Аймак

Бактылуу болуштун сыры

 5,338 Бардыгы /

Бактылуу болуштун сыры

Адам баласынын турмушунда максатсыз жашоо болбосун жакшы түшүнөбүз.
Башка жаныбарлардан, тирүү жандыктардан айырмаланып, адам баласы максатсыз жашабайт. Жашоодогу максатыбыз көпчүлүк учурда бактылуу болушту самайбыз. Бакыт өзүнөн өзү келбейт. Бактылуу болушту кааласаң ага адал оюң, ак тилегиӊ, ак эмгегиң, ак ниетиң менен аракет жасасаң ага жетээриң бышык.
Убакыт өткөн сайын, учурунда болуп өткөн урунтуктуу окуялар жүрөк сезимиңде тарых барактары катарында түбөлүк сакталып кала берет. Бул жалган сыноо дүнүйөгө кимдер гана келип, кимдер өтпөгөн. Жараткан ар бир пендеге ар түрдүү тагдырды насип кылып, бирине түйшүктү жүктөсө, кээ бирөөсү түйшүктөн кабары жок турмуш өткөрөт. Бардык нерседен өлүм улук экенин унутуп, тирүүлүктө түмөн түйшүктөрдү баштан өткөзүп, артыңда эсте калаарлык эч нерсе жасабай бул дүйнө менен коштошуп кеткендер канча?
Жашоо өмүрүн максат-тилек менен өткөрүп, жасаган иштери, элге болгон ак, адилет, калыс мамилеси, камкордугу менен өмүрүн өткөзгөн адамдардын артында жылуу сөз, тунук ой, таза пикирлер аңыз болуп айтылып элдин сезиминде, жүрөк түпкүрүндө сакталып калаарын кээ бир айкөл адамдардын басып өткөн жолу айгинелеп туураарына күбөө болуп жүрбөйбүзбү. Ыйман ызаат, ата-бабалардан калган нарк дөөлөттү сактап жашоо бул айкөлдүк эмей эмне. Адам баркын адам билет дегендей, элге жасаган адал кызматын, эл унутта калтырбай эскерип, муундан муунга өтүп элдин жүрөк түпкүрүндө сакталып калаары бышык. Табихаттын табышмактуу мезгили ɵтүп кеткенден кийин, өкүнгөн менен өткөндөрдү ордуна келтирүү оңой болбой калат. Ошондуктан ар бир нерсени убакытка уттурбай, убагында жасап калуубуз зарыл.
Адамдар ортосундагы мамилелер сый урматка негизделип, пейил тарытпай, адам көӊүлүн оорутбай жасаган мамиле тасирдүү болуп түбөлүк эс тутумуӊда калаары шексиз. Мындай мамилелерге негизделген жашоону бактылуу турмуш десек жаӊылышпайбыз.
Жеке кызыкчылыкты, оӊой олжону ойлоп дүнүйөнүн, мансаптын кулу болуудан алыстап, ак эмгек, таман акы, маӊдай тер менен тапкан жашоо тиричиликке эмне жетсин!
Замандын өйдө ылдый болгонуна байланыштуу чоң кызматтарда иштеген тааныш тууган-туушкандардын, куда-сөөктөрдүн колдоосу менен убактылуу кызматка келип, мансапка ээ болуп өздөрүн бактылуу сезип, кулк-мүнөзү таңкаларлык деңгэлде терс жагына бурулуп, өзгөргөндөр жок эмес. Дарамети жок болсо дагы, утурумдук бийликтин ичи койнуна кирип ар кандай жолдор менен, айла-амал менен кызматка орношкондордон жана кызмтты сатып алгандардан кур эмеспиз. Бирок тагдырды сатып ала албайсың.
Мансапка жеткенде акыл токтотпой текеберчилик кылып, эл менен эсептешпей, билимдүү тажрыйбалуу адамдардын айткандарын көкүрөккө түйүп калбай, кулак сыртынан кетирип, көзү ачылбай өзүм билемдик өкүм сүрүп, тагдырга маани бербей жүргөндөр көп эле кездешип жүрөт. Ошондуктан тагдырдын бакыт нурун чачкан жүзүн көргөндө жарылбай, сүйүнүчтөн ашып-ташыбай, ага манчыркап калбай жашоо, бактылуу турмушту баалай билүү болуп саналат. Ал эми тагдырдын муздак борошон менен келген караңгы бетин көргөндө, мүңкүрөп муңайбай көтөрө билүү акылдуулук.
Тийиштүү билим, такшалган тажрыйба болбосо эл менен камыр-жумур болуп, эл кызыкчылыгын көздөп иштеп кетүү сейрек кездешет. Мындай кызматчылардын ишмердигин эл тез аныктап, ойлорун ортого салып, эл ичинде адилет баа берип, кезеги келгенде аларды ордуна коюп жүргөнүн билбейбизби? Мындай элдин купулуна толбогон эл кызматында жүргөндөрдү убагында ордуна коюп туура жолго салбаса аягы өкүнүчтүү, кайгылуу окуялар менен бүтөөрүнө көп эле күбөө болуп жүрбөйбүзбү.
Адамдын кулк-мүнөзүнө, намысына, ишмердигине, иштеги топтогон эл ичиндеги аброюна жараша тажрыйба топтолот. Өмүр тагдырың Жараткандын колунда болсо, жашоо тагдырыңдын бир учугу өз колуңда. Адал оюң, ак эмгегиң, чын пейлиң менен ишке болгон мамилең болбосо сага келген дөөлөт түбөлүктүү болбошуна ишене бергин. “Мээнет жалпак, бакыт тоголок”, -деп айтылгандай келген бакыт-таалайды акылдуулук менен көтөрө билип, ардактап асырай албасаң андан ажырап калуу каш-кабактын ортосунда экенин көп эле жолуктуруп жүрөбүз. Улуу Жараткан адам баласына бакытты байлык, бийлик, мансап ж.б. аркалуу сынак кылып берээрин унутпайлы. Бай болгондо, бийлик келгенде, аны Кудайдын сыноосу катарында кабыл алып, аны туура пайдаланып, адамдык бийик сапатты сактап калбасак, бул жакшылыктардан ажырап калганыбызды, ал колдун кириндей жуулуп кеткенин өзүбүз дагы сезбей калышыбыз мүмкүн.
Жараткандын жазасынан коркуп, келген бакытты көтөрүмдүүлүк, токтоолук, сабырдуулук, айкөлдүк менен асырабасаң андан тез эле ажырап каласыӊ. Ал ар түрдүү кырсыктар, оору-сыктоолор аркылуу да келиши мүмкүн. Убагында жасалбай, убакытка уттуруп ийген учурду кайтаруу кыйынга туруп калат.
Алдыга албан максаттарды коюп ага жетүүнүн жолун, Кудай көрсөткөн жолдон чыкпай, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) берген таалим-тарбиясы аркылуу аракеттенсек ошол максаттарга сөзсүз жетишебиз.
Жаман-жакшылыктарды башынан көп өткөзгөн Чоң атам Ызак – “Өзгөлөргө, башка адамдарга канчалык көп кубаныч алып келип, алардын кубанычы аркылуу өзүңдү бактылуу сезсең мындан артык бакыт барбы”, – деп айтаар эле.
Өмүрдүн баркы сенин ордуң, адамдарга жасаган жылуу мамилең менен аныкталат. Эч ким жалгыз жашоого мүмкүн эмес. Ошондуктан: Бакыт айланаңдагылар менен болгон мамилеге байланыштуу. Жылуу мамиле оор кезди жеңилдетип, жашоону жагымдуу кылат. Кыйынчылыгыңды бирөөгө айтсаң жеңилдеп калаарыңды ар бир адам башынан өткөрсө керек. Ошондуктан аны айтыш үчүн дагы жылуу мамиледеги адам керек. Жылуу мамилени ар бир адамга аны акыркы ирет көрүп жаткандай экинчи ирет көрбөй калчудай мамиле жасасаң ортодогу мамиленин жакшыраарында шек жок. Ошол эле убакытта адамга чоң ишенич болуш керек. Ишенүү бакыттын пайдубалы. Ишенимсиз мамиле узак болбойт. Ишенүү жан дүйнөнү күмөнсүнүүдөн, кабатыр тартуудан, тынчсыздануудан, коркунучтан сактайт.
Бактылуу болууну ар бир адам каалайт, ага жетүүнүн жолун издейт. Адам баласы ден соолугу таза, алты саны аман эсен тɵрɵлгɵндɵ эле ата-энесине бактылуулукту тартуулап, бактылуу турмуштун башталышын башынан ɵткɵрɵ баштайт. Анын кийинки турмушунун бактылуу болушу ага берген тарбиядан, алган билиминен, жашаган коомдон, айлана чɵйрɵдɵгү байланышкан адамдардын тийгизген таасиринен, үй-бүлɵдɵгү мамилелерге дагы байланыштуу болоору күмɵн туудурбас.
Бактылуу болуу кандай экендигине ой жүгүртүп, сɵз менен түшүндүрɵ алгыз сезимдерди ой сезимиӊден ɵткɵрүп бүтɵ албайсыӊ. Жашоодо кээ-бир учурларга байланыштуу болгон окуяларга, жасаган иштериӊдин жыйынтыгына канааттануу менен, байланышкан адамдардан алган жылуу мамиле-сезимдердин негизинде, балдарыӊдын жетишкен ийгиликтери, алардын ата-энеге жасаган мамилелери, дегеле койчу толуп жаткан жагымдуу учурлар менен ɵзүӊдү бактылуумун деп эсептесеӊ болот. Бирок жашоо турмушуӊ нечендеген санаа чектирген жат кɵрүнүштɵр, уккан жагымсыз сɵздɵр, кɵӊүл ооруткан кɵрɵалбастык менен жасалган мамилелер, ар-кандай ишке байланышкан уйкусуз түндɵр менен бирге болоору адам баласы үчүн оӊойго турбаган иш. Ɵзүӊдү бактылуумун деп эсептегениӊ менен жогорудагы жагымсыз учурлар түйшүкɵ салып, жүрɵк түпкүрүндɵ сакталып кала берет.
Бактылуу болууга жүгүрткɵн ой-толгоом пайгамбар жашынан ɵткɵн жашоо турмуштагы ɵткɵргɵн тажрыйбадан алган ой-пикирлеримдин жыйынтыгы сыяктуу эсептелет.
Ушул убакыттын ичинде ɵз бактыбыз үчүн талыкпай эмгектенип, жасаган аракеттерибизге аралаш ɵткɵргɵн, түрдүү оор кɵрүнүштɵргɵ жык толгон нечендеген ай-күндɵрдү кɵз алдымдан чубатып кɵп ɵткɵрɵмүн. Жашаган ɵмүр дээрлик бир кылым болсо дагы тарых ɵлчɵмү менен алганда бул кɵз ирмем убакыт турбайбы.
Жүз жашка чыгып бул дүйнɵ менен коштошоорго жакындаган адамдан: -жашап ɵткɵн бир кылымдык ɵмүргɵ кандай баа бересиз? -деп сураган суроого:
– Бул ɵмүр мен үчүн үйдүн бир эшигинен кирип, бир эшигинен
чыгып бараткадай эле сезилип жатат, – деп жооп берген экен.
Кɵрсɵ адам ɵмүрүндɵгү бир кылымдык убакыт бул деле кɵз ирмем убакыттай сезилгени менен, анын баалуулугу ушул убакытта эмне менен алек болдун, кандай ийгиликтерге жетиштиӊ, акырет үчүн кандай кам кɵрдүӊ, кимдер менен байланыштыӊ, кимдерге жардамыӊ тийди, коомдогу ээлеген ордуӊ, сага жалпы элдин берген баасы ж.б.у.с. ɵлчɵмдɵр менен ɵткɵн ɵмүрдүн аз-кɵптүгүн ɵлчɵсɵ болот турбайбы.
Демек ɵткɵргɵн ɵмүр ɵлчɵмү, убакыт менен эмес андагы жасалган жакшы иштер менен ɵлчɵнɵɵрүн ар бирибиз билишибиз зарыл. Жашообуздун бактылуу деп бааланышы бул Улуу Жараткан кɵрсɵткɵн жолдор менен жашап ɵтүүгɵ умтулуу деп түшүнɵм.
Келечектеги биздин урпактардын жашоосу, ата-эненин, үй-бүлɵɵңдүн, коомдун берген тарбия таалиминен башталат. Тарбиянын туу чокусу ыйман, Улуу жараткандын кɵрсɵткɵн жолу менен тарбиялоо.
Ислам дини жер жүзүнɵ таркала баштаган убакыттан бери I435 жылдан ашык ондогон жүздɵгɵн жылдар өттү. Мезгил оошуп, нечен заман алмашты. Жүз элүү жылдай орус калкы менен аралаш, ирегелеш жашадык. Тилин үйрөнүп, сырын тарттык. Ата бабаларыбыз калтырган ыйык мурастарын, башкача айтканда ыйман туурасында, ата-бабаларыбыздан калган үрп адат, каада-салттарыбызды, астейдил мамилелерди азда болсо азыр да жерде калтырбай улантып келатабыз.
Ошону менен бирге тууган-туушкандар, мусулман боордоштор менен байыртан бери жайсак дасторконубуз, ичсек чайыбыз чогуу болуп келгенин мындан ары дагы улантсак жаман болбос эле. Мындан бир-бирибизге болгон бир туугандыгыбыз ашса ашып, бирок эч бир убакытта кемибек эмес. Тууган-уруксуз, карым-катнашсыз ынтымагы жок жашоо толук эмес, муну тарых тастыктады. Кудай ынтымак-ырашкерчиликти Кыргызтандын элине түбөлүк кут кылсын!
Ар бир адамдын жашоо-турмушунда, ɵткɵргɵн ɵмүр бул тарыхтын кɵп кырдуу барактарынан түзүлүп, ар бир адамдын жашоо турмушу ал тарыхтын ɵзүнчɵ бир кайталангыс барактарын түзɵɵрү шексиз. Жашоодо ар түрдүү адамдар менен кездешесиӊ, акыл бɵлүшɵсүӊ, турмуштун түрлүү кыйынчылыктары менен бирге кубанычтарды дагы бирге бɵлүшɵсүӊ. Бирɵɵ туура түшүнүп, жетишкен ийгиликтериӊди ɵз ийгилигиндей кабыл алып канааттануу менен мамиле жасаса, оюӊа ой кошсо экинчисинен кɵӊүлүӊ калган учурлар дагы болбой койбойт.
Бирок жашоо турмушунда кɵӊүл кубанткан бактылуу орчундуу учурларды, кубанычыӊды жакын санаалаш адамыӊ менен бɵлүшкүӊ келет. Себеби кайталангыс жана унутулгус учурларда жаныӊда жакын санаалаш адамдарыӊ болмоюнча ал маӊызсыз болуп калаарында күмɵн болбос. Мына ушундай учурларды, жакшылык менен жаманчылыктарды бирге ɵткɵрүү үчүн менин тагдырымда жакшы жолдоштордон Улуу Жараткан кур калтырган жок. Алардын ар биринин атын атап олтуруунун кажети жок. Алар аны ɵздɵрү жакшы билишет.
Эки дүйнɵдɵ бактылуу болуунун жолун издесек, Ислам динине ишенүү менен бирге Кудай кɵрсɵткɵн жолдорунан чыкпай жашап, бул дүйнɵ жашоосунда Жараткандын буйруктарын так аткарып, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кɵрсɵткɵндɵй жол менен жашасак адашпайбыз.
Ден соолукта болуп, алты саныбыз аман, буту- колубуз соо туруп, Кудайдын аткарууга милдетүү болгон буйруктарынын бири намаз окууга мүмкүнчүлүк болгонуна топук кылганыбыз, ыраазы болгонубуз дурус болоор. Ушуга байланыштуу болгон бир окуяны айта кетейин.
Дубай шаарына чоӊ мекеме-уюмдун чакыруусу менен барып калдык. Чакырган жактын ɵкүлү Сыдык деген адам менен шаарды кыдырып таанышып жүрүп, деӊиз үстүндɵ салынган абдан кымбат чоӊ мейманкананын жанынан ɵтүп бара жатып, майып, кɵзү сокур бир адамды коляскага олтургузуп сүйрɵп баратканын кɵрүп, дароо токтоп ага карап саламдашты. Ал ɵтүп кеткенден кийин бизге кайрылып:
-Карагылачы мына бул адамга. Бул кишиге ата энелеринен мурас катарында жүз миллиондогон байлык калган. Ɵзүнүн байлыгы дагы абдан кɵп. Мына ушу кишиге; сага бутуӊду ордуна келтирип, эки кɵз берели, сен болгон байлыгыӊды бер десе жок дебейт эле, туурабы!? А биз болсок бардык мүчɵлɵрүбүз аман туруп Кудайдын бизге берген чексиз байлыгына шүгүрчүлүк кылабызбы? Буйруктарын аткарабызбы? Жок, биз болгон байлыгыбызга “Колдо бар алтындын баркы жок” болуп баа бере албашыбыз мүмкүн. – деп улутунуп алды.
Улуу Жараткандын буйруктарын аткарбаган, кɵрсɵткɵн туура жолу менен жашабаган адам, жашоо турмушунда ар түрлүү кырсыктарга кабылып, түрдүү кордуктарды башынан ɵткɵрүп жатканына маани бербей жашоосун ɵз билгенинче ɵткɵрɵ берет.
Чындыгында бардык мүчɵлɵрүбүз аман туруп, эки рекет намаз окуп Аллага шүгүрчүлүк айтып, анын буйруктарын аткарып жатабызбы? Жок. Тегерек четибизге кɵз жүгүртсɵк, акыл калчасак канча деген адамдар ушул эле убакта оору-сыктоонун азабынан тɵшɵктɵ жатып, багууда болуп, ɵзү тамактана албай жаткандар канча? Акыл-эстен адам сапатынан ажырап, үй-жайсыз ар кайсы жерде тентип жүргɵндɵрдү кɵрбɵй жүрɵбүзбү?
Бизге Кудай берген байлыкка ыраазы болуу менен бирге, Анын буйруктарын аткаруудан баш тартууга кандай баа берүүгɵ болот. Мүмкүн жалкоочулуктур? Кудай сактасын, эгер биз бир күнү бизге буюрган мүмкүнчүлүктɵн ажырап калсак, ɵкүнгɵнгɵ кеч болуп калбайбы?
Бул турмушта ишеним менен жашоо биздин жашап жана жасап жаткандарыбыз Улуу Жараткан кɵрсɵткɵн жолго туура келээрлигинин далили катарында каралышы керек. Адам болгондон кийин ар бирибизде татыктуу жашап бактылуу турмуш ɵтɵɵгɵ аракет болорунда күмɵн болбос. Ɵмүрүнүн маани-маӊыздуу болушун кɵздɵбɵгɵн, бактылуу болушун каалабаган адам жок экендиги талашсыз эмеспи. Кɵпчүлүгүбүз бакытка жетиш үчүн эмне кылыш керектигин жакшы билебиз, бирок ага жетүүнүн жолунун артынан түшүп аткарууга эркибиз жетишпейт. Колу-бутубуз кишенделип калгандай абалда болобуз. Кɵздɵгɵн максатка жетпей калсак ага чекит коюга ашыкпайлы. Артынан түшүп, жолун издейли. Ар бирибиз максатыбызга жетүүнүн аракетинде бололу. Ошондо гана ага сɵзсүз жетебиз.
Жашоодо эмне иш жасадык, эмне жараттык, ɵзүбүздɵн кийинкилерге эмне калтырдык, булардын баардыгы ойлондурчуу нерсе.
Кызмат иштеп жүргɵн учурда, кызматтагы адамдар мен муну жасадым, аны жасадым деп айта беришет. Бирок эмне жасаганыбызга бааны кɵпчүлүк эл бергени жакшы. Менин ɵзүмдүн баамымда ɵткɵн турмушка кɵз чаптырсам, кɵп нерсени жасаганга үлгүргɵн жокмун. Тийиштүү шарт дагы болгону жок. Турмуш деген улана берет экен. Азыркы жаш муундарга туура билим, тарбия, үлгү, насаат берилсе жасалбай калган иштерди улантып кетээр деп ойлоймун. Ыйман болбой жасалчуу иштердин жыйынтыгы дагы болбойт.
Ыйман, ынтымак, ак дил, ак ой, асыл максат болбой ийгилик дагы болбосун кɵӊүлүбүздɵн чыгарбайлы.
Жарык дүйнɵгɵ келгенден кийин, биз жашоо тарбиясын ата-энебизден, бала-бакчадан, мектептен, атайын орто жана жогорку окуу-жайлардан, ошондой эле жашаган чɵйрɵдɵн алабыз.
Биз алып жаткан тарбия Алла Тааланын кɵрсɵткɵн жолуна, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жашоосуна окшойбу, же ɵз билгенибиздей жашоо турмушту ɵткɵзүп жатабызбы? Кеп мына ушунда!
Коомубуздагы ар бир инсандын, улуттун кызыкчылыгы үчүн болгон аракети ички ыйман сезими менен күчтүү болсо гана, анда анын руханий мансап дөөлөттөрүн бүткүл дүйнөгө таркатуунун түрдүү жолдорун издөөсүнө көмөк түзмөк. Мүмкүн ошондуктан ыйман маселесин балдарыбызды тарбиялоодо өзгөчө маани берип, бул баалуулукту кимге болсо дагы түшүндүрүүгө аракет жасасак жаман болбойт эле.
Ыйман, жашоодо биз ойлобогон жетишкендиктерге, ийгиликтерге жеткизет. Анын кандай учурда кандай шарттарда келгенин өзүбүз дагы сезбей, билбей калабыз. Ыйман жанга ырахат берет, жүрөгүбүздү нурлантып, рухубузду азыктандырат, зыяндуу нерселерден ажыроого мүмкүндүк берет.
Жакшы нерседен үмүт кылсак ички дүйнөбүздү тазалап, күмөн саноодон арылып, руханий байлыгыбызды арттырып, жашоодогу туруктуулукту калыптандырган күч пайда болоруна күбөө болобуз.
Жасаган ишибиз Алла Таала кɵрсɵткɵндɵй ак пейилден, ак дилден, кɵӊүл коюлуп аткарылса ал ɵзүбүзгɵ дагы , башкаларга дагы кубаныч, ырахат таруулайт.
Арам ойдон, арам иштен, арам деп аталган азыктардан алыс болуу, башкача айтканда мас кылуучу ичимдиктерди ичпɵɵ, баңги заттарга жолобоо, кумар ойноодон алыс болуу, ууру кылбоо, ушак сɵздɵрдү сүйлɵп, адамдардын арасында чыгымчылык жасабоо, бирɵɵнүн адал эмгеги менен тапкан акыларына кыянаттык кылбоо, сүткорлукка жол бербɵɵ, убадага бекем болуп, аманатты так аткаруу жана ушул сыяктуу жакшы жол жоболорду адам баласына аткарууга буюрулган. Бул насааттарды аткарса бактылуу болоору, аткарбаса, кɵп жаман иштерге аралашса жашоодо убайым тартып, санаага баатып, түрдүү кордуктарга учураары дагы айтылган. Бул жашоо эрежелеринен кабары жок адам келген түйшүктɵрдү кырсык катарында кабыл алып жашоосун уланта берет. Булардын баардыгы Улуу Жараткандын бул жашоодо анын буйрукатарын аткарбагандыгы үчүн жиберилген жазасы экендигине кɵӊүл бɵлбɵйт.
Бул дүйнɵнүн азап-кордуктары жашоо ɵмүр ɵткɵн соӊ токтойт. Бирок акыреттеги түбɵлүк ɵмүрдɵгү азап-кордуктардан кантип кутулабыз? Кеп мына ушунда! Улуу Жараткандын кɵрсɵткɵн жашоо эрежелерине туура келбеген иштерибизге ɵзүбүз жооп беребиз, ага эч ким жоопту эмес. Убактысы келгенде бул дүйнɵдɵ кылган кыӊыр иштерибиздин азабын тартууну алыстата албай кордукка дуушар болуп, жооп берүү мɵɵнɵтүн узартууга мүмкүн болбой калат.
Жашоодо бизге берилген аз убакытта, түбɵлүктүү акреттеги ахвалыбыздын камын көрүп жашасак, ал дүйнɵдɵгү тозок азабынан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлɵɵр беле деген үмүттɵн алыстабашабыз керек.
Мен дин багытындагы кɵп китептерди, пайгамбарлардын тарыхын, пайгамбарыбыздын ɵмүр баянын, курандын маани маӊыздарынын котормолорун ж.б. кɵптɵгɵн маалыматтарды бир канча ирет окуп чыгып, Алла Тааланын Ыйык Китебине жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) такталган сүннɵттɵрүнɵ таянып, жаман иштерди жакшыдан ажыратыш үчүн, баскан жолубузда тозок отуна дуушар кылуучу, Улуу Жараткандын бизге кɵрсɵткɵн жашоо эрежелерине каршы келүүчү арамзалык, мансапкорлук, адилетсиздик, кызганыч, кыянаттык, жалганчылык, кастык, куулук, зулумдук, ичитардык сыяктуу жалпы адам баласы үчүн залалы бар сапатар менен бирге зыян тийгизүүчү жаман саналган иштердин кээ бирɵɵлɵрүнɵ токтоло кетейин. Алардын кыскача түшүндүрмɵлɵрү тɵмɵндɵгүчɵ:
-Диндеш, дилдеш бир туугандарыӊа анын жаман иш кылып жатканын билип турсаӊ дагы, ага жаманчылык кылбагын. Мүмкүн ал кылып аткан иштеринин Алла Тааланын туура жолуна туура келбестигин, туура эмес жасаган иштерине кандай азап, жасалар болорун түшүнбɵй, билбей жаткандыр. Ошондуктан ага түшүндүрүп насаат айтсаӊ кабыл алаар. Туугандарыӊдан, бир туугандарыӊдан кол үзбɵй катташып тур.
Пайгамбарыбыз с.а.в. айтканы бар: “Туугандарыӊыз менен мамиле жакшы болушу үчүн уругуӊуз менен тегиӊизди жакшылап билип алыӊыздар. Ɵзү жакын турганы менен мээримдүү, күйүмдүү болбосо, анын жакындыгынан пайда жок. Ɵзү ыраак турганы менен күйүмдүү, мээримдүү болсо, ыраактыгынын залалы жок.”Адамдарга жакшылык кылуу, туугандар менен жакын алакада болуп, ал-жай сурашып туруу –бул сообу бат тие турган кайырдуу иштерден экендигин жана кыямат күнүндɵ Алла Таала эки адамга назар салбаасын Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан. Биринчиси -тууган уруктан кол үзүп кеткен адамга; экинчиси -жаман коӊшуга.
-Жаман кылык жоруктарды, Жаратканга жакпаган жаман иштерди эл ичине таркатпагын. Жаман жүрүм турумдарды кɵрсɵтүүдɵн сак бол. Улуу Жараткан Куранда “Ырасында, ушундаай момундардын ичинде чыгымчылык, жалаа таркалуусун жактыргандарга дүйнɵдɵ жана акыретте оорутуучу азап бар. Аллах –билет, силер –билбейсиӊер” (24: 19) –деп айткан.
-Жалган жалааларды жаап, тактыгын аныктабай, ушак таркатып күнɵɵсүз аялдарга ар түрдүү бирɵɵлɵр менен кɵӊүл табышып кетиптир деген ушактарды айтып абийирине шек келтирүү туура эмес. Куранда айтылат “Акыйкатта, абийрдүү, ак ниеттүү момун аялдарга жалаа жапкандар –бул дүйнɵдɵ да, акыретте да каргышка калышат. Албетте алар үчүн чоӊ азап бар.” (24: 23.)
-Ачык айтылган туура, түз жолдордон адыштыргандарга катуу жаса бар экенин, ошо менен бирге күнɵɵлɵрүн мойнуна алып, туура жолго түшкɵндɵрдүн абалы оӊолорун билели. Куранда айтылат: – “Чындыгында, биз ачык-айкын ɵкүмдɵрдү жана туура жолду Китепте (Куранда) адамдарга баян кылгынгандан кийин, аны жашыргандарга Аллах наалат айтат. Ошондой эле каргыш айтуучулар да (периштелер) аларды каргашат. Бирок тобо кылып, абалдарын оӊдогондордун жана курандагы чындыкты баян кылгандардын күнɵɵлɵрүн кечиремин жана Мен тоболорун кабыл кылуучу мээримдүүмүн.” ( 2: I59-I60)
-Бактылуу адам –бузукулуктан, кайраштыруудан оолак жүргɵн жана оор кайгыга сабыр кыла билген адам. Сиздер адамдарды короо-короо мал, эсеби жок дүнүйɵӊɵр менен канааттандыра албайсыздар, балким жаркын маанай, жакшы пейлиӊиздер менен гана ыраазы кылышыӊыздар мүмкүн, -деп Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан. Ошондой эле орозо, намаз жана садага берүүдɵн дагы ɵйдɵ турган амалдан кабар берейинби?! Ал арыздашкан эки кишини жараштырып коюу, ал эми бирɵɵлɵрдүн ортосун суутуп бузуп-жаруу дин кыргыны, –деген.
Негизсиз терс иштерге берилген адам, алардан арылмайынча жасаган соопту иштерин Алла Таала кабыл кылбашын Пайгамбарыбыз с.а.в. айтып кеткен.
-Ата эненин каргышына кабылуудан сактан, курмандык чалсаӊ, малыӊды Алла Тааланын ыраазычылыгын үмүт кылып сой. Биздин элде куран окутуп, түлɵɵ кылып жана башка жакшылыктарга мал союп Алла Тааланы унутуп койгон учурлар жок эмес. Бул чоӊ күнɵɵ. Мал сойгондо жакшылыкты Алла Тааладан сурансак туура болот.
-Жетекчилер калыс, элине ырайымдуу болушу керек. Берген убадаларын аткарууга милдеттүү. Кабыл алган чечимдери калыс акыйкатты кɵздɵгɵн чечим болушу зарыл. Муну жасабаган жетекчилерге Алла Тааланын, элдин, периштелердин каргышы тийээрин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан.
Ар нерсеге кɵз артпай, жашоо турмушта болгон нерсеге канимет кылып жашоо ж.б.у.с.
Кудай бизди жогоруда кɵрсɵтүлгɵндɵй жаман жолдорго түшүп, Алла Тааланын мээриминен, ыраазычлыгынан ажыратып, каргышына калтырып, тозок отуна дуушар кылуучу иштерден оолак кылсын!
Ар бирибиз Алла Тааланын мээримине жана ырайымына муктажбыз. Ансыз тозок отунан кутулуу мүмкүн эмес. Ошондуктан жасаган жаман иштерге ɵкүнүп, анын туура эместигин дилибиз менен кабыл алып, кайталабашка убада берип, туура жолго багыттансак Жараткандын ыраазычылыгына татыктуу болуп, күнөөбүз кечирилип тозок азабынан кутулушубуз мүмкүн.
Жараткандан суранаарым: Жараткандын көрсөткөн ак жолунан адаштырбай, андан башка колдоочу жок, ийгилик жок, өмүр да жок экенин билүүчүлөрдөн кылгын. Жаратканга жакса экен деген үмүттө жасаган иштерибизди, жакшы санаа ой тилектерибизди кабыл кылып, жакшылык ырайымдарынан насип кылса экен. Урпактарыбызды туура жолго түшүрүп, ыйман берип, өзүӊө моюн сунуучулардан кылып, ыйман келтирүүчү мусулмандардан кыла көргүн, моюн сунбай, наадандыктын жолунда, текеберлик кылуучулардан болуудан сактагын. Ыйман жолунда күмөн саноочулардан кылбагын. Бузукулук жаман ишти жасатып, акыретте зыян тартуучу адамдарга кошпогун!!
Жаратканыбыз биздин бата дубаларыбызды кабыл кылып, тилегибизди колдоп, даражабызды бийик кылып ыймандуу пенделерден болууну насип кылсын.
Бул дүйнө сынагынан ийгиликтүү өтүп Жараткандын ыраазылыгына жетишүү, адамдын алдына койгон эң биринчи максаты болушу керек. Ошондуктан бактылуу болгусу келген адам, жаман кулк-мүнөздөрүн, жосунсуз жоруктарды таштап, Улуу Жараткандын гана ыраазылыгына дал, ылайык келген сапаттарга ээ болуп, адамдык ариет, ар намысы менен өмүр сүрүүбүздү ар бирибизге насип кылсын.
Бул бɵлүмдү жыйынтыктап жатып, Алла Таалага шүгүрчүлүк келтирип, болгонуна канимет кылып Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтып кеткен сɵзү менен аяктаймын. “Ɵлүмдɵн мурун тирүүчүлүгүӊдү, ооруп калуудан мурун саламаттыгыӊды, чолоосуздугуӊдан мурда бош убактыӊды, карылыгыӊдан мурун жаштыгыӊды, жакырчылыгыӊан мурун байлыгыӊды канимет деп бил”.

Кабылбек Жумалиев‎

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17