Аймак

ШАЙЫРБЕК ТАШИЕВ: «БИЗ АТАМА «АТАШ» ДЕП ЭРКЕЛЕЙТ ЭЛЕК»

ШАЙЫРБЕК ТАШИЕВ: «БИЗ АТАМА «АТАШ» ДЕП ЭРКЕЛЕЙТ ЭЛЕК»

 4,175 Бардыгы /

ШАЙЫРБЕК ТАШИЕВ: «БИЗ АТАМА «АТАШ» ДЕП ЭРКЕЛЕЙТ ЭЛЕК»

Кыргызстанда «Ата Журт» партиясы дегенде Камчыбек Ташиевди, ал эми Камчыбек Ташиев дегенде анын иниси Шайырбек Ташиевди эстешет. Анткени ал дайыма агасынын өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү. Аны менен маектешүүгө барып Камчыбек Кыдыршаевичке окшош адамды көрдүм. Анын билимдүүлүгү, интеллекти сөзүнөн байкалып турду. Ал баарын ачык айтып, балалыкты эстеп эргип, каргашалуу күндөрдү айтып буулугуп, аны жаңы эле башынан өткөргөндөй айтып олтурду.

КААРМАН БОЮНЧА КЫСКАЧА:
Туулган жылы: 1976-жылдын 16-сентябры
Туулган жери: Сузактын Барпы айылы
Бүтүргөн Университеттери: Комерциялык институттун 1997-жылы, Президенттин алдындагы башкаруу академиясын 2000-жылы, Орусиядагы Бажы академиясын 2011-жылы аяктаган.

«ТОПУРАК ОЙНОП, КОЛУ БУТУБУЗ ЖАРЫЛЫП КЕТЧҮ»
Балалыгымды эстесем боз ала болгон, топурак кечкен күндөр эске түшөт. Ал кездери айыл эли бадага мал чыгарганда көчөдө чаң көтөрүлүп тозуп кетчү. Анан албетте ойногонубуз топурак, кум жерлер болгондуктан колу бутубуз жарылып кетээр эле. Апам ысык суу даярдап, тепшиге бутубузду салып өзү жууп, жылуу жумшак байпак кийгизип мектепке даярдачу. Айылдагы балдар бакчасын аяктаганым азыр да эсимде. Эжекелер баштыктарыбызга калем, дептер, ручка кыскасы мектеп куралдарын салып берип мектепке узатышты. Тизилип алып Крупская мектебине бардык.
Беш жигит 1-класстан мектепти бүткөнчө чогуу окудук. Биз уруш, муштуштан алып болуп, спортто да, сабактарда да алдыда болдук. Мектепти бүтүргөнчө классташтар ынтымактуу болдук, азыр да бир туугандай катообуз бекем. Баардык сабактан жакшы окудум, керек болсо физкультура менен эмгектен да алдыңкы элем. Аны ушундан билиңиз чейрекке эле эмес, күнүмдүк сабакта журналда 4 алган күнүм болгон эмес. Алгебра багытындагы атайын гимназия класста окугандыктан Аят эжекем өзүбүздөн 3, 4 класс жогорку класстарга киргизип, мага алардын программасындагы мисал, теңдемелерди чыгартчу. «Карабайсыңарбы, силердин программаны өтө элек болсо да чыгара алат» деп мактап калчу.
Бир кызык окуяны айтып берейин, райондук олимпиадага барып калдым. Биологиядан жарышка кирип чыксам, физика мугалимим Бааркан эжекем айтып калды, «сен физикадан да жакшы окуйсуң го, кирип чыкчы» деп. Анан жыйынтыгында эки сабактан тең биринчи орунду алдым. Кийин облустук жарышта бардык сабактар бир күндө, бир учурда болгондунтан биологиядан эле кирдим.
Волейболдон зоналык, райондук оюндарда бир топ атыбыз чыккан, аны айылдын улуусу да, кичүүсү да билет. 8-класста Бекабадка топко барып калдык, атаандаштар бүтүрүүчү класстардын балдары, албетте бойлуу, узун жигиттер экен. Командалар тизилгенде биз алардын жарымынан келип калдык. Эл мыйыгынан күлүп, бизди мыскылдагандай түр менен кабыл алышты. Акырында баарын жеңдик, ошентип биз «Эсенгелди агайдын балдары» деген лакап ат менен окууну бүттүк.
Коомдук иштер болгондо уюштургуч элем, өзүм болсо ырдачу жерде ырдап, интермедия да ойноп койчум.

«АТАМ КААРДУУ, АПАМ МЭЭРИМДҮҮ КИШИЛЕР ЭЛЕ»
Үй-бүлөдө беш кыз, алты уулбуз. 11 бир туугандын онунчусумун. Апам мени төрөгөндөн кийин «Баатыр эне» наамын алган экен. Азыр эже карындаштарым, агаларым баары үй бүлөлүү ар биринин өз иши бар. Ата энем өздөрү колхозчу болуп, шарты келбей окуй алышпай калса да, интелекти бийик адамдар эле. Он бирибизди тең жогорку билимдүү кылышты, окутушту. Атам ушунчалык каардуу, сүрдүү киши эле, эгер атам алыстан муштумун түйүп көргөзсө «бүттү, атамдын маанайы жок, эмне кылам» деп коркуп турчубуз. Бирок каардуу кишини жүрөгү ушунча жумшак болот турбайбы. Атам эртен менен эрте кетменин таш менен «тык тык» этип чыңап, анан өтүгүн кийип алып бартканын угуп «атам жумушка кетти» деп жатчу элек. Анан атам жумуштан келе жатып калпагынын четине, кайрылган жерлерине тегерете бүлдүркөн сала келчү. Атамдын басыгын угуп, баягы өтүктүн тарс тарс үнү угулганда «Аташ!» деп чуркап тосуп чыкчубуз. Биз атама «аташ» деп эркелейт элек. Бул сезимди мен эч бир сөз менен түшүндүрүп айта албайм.
Апам болсо ушунчалык боорукер, мээримдүү эле, жылуулугу он бирибизге тең бирдей жетчү. Бир мүшөк койдун башын алып келип кайнатып шорпосуна күлчөтай, бешбармак жасап берчү. Мантыны да өзгөчө жасачу раматылык. Азыркы күнгө чейин оозумдан даамы кетпегени – апамдын катырагы. Кадимки казанга бышырчу катыракка апам пияз кошуп өзгөчө даамдуу кылчу. Өрүк, гилас бышканда апам эки чакасына толтура терип Жалал-Абадка келип кечке олтуруп сатып кетчү. Биздин болсо көзүбүз жолдо, апам качан келет экен деп күтчүбүз. Алыстан көрүнгөндө чуркачубуз, анткени апам бизге майда чүйдө керектүүлөрдү, татууларды ала келчү.
Өкүнгөнүм 2005-жылы АКШга барып келатканда жакындарымдын баарына белек алып, апама 80 долларга 2 жуп байпак алгам. «Жылуу, сапаттуу экен кышында кийейин уулум» деп сандыгына катып койду. Бирок кышка жетпей, күздө көзү өтүп кетти. Апам мени «Шайыржан» деп эркелеп койчу.
Ата-энебиз бизди абдан эмгекчилдикке үйрөткөн. Бир гектар тамеки алып, таңкы саат төрттө үрөң бараңда туруп талаага барып тамекинин жалбыгарын жулуп келчүүбүз. Анан аны түн жарымга чейин жипке тизип, кээде уйкусурап ийнесин колубузга сайып алчу элек. Иш үстүндө жакшы тарбия берилип, насааттар айтылчу. Мен дүйнөдө ата-энем, бир туугандарым менен сыймыктанам.

«БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫН АНГЛИС ТИЛИНДЕ ОКУП АЯКТАДЫМ»
Мен мектепти бүтөөр жылы Камчы акем айылга дүкөн ачты. Окуудан кийин барып жардамдашып жүрдүм. Ошентип экономикага, коммерцияга кызыгуум арта баштады. 1993-жылы атестатты колго алып, андагы Комерциялык институтка окууга тапшырдым. 1997-жылы окууну бүтүргөндөн кийин Бишкектеги президенттин алдындагы Башкаруу академиясынан окуумду улантам дедим үйдөгүлөргө. Биринчи жолу учакка олтуруп, толкунданып борборго жеттим. Чоң шаар, башка жерге түшүп калгансып кызык абалда болдум. Экзамен тапшырып, англис тилинен өтпөй калсам болобу. Жакындарым менен кеңешип бир жыл бою Бишкекте тил курстарына барып, орус, англис тидерин терең өздөштүрдүм. Кийинки жылы англис тилинен экзаменге барсам «2 билет ал» дешти. Алып эле топикке да, грамматикалык суроого да ошол жерден шак эле англис тилинде жооп бердим. Өзүмдүн былтыр да окууга тапшырып, англис тилинен өптөй калган тарыхымды кошуп айтым. Ошентип академияны англис тилинде Masters of business administration деген бөлүмүн эң жакшы баалар менен окуп бүтүрдүм. Жалал-Абадка келип сентябрь айында ЖАМУнун Эл аралык бөлүмүнө жетектөөчү адис катары жумушка орноштум. Кийинки жылы академиядагы курсташтарым Бишкекке жумушка чакырып калышты. Борбор калаанын Октябрь райондук админстарциясында эмгектендим. Кийин өкмөттүн алдындагы коруппцияга каршы күрөшүү мамлекеттик комиссиясында иштеп, Туркияга билимимди жогорулатуу боюнча курска баргам. 2003-жылдан тарта Бажы кызматында инспектордон тартып, Жалал-Абад облусундагы Бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына чейин жеттим. 2008-жылы Орусиядагы Бажы академиясына сырттан окууга тапшырдым.

«КЕЛИНЧЕГИМДИ БИР КӨРҮП, ЭРТЕСИ ЖУУЧУ ЖИБЕРГЕМ»
Өмүрлүк жарымды тандаганымда айлап жылдап сүйлөшүп жүргөн жокмун. 2000-жылы академияны аяктап Бишкектен келгенимде апам бир туугандарымды чогултуп, алардын көзүнчө мага шарт койду. «Сага бир жума убакыт беребиз, кийинки ишембиге даректи айтасын, биз куда түшүп барабыз» деди. Апсатар деген досум экөөбүз кыз издеп жүрөбүз. Анан бир күнү көчөдөн бир кыз менен таанышып калдым. Мага жагып калды, дарегин сурап алдым. Бирок үйдөгүлөрдү жиберээримди айтпадым. Эртеси күнү эле атам, Кармышак авам, Абсатар досум болуп жуучулукка барышты. Атамдар эч нерсеси жок эле барышкан да. Барса эшигинде 2 кой байланып туруптур, көрсө эки жерден куда түшүп, биздикилер үчүнчү болуп барышыптыр. Анан атасы апасын кызына жиберип «кызың менен сүйлөшчү, кимисине макул болот» деп суратыптыр. Анан кайненем келип макулдугун сураса келинчегим мен жөнүндө сураптыр. Анан менден да жуучу барганын укканда, мага макулдугун берип тигилердин себет, коюн кайтарышыптыр. Ошентип 16-жылдан бери ынтымактуу өмүр сүрүп келатабыз.
Азыр төрт уулум бар, улуусу Өмүрбек 15 жашка чыкса, эң кичүүбүз 4 жашта. Кичинекейибиздин атын Камчы акем «мендей адам болсун деп «Камчыбек» атаган. Ошентип биздин үй бүлөдө эки Камчыбек Ташиев бар. Уулдарым баары сергек, адам менен бат тил табышкан чыйрак балдар. Өмүрбегимди түз эле орус класска, Жалал-Абаддагы №1 мектепке алып келип киргизгем. Бакчага да барган эмес, орус тилин деги билчү эмес. Эртеси күндөн тартып эле жазын кышын маршрутка менен мектепке өзү келип кетип, сабагына да тырышып жетишип кетти. Уулдарымдын кимиси болбосун маршруткага чыкканда элдин баарын кепке салып, баары менен маектешип кетишет экен. Аларды айылдын баары Шайырбектин уулдары деп билишет. Сабакты да, спортту да жакшы алып кетип жатышат. Кудайга шүгүр.

«ИЮНЬ КООГАЛАҢЫ ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ КАРА ЧЕКИТ БОЛУП КАЛДЫ»
2010-жылы коогалаң башталган күнү Камчы акем Ошко барып келген, кийин эле бизде башталып кетти. Ынтымактын айланма жолунда элди, абалды тынчтандырууга аракет кылды. Ал учурда Сампада катуу кыргын башталыптыр деп калышты. Акем элге кайрылып, «сиздер ушул жерде туруп туруңуздар, мен Сампага барып келейин» деп кеткен. Көпчүлүк деген ушундай экен да, бирин бири сүрөп жатып Ташбулакты көздөй баса беришти. Акем келип, Ташбулакка барсак, үйлөр өрттөлгөн, асманды кара түтүн каптап калган. Түтүн ушунчалык ачуу – көзүбүздөн жаш чыгат, көп жаш чыга берсе көз ачылбай, чылпактай болуп жабышкаак болуп калат экен. Ыш болгон көзүбүздү сүртө берип, колдорубуз капкара болуп кеткен. Кудайдын кудурети менен катуу жаан жаап келди. Жамгыр күйгөн отту өчүрүп, түтүндү токтотуп, биздин беттерибизди да жууп салды. Нооруз, Ширин кафесин белгисиз кишилер өрттөп салышты, бирок кыргыздын аты жаман атты болуп калды. Бир кезде төрт өзбек жигитти жылаңачтап сабап, бети башын тегиздеп салышыптыр. Үстүнө бензин төгүп өрттөгөнү калышканда арачылап алып обладминстрациянын бир кабинетине киргиздик. Камчы акеме телефон чалып абалды айттым, ал келип өзү тиги балдарды унаасына салып алып чыгып кетти. Ооруканага жеткирди. Аларды азыр көрсөм тааныбайм, кийин тагдыры эмне болгонун да билбейм. Ошол күндөрү мамлекеттик мекеме деп облустук админстрацияны кайтарып, эки күн бою тикеден тике турдук. Абал турукташа баштаганда, бийликке өткөрүп берип үйгө кеттик. Жакындарыбыз «үйдө эле болбойсуңарбы, бул жакта эле олтурбайсыңарбы» дешип санаа тартышты. Андай болсо биз үй бүлөбүздү, колу коңшуларды карап эле олтуруп калган болмокпуз да. Биз аз да болсо эли журтубузду сактап, жерибизди коргоп кан аралап, ок аралап өзүбүздү тобокел салдык. Камчы акемдин болсо үнү да бүтүп калды, жанындагы адамга үнүнүн болушунча айтып берип, анан ал микрафон менен сөзүн кайталап турду. Анда акем «Сузакка бара турган болсоңор мен ушул танканын алдына жатайын, мени бастырып, өлтүрүп анан кеткиле. Мен ал жерде адамдардын өлгөнүн көрбөй эле коёюн» деп айтканда эл токтоду. Ошентип абалды тынчтандырдык. 2010-жылдагы каргашалуу күндөр жүрөгүмдө кара чекит болуп калган.

«ЖАЛАЛ-АБАД «АТА ЖУРТТУН» КИЧИ МЕКЕНИ, АЛТЫН БЕШИГИ »
2012-2013-жылдары Камчы акем 9 ай бою СИЗОдо олтуруп калды. Акыры акталып, ал күндөрү биз баарыбыз акемди сагынып кеткенбиз. Камчы акем чукул адам, чечимди бат кабыл алат, өзү абдан боорукер. Сөзүндө турган, бир сүйлөгөн жигит. Ал жактан келгенде эле «арабызда аман эсен, биздин боорукерибиз болуп жүрө бериңиз» деп сурандык. Ал «Саясатты таштасам мейли, бирок андан кеткен менен менин жардамыма муктаждарга көп жардам бере албай калам. Мен өз алдымча да жардам бере алам, бирок бүткүл өлкөдөгү түрдүү абалдагы адамдарга жардам берүүгө чамам чектелүү болуп калат. Мен кыргызстандын бардык булуң бурчуна баргам, көптөгөн маселеси бар адамдар кайрылышкан, ал дайым жүрөгүмдө. Аларга жардам беришим керек» деди.
Ошол 2013-жылы декабрь айында мени да 3 жылга сыртымдан соттошту, Бажы кызматында иштечү элем, кызматтан четтетишкен. Иштеги жетишкен ийгиликтеримдин артынан алган наамдарымды алышты. Быйыл жазда Сузак райондук сотко соттуулугумду жойгонго уруксат бериңиз деп кайрылдым. Мурдагы чечимди жооко чыгарып, мени акташты.

ШАЙЫРБЕК ТАШИЕВ: «БИЗ АТАМА «АТАШ» ДЕП ЭРКЕЛЕЙТ ЭЛЕК»

Гулмайрам Сабирбекова

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17