Аймак

ОРОЗАЛЫ АГАЙ КӨЧ БАШЫНДАГЫ УСТАТЫМ ЭЛЕ….

 5,361 Бардыгы /

ОРОЗАЛЫ  АГАЙ  КӨЧ  БАШЫНДАГЫ  УСТАТЫМ  ЭЛЕ….Гезиттин негиздөөчүсү, устатыбыз, акын-журналист Орозалы Карасартов эгер тирүү болсо жаңырган жылдын 1-январында 53 жашка чыкмак. Бирок өзү жок болсо да анын аты журналистика тармагында жашай бермекчи.

Бишкек шаарындагы Абдымомунова 193 дарегиндеги имаратта борбордогу басылмалардын негизгилери жайгаштырылган. “Кыргыз Туусу” газетасынын кабарчылары менин мектебим болгон. “Кыргыз руху” басылмасынын чыгармачыл жамааты менен келип пикир алышып турушчу. 1997- жылдын декабрь айында кар калың жаап Бишкек шаарында бак -дарактар сынып, жолдордо коомдук маршруттар каттамы азайып шаардыктарга көйгөй жаралгандыктан улам гезиттин кезектеги санына сын материал жарыялагам. Ошол материл чыккандан кийин эртеси күнү арык чырай кара торусунан келген кесиптешим Кыял сени менен сүйлөшүүгө мүмкүнбү деп кирип келди. Түштөнүү учуру эле кагаз калемим колумда материалдын үстүндө иштеп жаткам. “Келиңиз!”- деп жанымдагы орундукту ыңгайлаштырып койдум. Ал көрсө Орозалы Карасартов агай экен. Ал менин шаар бийлигин сындаган көз карашымды колдоп сүйлөп “Өзгөндүн кызы турбайсыңбы мен сенин жердешиң болом”- деп ийгилик каалап чыгып кетти. Ошондон кийин агайдан ар кандай билбеген маселерим боюнча жана кеп кеңеш алып “Кыргыз Туусунун” редакциясына көп барып жүрдүм.

ОРОЗАЛЫ  АГАЙ  КӨЧ  БАШЫНДАГЫ  УСТАТЫМ  ЭЛЕ….Алгачкы таанышуум
Анда Орозалы Карасартов деген ысым “Кыргыз Туусу” гезитинде күчтүү чыгып жүргөн. Ошондо эле агайдын адамгерчилиги, аракетчилдиги мени таң калтырчу. Белгилүү калемгерлер Бактыгул Чотурова, Абдиламит Матисаков, Жоро Сулайманов, Сымбат Максутова менен жакындан таанышып калуума Орозалы Карасартов себепчи болгон. Мына ошол чыгармачыл инсандар менен бүгүнкү күнгө чейин байланышыбыз жакшы болуп келүүдө. Орозалы агайдын жумуштан чыгып бара жатып биринчи кабаттагы “Кыргыз рухунун” редакциясына бир баш бакмайынча кетпеген адаты бар эле. Султан Раев агайга кирейин деген учурда “Кыргыз Туусунан” Орозалы бар дешсе кетип калчубуз. Себеби бир саат сүйлөшмөйүнчө чыкчу эмес. Бир күнү Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев Орозалы Карасартов экөө келип Султан Раевдин кабинетине кирип кетишти. Бир учурда Султан агай кабылдамадагы кыздын жоктугунан улам мени чакырып чай даярдап бер деп калды. Кабылдамадагы идиш турчу шкафта кичинекей кагазчада кытайча жазылган даяр баштыкчада чай бар экен. Чындыгында андайды биринчи көрдүм. Ары жагын, бери жагын карап көрдүм окуп түшүнө албадым акыры тиги баштыкчадагынын баарын бир чайнекке салып даярдап туруп конокторго алып кирип бердим. Ошол учурда Орозалы агай мени карап таң калгандай күлгөнү эсимде. Туура эмес даярдап кирдим деп шектенип жүрдүм. Кыш өтүп февраль айынын аягы эле 8- Мартка карата “Кыргыз Туусунун” айымдарына “Кыргыз рухунда” эмгектенген айымдарга достук азилдер жазылды. Алардын ичинен өзгөчөсү мага жазылыптыр. Азилдердин автору Султан агай менен Орозалы агай экен. Мен окуп алып аябай ыйладым. Султан Раев агайга айтып “менин билгенимден билбегеним көп кечирип коюңузчу” десем ал аябай каткырып күлүп эч нерсе эмес сенин ыйларыңды билбептирбиз. Бул деген тамаша анын автору Орозалы акаң деди. Орозалы акама таарынып сүйлөбөй көпкө жүрдүм. Азил мындайча эле.
Атка жеңил тайга чак,
Ырдаса комуз сайратат.
Депутат келсе иш менен,
Көзүнө чайын кайнатат.
Кылычтай сөзү курч кызды,
Жигиттер издеп сурашат.
Белсенип бекем турабыз,
Келечектүү Кыялды.
Чыгааныбыз деп турабыз,
Кут болсун майрам мартыныз.
Докеме барып бир жолу,
Чай үчүн бата алыңыз.
Көрсө келечекти көрө билген инсан Орозалы агай мени ошол кезде эле тамаша чынга аралаштыра турмуштун өйдө ылдыйына, саясаттын ар кандай оош кыйыштарына багыт берген экен. Кийин Жалал -Абад областынын губернаторунун пресс катчысы болуп иштеп жүрдү. Республикалык гезит -журналдардын кабарчылары, теле радиокомпаниялардын журналисттери областка иш сапар менен келишкенде ар биринин жумушуна багыт берип өзү кошо иштешип, анан калса үйүнө ээрчитип барып жаткырчу. Бул багытта КТРдин жамаатынан көп уктум.

ОРОЗАЛЫ  АГАЙ  КӨЧ  БАШЫНДАГЫ  УСТАТЫМ  ЭЛЕ….Агай иш билги эле
Тагдыр буйруп мен да Жалал -Абад жергесинде эмгектенип калдым. Тогуз -Торо – Жалал -Абад жол каттамынын ачылганын көрүүгө областтын губернатору Жусупжан Жээнбеков менен иш сапарга жөнөдүк. Менин бул жолдо экинчи жолу барышым эле. Биз областтагы жол чарбасынын жетекчисинин кызматтык унаасы менен чыктык. Орозалы агай чыккандан эле биз журналисттер губернатордон мурда кете берели деп шашмалактай берди. Эмне эле шашыласыз чоңдордон мурда кайда барабыз десем, тиги ашуунун алдында аябай сонун жаратылышы кооз жерде барып эс алып туралы, анан дагы ал жерде кой союп күтүп жатышыптыр шорпо ичип турбайлыбы дейт. Губернатордон мурда журналисттерди киргизмек беле десем, азыр көрөсүңөр да деп бир учурда Жусупжан Амражановичке чалды, телефон байланышы барганда эле “Ороз мен айтпадымбы силер барып чай ичип олтуруп тургула, биздин жолдор боюнча иштерибиз чыгып жатат”- деди. Мына губернатор айтты уктуңарбы деп агай адатынча күлүп жыргап алды. Бардык сый тамак жедик, андан ары сапар улап ашуунун эң чокусуна чыктык. Чыксак губернатор жетекчилер менен алда качан барып калыптыр. Интервью алдык тарттык, андан соң Орозалы агай кайталы деп калды. Чыгармачыл топтун иш максаты Тогуз- Торого чейин барышыбыз керек эле. Орозалы агай ошондо ден соолугунун жакшы эмес экендигин, ооруп жүргөндүгүн айтты. Анан биз артка Жалал-Абадга кайттык.

ОРОЗАЛЫ  АГАЙ  КӨЧ  БАШЫНДАГЫ  УСТАТЫМ  ЭЛЕ….Мен баалаган инсан
2010 -жылдагы июнь коогалаңында чогуу чараан иш алып бардык. Ал кезде Орозалы агай “Кыргыз Туусу” газетасынын аймактык кабарчысы эле. Мамлекеттик басылмалар, телевидение көз карашыбыз бирдей болуп бир туугандай иштештик. Өлкөбүздүн бүгүнкү өсүп өнүгүүсүнө журналисттердин салымы зор экенине дагы бир жолу ынандым. Кайсы губернатор болбосун Орозалы агай менен жакын сырдаш болор эле. Мен бир күнү тамашалап эмне эле губернаторлор сиздин эле көзүңүздү карашат десем каткырып күлүп, “таза ачык айкын туура иштешсең сенин да көзүңдү карашат. Ал үчүн көп изденип иштөө зарыл, анан оомат, кадыр-барк табасын” деген сөздөрү азыр айтылып жаткандай эсимде.
ОРОЗАЛЫ  АГАЙ  КӨЧ  БАШЫНДАГЫ  УСТАТЫМ  ЭЛЕ….
КР Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Токтогул районуна иш сапары менен Жалал -Абад областынын аймагына келип калды. Жергиликтүү республикалык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болуп адаттагыдай бир унаада чогуу жүрдүк. Токтогул каскадда Камбар- Ата 2 ГЭСинде иш сапар кызыктуу материал көп… Ал кезде облусубузда Азизбек Турсунбаев губернатор эле. Жумуш аяктаган 2чи күнү өкмөт башчы Өмүрбек Токтогулович журналисттер менен кенен маектешти, андан ары ар бирибизге көңүл буруп жакындан таанышып сүйлөшүп жаткан. Бир учурда Ороз аке сүрөткө түшөлү деп сунуштап сүрөткө чогуу түштүк. Жолдо келе жатып акырын сурадым Энергетика министри менен эмне маселени сүйлөштүңүз аябай сырдаштыңыздар го десем, каткырып күлүп “кыйынсың ээ баарын байкап, сүйлөштүм да секретти айтпайт да” деп койду. Ошончолук кадыр- баркына сөздүн күчү менен ийгиликтерге жетишип келе жаткан бараандуу журналист агайымдын эмгеги эрезеге жеткиргенине кубанып бир жагы сыймыктанып койдум.

ОРОЗАЛЫ  АГАЙ  КӨЧ  БАШЫНДАГЫ  УСТАТЫМ  ЭЛЕ….Басма сөз күнү… Майрамыңыздар менен деп Анара эжем экөөн тең куттуктадым. Телефондон бапырап күлүп сүйлөштүк. Саат 10до Барпы театрында майрамдык салтанат экенин билчүмүн. Бирок жумушум бар эле бара албадым. Саат 12 лерде Орозалы агай мага жумушчу жайга кирип келди. Бул конфет сага губернатор берип жиберди деп мага коропка конфетти узатты. Мен сездим мунун баарын уюштурган Орозалы агай өзү болчу. Кубанычым койнума батпай ыраазычылык билдирдим. Дароо эле Анара эжеме байланыштым. Чогуу майрамдадык. Көрсө Орозалы агайдын ошол жыл акыркы басма сөз майрамын тоскон жыл экен. Агай баладай таза жан дуйносу бар эле. Гезиттин иши дегенде ичкен ашын жерге койчу.

Кабар
2015-жыл. Январь айында ооруп жүргөн экен. Бир маалыматтар боюнча байланышсам жооп берип баарын тактап айтты. Ошону менен февраль айынын башында бир байланышып сурадым. Баягы эле бүтпөгөн жумуш… 22 -февраль күнү эртең мененки саат 7де Жолдошбек Осмонов телефон чалды. Саламга келбей эле кайдасың дейт шашмалактап… Оштомун десем бир аз мукактана Орозалы акаң өтүп кетти- деди. Жолдошум Курбан мени карап эмне тынчтыкпы деп чоочуп жооп калды. Жаткан ордумдан аткан октой ыргып туруп креслого олтура калып ыйладым…
Жакшы адамдын шарапаты дайыма билинип орду жоктолуп турат экен. “Аймак” гезитине баш багып барып Анара эжем менен баарлашып өткөн кеткенди, жаңы иш пландарды кеңешип турабыз. Айла жок жакшы адам арабыздан эрте кетти, жаткан жери жайлуу болсун. Бирок агайдын аты өчпөйт. Опол тоодой эмгеги элдин кесиптештеринин эсинде.
Кубаныч уулу, кыздары, неберелери, уучун улар урпактары бар.

Кыял САБИРАХУНОВА, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17