуп чыгышкан. Аягы эмне менен бүткөнүн тарых унутпайт. Демек, ошол жердеги айылдардан Саруу айылынын эли акыйкаттык үчүн күрөшүүгө эрки бар деп билем.

– Жогорку Кеңештин “Кумтөр” боюнча 50-50 пайыздык долбоорду колдоп бергенин кандай баалайсыз? Сизге бул маселени тапшырса кандай чечет элеңиз?

– Бүгүнкү колдоп берген Жогорку Кеңештин депутаттары убагы келгенде чыканактарын тиштегенге аракет кылышат, бирок кеч болуп калат. Эгер мага бул иш тапшырылса элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алып 67%га жеткирмекмин, шарттарын өзгөртмөкмүн. Себеби ушул маселени көтөрүп чыгып биз камакка отуруп чыкканбыз.

– Эл арасында муну колдоп берген депутаттарга бир миллиондон акча берилди, ал эми “каршы” да, “макул” да деп добуш бербей, сессияга катышпай койгон депутаттарга мурунку былыктарына байланыштуу кылмыш козгойбуз деп коркутуу болгон. Ошол себептен элге жаман көрүнүп “макул” дебей, бийликтин ачуусун келтирип “каршы” дебестен катышпай коюшту деген пикирге кошуласызбы?

– Акча алгандыгы жөнүндө фактысы жок айта албайм. Бирок өтө чоң басым болгонун бүт коомчулук билет. Депутат байкуштар айласын таппай калышты. А эгер мен парламетте отурганда сөзсүз башкача чечилмек. Биз камалып чыккан депутаттар кайсы бир деңгээлде максатыбызга жеттик. Себеби “Кумтөр” маселесин мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыгуу биздин негизги маселе болгон. Демек, аз болсо да ушул өзгөрүүдө үлүшүбүз бар экендигин коомчулугубуз унутпайт. Ал эми калган пайызын бийликке келгенде элдин пайдасына чечип беребиз.

– Жакынкы күндөрү өкмөт же парламент таркатылышы мүмкүн деген божомол айтылууда. Сиздин оюңуз кандай?

– Кимиси тараарын айта албайм, бирок жазында бир нерсе болот го деп ойлойм.

Эркин Алымбековдун “Кумтөргө” байланышкан маселени колдоп беришкен парламенттин ишине нааразылык билдирип мандатын тапшырганын кандай кабыл алдыңыз? Бул патриоттуулукпу же саясый упай топтоо кадамыбы?

– Кандай болгон күндө да Эркин Алымбековго рахмат айтам. Көлдүк туугандардын духун көтөрүп койду. Азыркы заманда эч ким сөзүнө туруп кызматын тапшырып бергенге жарай бербейт. Эркин чыныгы мекенчилдик кадам жасады.

– Кийинки шайлоодо “Ата-Журт” кайра эле бир күч болуп чыгабы же башка партиялар менен биригип чоң команда менен аттанасыңарбы?

– “Ата журт” мекенчил партиясы өзүнчө саясый күч экендигин эч ким тана албайт. Буюрса элге кызмат кылуу убактыбыз али алдыда. Шайлоочуларыбыздын колдоосуна ишенебиз.

– Эгер жакынкы эки айда парламенттик шайлоо өткөрсө кайсы партиялар жеңишке жетиши мүмкүн? Дегеним, учурда кайсы партиянын, кимдин аброю жакшы?

– Эгер шайлоо административдик ресурсу жок калыс өтсө КСДП бир аз орун алат. “Ата Мекен”, “Республика”, “Улуттар биримдиги” жана “Ата-Журт” партиялары парламентке келе алат.

– Ош мэрин шайлоо, деги эле Мырзакматовдун тегерегиндеги иштерге кандай карайсыз?

– Мелис Мырзакматовду туура эмес кызматтан алышты. Себеби элге иштеген, эл кадырлаган адам кызматта турса бийликке эле аброй алып келмек. Мелис баарыбир жеңип чыгат! Аны Оштун эли колдойт.

– Мадумаровдун позициясын өзгөрткөндүгүн сиз кандай түшүндүңүз?

– Элдин каалоосу менен бирге болбогон, жеке жыргалчылыгын көздөө менен бийликтин сөзүн сүйлөп калса ким жакшы көрсүн?! Убагында Мадумаров “Атамбаевди эч качан президент катары тааныбайм” деп безилдеп жүргөн, “Мадумаровго сырттан акча келген” деп аны алып келген адамдын атынан бери айтып, аны шайлоо учурунда какшатып каралап чыгышса да баарын унутуп койгонуна түшүнбөйм. Эки жүздүүлүктүн да чеги болот!

– Кыргызстан Россияга ыктаганы жакшыбы же АКШ менен дос болушу керекпи? Бажы союзуна кошулбаш керек дегендерди колдойсузбу?

– Эгер президенттин алдында тандоо турса, Атамбаев Россияны тандап алганы туура деп эсептейм. Россия менен тарыхый байланышыбыз көп.

– Жаздан эмнени күтөлү?

– Элибиздин тилеги орундалып, бакубат жашоо тартуулаган жазды күтөлү!

URL: http://kyrgyz.vb.kg/

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17