Аймак

Ааламдан чукугандай ой тапкан, алаамат дүйнөсү менен жашаган алп журналист Нурдин Исаков өтүп кетти (эскерүү)

 5,995 Бардыгы /

Ааламдан чукугандай ой тапкан,    алаамат дүйнөсү менен жашаган алп   журналист  Нурдин Исаков өтүп кетти    (эскерүү) Бүгүн 7-ноябрь журналисттердин кесиптик майрамы. Бүгүн аймактын алп журналисти маркум Нурдин Исаков агайдын, алаамат дүйөсү менен жашаган бул инсандын туулган күнү. Кечээ эле Нурдин агайыбыздын үнү радиодон жанырып жатты эле. Бүгүн ал жок. Шум ажал арабыздан аны 55 жашында алып кетти.Узак ооруду.Кыйналды, түйшөлдү. Бирок, бизге, кесиптештерине аны билдирген жок. Оорубагандай, мурда кандай болсо, ошол калыбында жүрдү. Бирок, дарт дарт да. Аны акыры ооруканадан ооруканага жатууга мажбурлап,акыры алып тынды. Арабыздан чыгармачылык үчүн күйүп бышкан адам кетти ажалга арбалып. Ал колуна калем кармап жазса – эң биринчи кыска,философияга жуурулуштуруп, таттуу, жугумдуу болуусуна аракет кылуучу. Биз деле аны билебиз,бирок, андай кылып жаза албайбыз Ал гана кагазга жазчу, ой түшүрчү. Угуучу болобу, көрүүчү болобу,окуучу болобу ал даярдаган макалага сүңгүп кирип кетчүүдөй денгээлде сунушталчу. «Акылмандыктын сырлары» же «Радио эссеси» өзүнчө бир чоң чыгарма эле. Ааламдан чукугандай ой тапкан,    алаамат дүйнөсү менен жашаган алп   журналист  Нурдин Исаков өтүп кетти    (эскерүү) Нурдин Исаков- 1958-жылы 7-ноябрда төрөлгөн. Быйыл же тагыраак айтканда 7-ноябрда 55 жашка толмок. 2 уул 2 кыздын атасы.[/b]

[b] Нурдин Орозбаевич адам баасын жогору баалай билген, жөнөкөй, кен пейил, уюштуруучу инсан эле. Ар бир уктуруу же материалды ийине жеткире даярдоочу. Уюштургуч жетекчи болуучу –дейт «Эл ФМ» радиосунун жеткчиси Таштемир Жалиев.
Таштемир Раимжанович Жалиев- кесиптеши, шакирти.
ЭлТР КТРК «Эл-ФМ» радиосунун жетекчиси.[/b]

– Нурдин Исаков менен мен журналист болуп райондук гезитте иштедим «Эмгек майданы»- гезитинде Кара-Суу районунда 92-жылга чейин. Анда билебиз азыркы ЭлТР студиясында Ош студиясы бар болчу. Ошонун радиосуна эмгектенгени келдим 92-жылы 1-августтан жумушка кирдим. Токтогул Кенжеев деген КР маданиятына эмгеги синген ишмер, башкы редактор жетекчи болгон. Жамаатта Нурдин Исаков да бар эле, экөөбүздүн 3-4 жаш гана айырмабыз болбосо бир муун элек. Андан башкалары бизден улуу. Эң кичинекейи мен, менден улуусу Нурдин Исаков болчу. Бизди жумуш жана бири-бирибизге болгон мамиле жакындатты. Буга чейин мен Нурдин Исаковду чыгармачыл инсан катары, гезит басылмалар катарында чукугандай ой тапкан, салмактуу орошон ойлорго бай, чыгармачыл калемгер экенин билчуумун да.
Жаңыдан келгенде тажрыйба алышың керек. Мага устат болуп, мен анын шакирти болдум. Күндөлүк уктуруулардан сырткары Ош радиосунда жекшемби күнү «Ош кайрыктары» деген бир сааттык уктуруубуз мурда КТРдин радиосунан кетчү. Ошол биринчи каналдан Нурдин агай даярдоочу, андан кийин мага да өтүп калды, экөөбүз алмак-салмак бир жума мен, андан кийин ал даярдап чыгарчубуз. Бул чоң жоопкерчилик. Кийин “Ош кайрыктары” деген уктурууда саясат-экономикалык темада эмес, бул баягы көркөм маданий музыкалык программа болчу. Чыгармачыл инсандарды, күлкү багытындагы чыгармаларды, кызыктуу окулары менен инсандары даңазалаган уктуруу болчу. Ошентип башынан эле Нурдин агай менен «Ош кайрыктарын» даярдоого кадам таштадым. Ал инсандан тажрыйба алдым, ини да болдум. Ага-ини болуп иштешип жүрдүк. Үч жылдан кийин Нурдин агай «Эркин Ала-Тоо» деген көз карандысыз телевидение ачып иштеп кетти. Ал менчик телевидение ачуу боюнча Кыргызстана негиздөөчүсү, түптөөчүсү болгон. Ошол жылдары бийликке ачык сын айткан инсандарды мамлекеттик телерадиого жакындатпай, үнүн да угузбай, ошондой инсандар «Эркин Ала-Тоого» барчу. Нуке ошондо эле ачык ой-пикир айтуучу, бийликке сын айтуучу көрсөтүүлөрдү чыгарчу. Азыркы биз эмнени айтсак айтып, жазсак кенири жазып жатабыз, ошол ойду ал ошондо эле берчү. Айкындуулук, сөз эркиндиги ушул «Эркин Ала-Тоодо» бар болчу. Бизде деле бар болчу, бирок биз анчалык эркин бере алчуу эмеспиз. Ошол «Эркин Ала-Тоо» көз карандысыз ТВ жөнгө салган ушул Нуке болду.
Агайдын автордук программалары «Закым», «Теле эссе», «Шахмат талаасы» жакшы ой табылга менен, жаңыча көз караш менен чыккан шоу десе да болот. Мисалы «Шахмат талаасында» бир гана шахмат оюну менен гана эмес, ошонун ичинде саясат, күлкү, учурдагы өлкөнүн абалына да саресеп да салынчу. Бир эле шахмат оюуну менен көп нерсени алып чыккан көрсөтүү болду. Автордук көрсөтүүлөрдүн жетекчиси да болуп эмгектенди.
2010-жылы Ош окуясы болуп, революция болуп ЭлТР ТРКнын башкы директорунун орун басары болуп, ушул жерде жооптуу кызматты аркалады.
2011-жылы мен да бул жерге келдим. Ошондо Нуке «Эл-ФМдин» түптөлүшүнө чоң салым кошуп,өзү жетектеп келе жаткан экен. Анан мени жанылыктар тобун жетектеп бер деп сунуш айтты. Мен макул болуп чогуу кайрадан чогуу иштешип калдык.

[b][b] Нурдин адамдардын турмушун көзүнөн көрүп турчу[/b][/b]

Нукенин уюштуруучулук жөндөмүн,жогорку адамгерчилигин айтып да бүтө албайсын. Ал адамдын кадырын билген, көнүлдү оорутпаган, чыгармачылыкка жөнөкөйлүк менен мамиле кылып , орду-орду менен түшүндүрө билген, кек сактабаган , инсан эле. Ачуусу келгенде да тез тарап көкүрөгүндө кек калтырчу эмес. Онго жетпеген кызматкер болсок да биргеликте иштөөгө, ой-пикирди бир гана жыйындарда эмес, биргеликте чай ичип, чай үстүндө талкуулачубуз.
Бизде иштеген студент кыздарга акчасы жок болсо чөнтөгүнөн сууруганда эле 500 же 1000 сом чыкса , иштетип тур” деп шар эле бере салчу. “Жетпесе дагы беремин” дечү. Моралдык колдоосу, материалдык колдоосу анын кең пейилдигин адамдын турмушун анын көзүнөн билип, жардамга келгени ошондон билинип турчу.
Жөнөкөй нерсени чоң кылып кагазга түшүрө билчү. Жатык тил менен, философиялык тил менен кагазга түшүрүп оюн бере алган инсан эле. Радиодо кулактандырууларга, диктордун сөздөрүн ушунчалык орошон ойлорун кагазга түшүрүп алдыбызга таштап койчу. Таң калчубуз.

Эскерүү менен жашап жатабыз…

Ал биздин милдетибиз жана көзу өткөндө биз 2 күн жалпы аза күткөн күн болду. Эскерүү үчүн атайын программаларды даярдадык, уктурууларды даярдадык. Бизде радиодо «Акылмандыктын сырлары» деген уктурууларды кез-кези менен жаныртып жаттык. Ар бир 2 саат сайын өз үнү менен даярдалган көрсөтүүлөрдү жана уктурууларды беребиз. 7-ноябрь «Басма сөз» күнү, «Улуу Октябрь революциясынын» күнү жана Нурдин Исаковдун Туулган күнү.
Мындан сырткары 8-декабрь кесиптик майрам ошондой эле 7-май радио күнүнө карата агайдын чыгармаларын тартуулап турабыз деген ой бар. Анын жарык көрбөгөн ырлары бар,эсселери бар ошолорду топтоштуруп, өзүм дагы жыйнак чыгарсамбы деген ойлорум бар.
Автордон : Нурдин Исаков агай жөнүндө көп адамдар эскерип пикирлерин айтышкан.Учурунда ал да жарыяланат. Мүмүн Таштамир ага айткандай китеп болуп чыгат. Үйүндө бүгүн кыркылыгы өтүп жаткан экен. Эртең барып жубайы Мунара эжеге, балдар, кыздарына жолукмак болдум.
Кош! Жаткан жериңиз жайлуу болсун Нурдин агай!

[b]Элиза Акжолтоева , “Аймак”[/b]

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17