Аймак

Тырык жүздүү адам

 2,451 Бардыгы /

Тырык жүздүү адам Быйылкы 2013-жылды «Жылан» жылы дешип, жылдын кандай болушун ар ким ар кандай жоорушуп жатышпайбы.
А мен болсо кадимки эле жыландын кандай зат экенин-анын адам менен тынчтык – ынтымакта бирге жашоону кааларын, жардамга муктаждарга кайрылышаарын, ой-жүгүртүүсүнүн тереңдигин, эгер шерттешкени ага чыккынчылык кылса канча убакыт өтсө да өч алаарын, эркиндикти баалай турганын, жакшылыкка жамандык кылгандарга аёо жок карманган жан экенин өзбекчеден которгон макаламан биле аласыздар.
Биз «макулук» деп түшүнгөн жыланча боло албай жатканыбыз өкүнүч эмей эмине? «Адамбыз, акылдуубуз»- деп жар салып, ал эми иш жүзүндө теңирден тескери иш жасап жатабыз. Андай тетири жасаган иштерибизди айтып да, жазып да бүтүрө албай атабыз. Адам баласын:«Дүйнөдөгү негизги суроо-адамдар арасында кантип жашоого болот?»- деген суроосун чече албай, тиги – «түбөлүктүү, жыргал турмушка» кете берет турбайбызбы.
Азырынча, аттиң!- дегенден башка Адам коому жарытылуу чечимге келе албай жатканы өкүнүч эмей эмине?!
«Азаттык» радиосунан «Тамаша эмес» деген берүүсүн угуп алып (анда биздин мамлекетибиздин канчалык бечел, экени айтылмак) «жети өмүрүм жерге кирди» деген арман сөз оозума кирип келгенин өзүм да билбей калдым.
Жылан болобу, башкасы болобу алардын тили гана жок, ал эми алардын акылына таң бербөөгө болбойт деген жыйынтыкка келесиң.

Бул окуя мени ушул күнгө чейин таң калтырат. Турмушта ар нерсенин сан-эсеби бардыгы, адамдын жакшылыгы жакшылык, жамандыгы жамандык менен кайтаары өтө кызык.
Ушундай окуяны өз башынан өткөргөн адамдын оозунан укканмын. Саитов Касымжан менен 3-4 жыл мурун Мироки дем алуу үйүндө таанышып калдык. Ал киши теги ушул жерлик экен, азыр башка шаарда турганын айтты. Жашы кырктарга чамалаган орто бойлуу, көздөрү моймолжуган, сулуу жүздүү бул адамдын бетине бешенесинен эрдине чейин орун алган тегерек тарткан тырыгы бар эле. Ушул кебетесин бузуп турган тырыгын бир көргөн адам аны кичине кезинде тентек бала болсо керек деп ойлошу мүмкүн.
– Элдин баары так ушундай болсо керек деп ойлошот,- деди жанагы адам өкүнүп. Ошондой болгону чын болсо, балким мен үчүн дурус болмок. Мен мынчалык уялмак эмесмиң.
Биз аллея менен баратканбыз. Шеригим бир аз унчукпай калды да, окуяны башынан айтып бере баштады. Анын айткандары мага жомок сыяктуу сезилди.
-Ошондо мен пединституттун 3-курсунда окучумун,-деп менин таанышым аңгемесин улантты.
Күндөрдүн биринде 5-6 студент Хисорго сейилдеп келмек болдук. Жүк ташуучу автомашина менен тоонун бир топ жерине чейин бардык. Ал күнү жакшы эс алдык да, эртеси эки-үчтөн болуп жолго чыктык. Тоонун жазгы чөбү тизеге жетип, булактар шылдырашат, аба таптаза. Мен шериктеримден ажырап кеттим. «Кечиксем камтама болбогула, ушул жерде турушкан тууган-туушкандарыма жолугуп кайтам» деп аларга дайындадым.
Ошентип ортодогу чокуну көздөп келе жатам. Тоолордун кооздугу көздү кубандырат. Бир убакта кичирээк дөңсөөнүн түбүндөгү чөптөрдү басканымды билем, күп этип төмөн жакка сыйгаланып түшүп кетсем болобу! Бир убакта көзүмдү ачсам тереңдиги 4-5 метр келгидей үңкүрдө жатам. Ичи жарык экен. Белим ооруп калыптыр. Жакшы жери үңкүрдүн алды кум аралаш чопо экен. Эгер таш болгондо майып болуп калышым ыктымал эле. Ооруган жерим бир аз басылган соң чыгууга аракеттендим.
Кайдан! Капканга түшкөндөй болдум да калдым. Жогору жактагы кырдуу, ташка араң жеттим. Бирок бул аракетимден эч натыйжа чыкпады. Кыйкырсам эч ким уга турган эмес. Туюкта жатып өлүп калышымды эми сезе баштадым. Мени коркунуч басты. Бирок өзүмү токтото албай калдым. Акыл табуу керек болду. Кырдуу ташты кармайын, андан кийин эмне табам? Үңкүрдүн жогорку капталы жылмакай жана катуу. Курсташтарым болсо алыста мени издешпейт дагы. Бешенеме жазылганы ушул тура. Бирок үн чыгарбай өлүп кеткенден көрө бакырганым туура го. Бактыма бирөө жарым адам угуп калаар. Аябай кыйкырдым. Туткунда эле жаткан жыргал тура. Кечке маал караңгылык каптап кирген мезгилде жогортон бир нерсенин түшүп келатканын көрдүм. Байкап карасам бозомук тарткан зор жылан. Жоондугу бир топ эле бар экен. Жаныман эми үмүтүмдү биротоло үздүм. Жетишпегени эми ушул калды беле! Коркконуман ордуман туруп, капшытка кадалдым. Бешмантымы чечип жылан менен кармашууга даярдандым. Башыман бутума чейин титирек басты. Адам катуу корккондо эсинен танат экен. Бир аздан соң эсиме келип байкасам, жанагы жылан эбак эле түшүп, бир метр ары жакта токоч болуп жаткан экен. Эмнегедир мени менен иши жок. Анын узундугу бир жарым эки метр экен деп чамаладым. Башы анча чоң эмес, бирок карылуудай. Ажыдаарга айланып калганы ушул го. Көп өтпөй ордо бүтүндөй караңгылык каптады. Чөптөрдүн арасынан бирин-серин жылдыздар көзгө чалдыгат.
Жыландын мага тийишпегендигине толук көзүм жеткен соң, жерге жата кеттим. Курсагым аябай ачты кийин уктап кетипмин. Ойгонсом үңкүрдүн ичи жарык, жылан болсо жок. Чыгууга дагы бир ирет аракет жасап жатсам, жогортон бир нерсе топ этип түштү. Алып карасам, өлүк кептер. Таң калып жогору жакты карадым, эч ким көрүнбөдү. Кептердин жүнүн тытып этин жешке кириштим. Ачка болгондуктан көңүлүм айланганына да карабадым. Коркуу жана баш оорута ойлонуу менен бул күн да өттү. Эч ким мени издеп келген жок. Кечинде жылан дагы кирип келди. Бири-бирибизге тийишпедик.
Бир аз уктадым. Жарым түндө башыма бир ой келди. Жылан сыртка чыгып баратканда ага жармашсам эмне болот? Балким жардамы тиер. Ушул ойду туура көрдүм. Таңдын атышын уктабай күтүп жаттым. Жарык түшө баштаганда жылан кыбырап, жогору карай жыла баштады. Анын башы ордон чыгып калган учурда тобокелге салып, куйругун бекем кармап, бутуму ташка такап, жогорудагы кырдуу ташка жеттим. Кийинки ынтылуумда колум ордун кырына жете түштү. Денеми түзөй салып дагы бир ынтылуу менен ордон чыгып кеттим. Жылан эрдик кылды. Менин ордон чыгышыма жардам берди. Анан чөптөрдү аралап сойлоп кетти. Өтө сүйүнгөнүмдөн чөптөрдүн арасына оонадым. Асман, тоолорду карап бир топ жаттым. Аман-эсен калганыма, ишенбедим.
Барсам курсташтарым кетишкен экен. Шаарга бараткан автомашинага түшүп, мен да кайтып келдим. Аларга болгон окуяны айтсам эч ишенишпеди. Арадан бир жыл өткөн соң шаарга жылан ойнотуучулар келишти. Алардын оюнун көрдүк. Курсташтарымдын бири менин башыман өткөн окуяны айтып салыптыр.
Жылан ойнотуучулар менден ошол жерди көрсөтүп бериңиз деп туруп алышты. Ой-боюма коюшпай көп акча беребиз деп да сунуш кылышты. Чынында эле булардын жыландары ордогу жыланга караганда начар эле. Машинасында барып, ошол каргашалуу орду көрсөтүп бердим. Эпчил адамдар экен.
Институтту бутүрүп, шаарда калдым. Арадан жылдар өттү. Күндөрдүн
биринде дагы баягы жылан ойнотуучулар шаарга келишти, кызыгып биз да бардык. Мени таанышып, биринчи катардан орун беришти. Мына, сахнада менден 4-5 кадам ары жакта зор жылан ээсинин буйругу, аракети менен түрдүү коркунучтуу оюндарды аткарып жатты. Көрүүчүлөр болсо анын ар бир аткарган кыймылына таң калышып, дуулдап жатышты. Бир убакта жылан ээсине баш бербей сахнанын четине карай сойлоду. Анын кыймылы тездей баштады. Көз ачып-жумгуча сахнадан түшүп, мага карай атырылды. Акыл-эсими жыйганча бетиме тиш салды. Бакырып жибердим. Залдын ичи ызы-чуу болуп, көрүүчүлөр эшикке кача башташты. Жылан ойнотуучулар жүгүрүп келишип жыланды менден араңдан зорго ажыратып алышты. Коркконуман эсимен танып калыптырмын. «Медициналык тез жардам» машинасында эсиме келдим.
Бетимин жарасы тырык болсо да бүтүп кетти. Бирок, мени өлүмдөн сактап калган жыланга жамандык кылып, аны сатканымы унута албаймын. Ооба, жакшылыкты билбегендин жазасы ушундай болмок! Жолдошум аңгемесин аяктап тим болду. Мажүрүм талдын калың түшкөн көлөкөсүндө тынчтыкка бөлөнгөн аллея менен ар бирибиз өзүбүздүн оюбузга чөмүлүп, кыялданып бараттык.
И. ТИЛОВОВ, (Өзбек ССРиндеги Кашка дарыя областтык «Каш-
кадарьө хакикати» газетасынын 1988-жыл 6-августтагы санынан).
өзбекчеден которгон:
Кенжебек ИСМАЕВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17