Аймак

Эне мээрими

 62,951 Бардыгы /

Эки ортодо талашта жүрүп, кыйналып кеткен күндөрү туулганда эле чырдуу туулган окшойм деп ойлойм. Айрыкча мени жараткан адамдарды көргөндө ачуум келип, эч жерге батпай кетем. Анда сөз башынан болсун.
Менин чоң энемдин чоң кызынын күйөөсү каза болуп, бир уул, бир кызы менен энесинин төрүндө отурган болот. Мен Бишкек шаарында төрөлүп, 4 айлык кезимде турмуш шартка байланыштуу ал өзүнүн кызына шерик кылып мени багып алат. Мени менен гана алаксыган апакем убакыт өтүп, жашоо үчүн күрөшө баштайт. Бул адамдын жашоого болгон кызыгуусун кичинекей наристе-мен ойготкон экем. Чоңоюп тилим чыгып 2 жашар болуп калганда, мени жаратуучулар алып кетмекчи болушат. Бирок мен такыр көнбөй, ыйлап барбай койгон экем. Биз үчөөбүз абдан ынтымак болчубуз. Эжем менен агам мени аябай эркелетишип, апакемдин, чоң энемдин мээриминде чоңойдум. Баарынан апама жакын өсүп, ансыз тура алчу эмесмин. Эне сүтүнө тойбогонумдан улам көп ооручумун. Ооруканага көп жаттым. Ошондой күндөрдүн биринде ысытмам көтөрүлүп, өзүмдү жоготупмун. Көзүмдү ачсам апакем кудайга жалынып: «Оо, кудай, бул ымыркайды менден тартып алба, суранам. Анын ордуна мени ал! Кудай мени бул кыздан ажырата көрбө»-деп буркурап боздоп жатыптыр. «Апа, суу ичем»-дедим. Уккан жок. Кайталадым. «Апа!»-десем эмне кылаарын билбей алдастай түшүп, кучактап өпкүлөдү. Көрсө, врачтар «үмүтүңү үз» дешкен экен. Көп өтпөй жакшы болуп кеттим.
Агам мен дегенде баарын жасачу. Сууга алып барып жонуна мингизип сууда сүзчү. Бирок ортодо бир өчпөс сызык бар эле. Ал сызык -мени жараткан адамдар. Ошентип 5 жашар болгонумда алардын 2 баласы бар болчу, мени алып кетебиз деп каттуу камынып келишиптир. Аны уккан апам чачын жулуп, улуп ыйлады да, кийимдерими түйүп колдоруна карматып, алып кеткиле деди. Мен эч нерсеге түшүнбөй калдым. Мени Бишкекке алып барышты. Чоң бөлмөнү мага деп даярдашып, оюнчукка толтуруп коюшкан экен. Алардын баары мага кызыксыз эле. Баргандан баштап сүйлөбөй калдым. Ооруканага мени жалгыз жаткырып коюшту. Ар дайым ооруканага жатканда апам жүз айланым жанымда жүрчү. Күндөн-күнгө апамды сагынып ыйлап, тамактан да калдым. Ал мезгилде ойлогонум эле апам болчу.
Бир күнү ооруканадан чыгып, чоң жол жакка карап бет алдым. Бир жума ачка жүргөн мен бир бурулушка келгенде көзүм караңгылай түштү. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыпмын. Врачтар жанымды койбой сурашат ким экендигимди, а менде тил жок. Бир маалда тигилер келишти. Карап алып ыйлай бердим. Жалдырап эле ыйлай бердим. Ошондогу абалымды капастагы кушка окшотом. Уктасам эле түшүмө апам кирет. Түнкүсүн да оорукананын терезесин тиктеп уктабайм, дарыгер айымдарга жалдырап тиктеп жардам сурайм. Муңканып ыйлайм. Алардын да боору орушуп, мени сүйлөтүүгө аракет кылышат. Майнап жок. Бир жумадай жаттым. Адатымча терезени тиктеп отурсам апам келетат. Алдынан тосуп жүгүрүп баратам. «Апа, апа, апа»-деп ыйлап алгам. Кучактап жыгылдым да, апамы ургулап кирдим: «Апа, апа мени алып кет»-деп жыттап-жыттап алдым. Мени апам көтөрүп алып ыйлай берди. Бизди көргөндүн баары ыйлашты. Сагыныч деген кыйын экен. Апам да арыктай түшүптүр. Ошол күнү уктабадым. Тамак жедим. Апамын кучагында жатып алып «мени таштап кетпе, эжеми, акеми сагындым. Ошолорго алып кет. Азыр кетебиз»-деп түн ортосу ыйладым. Мени жаратуучуларга карагым да келбеди. Жүрөгүмдө эч кандай аларга болгон жылуулук жок эле. Таң атары менен шаар айландык. Мен ушунчалык бактылуу элем. Апакеми эч каякка коё бербей койдум. Базарга барып акеме, эжеме, энеме деп эле көзүмө көрүнгөндү алдырыптырмын. Мен апам менен Ошко келдим. Үйүмө келдим. Энем байкуш ыйлап алган, эжем менен агамы кучактап алып ыйлай бердим. Кубанычым койнума батпады. Досторум да мени күтүп турушкан экен. Оюнга кеттим. Сыркоолоп, сүйлөбөй жатканым деле унутулуп калды.
Ошол окуядан кийин мени жараткандар талашканын коюшту. Мектепте окуй баштадым. Сабактарымдын баары 5 болчу. Баарынан биринчи болчум. Апам мага эң биринчи тырышчаактыкты, өжөрлүктү, чындыкты айтууну үйрөттү. Ал 26 жашында жесир калса да 3 баланы мыкты тарбиялады. Мага чексиз мээрим төгө алды. Керемет эненин сүйүүсүн тартуулай алды. Сабактан учуп-күйүп келген күндөрүм эсимде. Анда апам жумуштан келе элек болот да, эжем менен агам «апаң эрге тийип кетти»-дешээр эле. Бул сөзгө ишенбей жолун карап көчөдө отураар элем. Карааны көрүнгөндө жүгүрүп барып колунан сумкесин алчумун. Сумкада мага деген таттуулар бар болор эле.
Ошентип мектепти да аяктадым. «Журналист болом»- дедим. Болдум. Ал эми мени жаратуучулар да айылга көчүп келишип, бир айылда жашап калдык. Көчөдөн көрсөм катардагы адамдардай өтүп кетем. Апакем «жок дегенде учурашым кой кызым» -деп калат. А мен «сенден башка апам да, атам да жок. 2 гана бир тууганым бар. Алар эжем, агам. Башка эч кимим жок»-дейм. Чын эле мен алардан эч кандай мээрим көрбөдүм. Жаратып апакеме туш кылганы үчүн рахмат айтам.
Мен жашоону апакем аркылуу гана тааныгам. Менин ар бир жетишкен ийгилигимди апакемдин ийгилиги деп билем. Жашоодо эне деген сөздү укканымда эсиме бир гана апам келет. Ооба, ал менин энем. Менин жашоом. Учурунда кыйналып, жесирликтин азабын тарткан апакемдин азыр 8 небереси бар. Бактылуу чоң эне, тайэне. Өмүрүн арнаган 3 баласы кашында. Жыл сайын энелер күнүндө апама ак жоолугумду салам. Периштем менин, карегим. Мен да сендей эне болом. Өзүңдөй эне болом. Эмгегиңди сөзсүз актайм апаке!

Канымгүл (автордун өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17