Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,210 Бардыгы / 2010-жылдагы улуттар аралык араздашууну – Ош коогалаңын уюштургандыгы үчүн сыртынан соттолгон Кадыржан Батыров чет жерде туруп, дагыле Кыргыз бийлигинин башын оорутуп жаткан чагы. Аны дароо кармап, Мекенине кайтарууга ЕККУ өңдөнгөн эл аралык уюмдар токтоосуз түрдө жардамдашуусу абзел! Бул туурасындагы пикирин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Бактыбек КАРАЕВ кабарчыбызга […]
2,211 Бардыгы / 2010-жылдагы улуттар аралык араздашууну – Ош коогалаңын уюштургандыгы үчүн сыртынан соттолгон Кадыржан Батыров чет жерде туруп, дагыле Кыргыз бийлигинин башын оорутуп жаткан чагы. Аны дароо кармап, Мекенине кайтарууга ЕККУ өңдөнгөн эл аралык уюмдар токтоосуз түрдө жардамдашуусу абзел! Бул туурасындагы пикирин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Бактыбек КАРАЕВ кабарчыбызга […]
Бакытбек КАРАЕВ: «ЕККУ СЕПАРАТИСТ КАДЫРЖАН БАТЫРОВДУ КАНАТЫНА КАЛКАЛАБАСТАН, КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАРУУГА ЖАРДАМДАШУУСУ АБЗЕЛ!»
01.11.2016 / Автор anarkan_kg2,212 Бардыгы /
– Бакытбек мырза, мына алдыда жергиликтүү шайлоолор жана жалпы элдик референдум эриш-аркак өтөөрү күтүлүүдө. Эл арасында дал ушул моменттен айрым ички жана тышкы арам ойлуу күчтөр куп пайдаланып, аймакта дагы тоз-тополоң уюштурушу толук ыктымалдыгы байма-бай айтылууда. Дегеле мындай чыр-чатакты убагында басууга күчүңүздөр жана курал-жарагыңыздар жетчүдөйбү?
– Бул сапар шайлоолордун Ош шаарына таптакыр тиешеси жок. А Баш мыйзамды өзгөртүү жаатындагы республикалык референдумга даярдык эмитен күч. Түштүк башкалаасынын милициясынын өздүк курамы тынбай калк аралап, түшүндүрүү жараянын абдан активдештирди. Мындайча айтканда, ушул тапта күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз. Биздин колубуздагы маалыматка таянсак, тынч жаткан элди дүрбөлөңгө түшүрүп, кооптондурганга дегеле негиз жок! Ошентсе дагы, ар кандай күтүлбөгөн кырдааалга күнү-түнү абдан сак турабыз. Кокус кичине, же чоң тоз-тополоң жүз берсе, аны ырбатпастан басууга, ошентип, ээнбаштарды тез арада тске салууга кудуретибиз жана каражатыбыз, албетте, жетиштүү.
– Эл арасында айтылып жүргөндөй, кокус эл аралык издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров өңдөнгөн дүйнөлүк сепаратисттер жалдаган топтор тоз-тополоңду атайылап ырбатып, ал аркылуу кайрадан Кыргызстанга келип, азыркы бийликти кулатуу жана өздөрүнө ылайыктуу гана режимди орнотуу далалатын кылышсачы? Анда кантесиздер?
– Кыргызстандык сепаратист Кадыржан Батыров боюнча соттун өкүмү күчүнө эбак кирген. Ошого карабастан абройлуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (ЕККУнун) бийик трибунасынан пайдаланып, аталган кылмышкер Кыргызстан дарегине сын агытып келатканы дегеле акылга дагы, мыйзамга дагы таптакыр сыйбайт. Анын жана Кадыржандын санаалаштарынын орду – түрмөдө. Кыргызстан ЕККУнун толук кандуу мүчөсү. Демек, тескерисинче, ЕККУ сепаратист Кадыржан Батыровду токтоосуз кармап, анан Кыргызстанга кайтарууга ыкчам жардамдашканы гана оң!
ЕККУнун өзүнүн эл аралык уюм сыңары абдан сонун Уставы бар. Ага түздөн-түз баш ийип, адам укугу боюнча эрежелерди бекем жана ырааттуу сактап, Кыргыз сотунун өкүмүнө ылайык 2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштургандыгы жана адамдардын массалык түрдө кырылышына себепкер болгондугу үчүн ЕККУ эл аралык издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровду канатына калкалабастан, токтоосуз түрдө Кыргызстанга эсен-соо кайтарып берүүгө көмөктөшүүгө тийиш жана милдеткер!
-Бакытбек мырза, дегеле алдыдагы жалпы элдик референдум маалында коомчулукка бекем таянып, алардын өкүлдөрүн коомдук тартипти сактоого бул сапар тартасыздарбы? Мындан тышкары алардын эмгегин балоо жагын кантесиздер?
– Референдум маалында коомчулук менен, албетте, ийиндеше иштешебиз. Жалаң гана шайлоолор жана референдумдар мезгилинде гана эмес башка убактарда деле жаштардын, аялдардын жана аксакалдардын кеңештери менен өтө тыгыз кызматташып турабыз. Абдан айырмалангандарга алкыш жарыяланат. Андан тышкары Ардак Грамота, атайын медалдар тапшырылат. Ушунун өзү алардын мындан ары дагы калк үчүн чын дилден эмгектенүүсүнө өбөлгө жаратааары жана шыктандырып тураары шексиз!
Учурдан пайдаланып айта кетпесем болбос. Кыргыз Өкмөтү акыркы жылдарда укук коргоо органдарына, анын ичинде милицияга камкордукту өтө күчөттү. Айлыктарыбыз жетиштүү. Биз үчүн турак жайлар дагы байма-бай салынып жатат. Демек, социалдык маселелерибиз чекесинен чечилүүдө. Ушундай шарттар эл үчүн мыкты кызмат кылууга гана стимул (өбөлгө) жаратып жаткан чагы.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg УШУНДАЙ ЖЕТЕКЧИ БАР АРАБЫЗДА…
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.