Аймак

Узак, узак жашагыңыз келеби?

 23,552 Бардыгы /

Узак, узак жашагыңыз келеби?

Жетимиш жашты таяп калса дагы кадимки солкулдаган жаш жигиттей. Башта 200-300 жыл жашайм десе, эми 1000 жыл жашайм деп, талпынып жүргөн, кудайдан узак, узак өмүр сурап жүргөн фанат Оморов Абдыразактын жашоосу абдан кызык. Узак жыл бою Аска зоо, токой, боз талааларды байырлап, жалгыз жашап жүрдү. Узак жыл бою оору-сыркоо, ажал менен кармашып, күрөшүп жүрдү. Кыргызга таандык эмес жашоого өтүп, эл журтка күлкү болду.

-Абыке жашыңыз канчада?

-Жакында 15ке чыгам.

-коюңузчу (каткырып)

-Орозалы, эми мындай да. Кудайга ишенип, Кудай жолуна түшүп, духовный дүйнөгө өтүп, жашаганыма жакында январь айында 15 жыл толот. Буга дейре 50 жыл өмүр жашоомдо көп, көпкаталыктарга, жаңылыштарга жол бериптирмин. Жан дүйнөмө жараткан ыйык Кудай экенин таптакыр эске албаптырмын.
-Абыке менин билишимче Сиз материалдык дүйнөнүн баалуулуктарынан бүтүндөй кол үзүп, курмандыкка бардыңыз. Ущул зарыл беле?
-Узак, узак жашагың келеби? Жашагың келсе духовный дүнөгө өт.

-Материалдык дүйнөдөн духовный дүйнөнүн айырмасы барбы?

-Албетте бар да. Духовный дүйнө чексиз., жашоо да чексиз. Бир гана материалдык денени, духовный дене менен гармониялык байланыштыруу зарыл. Эки денени бир денеге айлантуу керек.

-Материалдык дене менен духовный денени бир денеге кантип айлантса болот?

-Орозалы, бул өтө татаал, узак процесс. Адам өмүрү да жетпей калуусу мүмкүн. Ошентсе да духовный дүйнөгө аттана берген оң. Духовный дүйнөнүн жашоосу чексиз., кызыктуу, көңүлдүү, ырахаттуу. Кудайдын ыйык кудуреттүү касиеттерине ээ болосуң. Адам баласы сезбеген табияттын сырлуу кубулуштарын сезесиң. Кайыптар менен жолугасың. Илимдин, билимдин кенчи духовный дүнөдө.

-Абыке, бир баштан маегибизди улайлы. Мени кызыктырган суроом, кантип узак жашаса болот? Мына ушунда сиздин жообуңузду уксам?

-Материалдык дүйнөдө жашаган адам затын жараткан кудай, жер бетинде адам денесин кийип, аруулансын, тазалансын, кылган күнөөлөрүн жуусун, анан менин жуховный үйумө кайтсын деп жараткан да. Кылган күнөөлөрүн жуусун, аруулансын деген жердеги жашоо, бизче айтканда жаза өтүлүүчү түрмө. Адам түрмөдөн жазасын өтөп акталмайын духовный дүйнөгө өтө албайт. Материалдык дүйнө бул азап-тозок. Түгөнбөгөн түйшүк. Гөр тирилик, түйшүктөн өлдүп кутулбасаң жөн кутула албайсың. Убакыт сааты келсе төрөлөсүң, ооруйсуң, картаясың, акыры өлүп жок болосуң. Духовный дүйнөдөубакыт саат деген болбойт, түн, күн болбойт, төрөлүп өлүп деген болбойт.Духовный дүйнөдө жашоо чексиз, өмүр чексиз. Жашоонун башталышы да, аягы да жок, чексиз. Мен мына ушуларга таянып 200-300 жыл эмине болуп калыптыр, 1000 жыл жашайм десем, сабатсыз, билимсиз,көөдөн сокур адамдарың мени шылдыңдап жатышпайбы?

-Абыке сиз айткандай болсун. Оболу арууланыш, тазаланыш үчүнө эмне кылуу зарыл?

-Орозалы, адам затын кудай жаратканын сездириш билдириш үчүн кудайдын жер бетине жөнөткөн элчилери, пайгамбарлары Хиристос, Монсей, Илья жана Мухамбеттер аруулануунун, тазалануунун жолун көрсөтүп, 40 күн ооздоруна күкүм да нан, суу ууртабай, 40 күн боюя ачка карманып отурушкан. 40-күн бою ачка карманганда алардын денесиндеги ыплас оору-суркоо, жаман ой-адаттар чыгып кеткен. Жүрөктөрү тазаланган. Акыл-эс, ойлору арууланган.
Мен дагы Мухамбет пайнамбардын жолун жолдоп 21 күн ачка кармангам. 14 жылдан бери ар жыл сайын кыска мөөнөткө ачка карманып денемди дагы, мээмди дагы тазалап келем. Анан дагы материалдык денем менен ички духовный жан-денемди бириктире алдым. Материалдык дене менен духовный дене (кудайдын жаны) гармониялык байланышта болуп, менин денем чексиздикке жол алды.

-Абыке, Сиздин оор философиялык сөздөрүңүзгө мен араң түшүнүп жатам. Гармониялык байланыш деген эмне?

-Жараткан кудай тирүү жандын баарын табияттын законуна баш ийдирип деп жараткан. Кудайдын буйругу менен табияттагы бардык кубулуштар, жашоолор, аба-ырайы, табият кырсыктары болуп турат. Ар бир тирүү жан урук чачып көбөйөт, өсөт, өнүгөт, картаят, ооруйт, өлүп жок болот. Өлгөндүн оордун жаңы муун басат. Адамдын денесиндеги урук гармондор, айрыкча эркектер урук төгөт, аялдардыкы өзүнө калат. Уруктук гармон бул жашоонун энергиясы. Ал өмүр, эркектин күч-кубаты. Муштумдай наристе бала эр жеткиче уруктук гармондордун күчү менен бала өсөт. Эркектин денеси калыптанат. Эркектин бел суусу (гармондук урук денеден бөлүнүп, урук төгүлгөндө) келгенде эркектин денеси өсүү процессин токтотот. Аялга үйлөнгөн күндөн баштап дене урук бөлүп чыгаруучу процесске өтөт. Мына ушул күндөн тартып эркектин күч-кубаты билинбей азая берет, өмүрү дагы кыскара берет. Эркектер 64 жашка чейин урук бөлүп чыгарат, анан таптакыр токтойт. 64 жаштан кийин эркектер өлүмүн күтүп жашап калышат.

-Абыке, аял албасаң, бала-чака күтпөсөң, тукум улабасаң, анда жашоонуну кызыгы жокко?

-Орозалы, сенин дагы айтканың абдан туура. Сен материалдык көз караш менен айтып жатасың. Жер юетиндеги тирүүлүктүн баары табияттын закону менен жаралган. Андан эч ким эч жакка качып кутула албайт. Жашоо табияттын законунун негизинде жүрөт. Эркек менен ургаачынын чаңдашынан улам жаңы нерсе жаралмай, көбөймөй, жок болмой, кайра жаралмай…
Урук чачкан эркек миң кыйын болгон күндө да ашып барса 100-120 дейре жашайт. Табиятынан балыктар, аарылар, көпөлөктөр урук чачаары менен өлөт.
Орозалы материалдык көз караш менен жашаган адамдардын дашоосу башка. Духовный көз караштагы сейрек адамдардын жашоосу дагы, орду дагы таптакыр башка.

-Абыке, Сиз менимче духовный дүйнөгө өтүүдө, дененин дашоосун узартууда, Лама 1-Лобсанг Рампанын байыркы илимдерине таяндыңызбы?

-Эгерде Кудайды жүрөгүң менен чын сүйсөң жолго алып чыгар духтар да, устаттар да, илимдер да Кудайдын буйругу менен табыла берет. Ырасы, мен табияттын законун бузганым да жок. Жараткандын ыйык мыйзамы менен жашадым, аял алдым, урук чачтым, бала-чакалуу болдум, көбөйдүм. 50 жыл табияттын закону менен жашадым. Калган өмүрүмдү кудайга арнадым. Мурунку жашоомдо кылган күнөлөрүмдү жуушум керек. кайра өзүмдүн үйүм, өзүмдүн ата-энем кудайга барышым керек. түбөлүктүү, чексиз жашоо-духовный дүйнөмө өтүшүм керек. күнөөлөрүмөн таптакыр кутулуу үчүн. Мага жер бетинде узак кармалып, узак жашоого туура келет. Тарпы чыккан эски денемди кайра оңдоп түзөгөнү, өзүмдөгү уруктук гармонду сактап калып, өмүрдү узартышым зарыл эле. Өзүмдөгү жашоо гармондору аздык кылат, ал үчүн табият менен байланыш түзүп, талаа-түздөргө, тоо-токойлорго, аска-зоолорго бардым. Булар да кудайдын буйругу менен болду го. Кудайдан өмүр сурадым. Кудайдын касиеттүү ыйык, күчтүү касиетине ээ болдум.

-Абыке, Сиз жашоонун энергиясын өз денемде сактап калып, зор өзгөрүүлөргө дуушар болдум дегиңиз барбы?

-Орозалы кеп мындай да. Эгерде эркек денесиндеги урук иштетип чыгаруу процессин токтотууга эрки жетсе . анда энергия өз денесин багып калат.
Бүтүндөй денеден, сөөк, чучугунан тартып жүрөк, өпкө, деги койчу бүтүндөй органдарждан сызгырылып чыккан уруктук гармон эркек денесин чалдыгып чарчашына, запастык энергиянын тез жоголушуна, дененин тез картайышына алып келет. Мында акыл-эс мокойт. Дене эрте өлүмгө дуушар болот.

-Демек, сиз мына ушулардын баарын билип сексти да курмандыкка чалган экенсиз да.

-Орозалы, мен айттым го мен 50 жашка чейин адамдык милдетимди толук аткарып бүттүм деп. Эми экинчи өмүрүмү баштадым. Ал духовный дүйнө. Бир күнбү, он күнбү, жүз жылбы, канча өмүр сүрбө кудайды жүрөгүң менен сүйсөң болду. Духовный дүйнөгө өтсөн болду. Духовный дүйнө баш аягы жок, чексиз дүйнө. Жашоо да баш аягы жок чексиз жашоо.

-Абыке сиз бул илимдерди кайдан аласыз же көп китеп окуйсузбу?

-Орозалы, залкар Манасчы Саяктбай Каралаев кайыптар дүйнөсүндөгү Каныкей, Манас, Бакайлар менен жолуккандан кийин Манасты кумдай төгүп айтып калды го. Мени да Аска-Зоо, тоо-токой, талаа түзгө кимдир бирөөлөр, көзгө көрүнбөгөн ыйык күчтөр алып кетти го. Ал кездери мен өз акылыма өзүм ээ эмес элем. Кудайдын кудуреттүү күчү менен ушул табышмактуу илимдерди билип жаткандырмын. Экинчиден мен жашымда аябай көп китеп окуганмын. Бирок мындай илимди бир да китептен окуган эмесмин.

-Ал эми табият менен гармониялык байланыш түзүү дегениң кандай?

-Жер бетиндеги тирүү жандардын дээрлик баары табият менен жипсиз байланыш. Бирок, адам баласы гана табияттан алыс. Анткени адам калың дубалдуу бийик, үй түрмөсүндө жашайт. Кийим кечелүү. Табиятка жакын болуу үчүн табиятка жакын жашоо зарыл. Тоо-таштын, аска-Зоонун, тоо-токойдун, суунун духтары менен жакшы, достук, бир боорлук, сиңимдүү мамиледе болуу зарыл.
Табияттан бороон-чачкын шамалдын энергиясын алып, денеде бороон-чачкындуу энергия жүрүп турат. Өрттүү отун энергиясын, ташкындуу суунун, эң күчтүү жердин, түпкүрү жок чексиз боштуктун энергиясын алса болот.

-Абыке, өзүңүң айткан табияттын энергиясын ала-аласызбы?

-Ооба алам. Мен жолун да, сырын да жакшы билем. Бекеринен аска-зоо, тоо-токой, талаа-түздө узак тентип жүргөнүм жок да. Табияттан көп нерсе үйрөнсө болот. Мен алыс барайын. Биздин 1-Май кыштагынын баш жагында чоң арыктын боюнда, көпүрөнүн жанында туурасы эки-үч кулач, аябагандай жоон, бийик өскөн, бутак, шактуу бака-терек бар. Мен бала кезде эле жоон-бийик эле. Мен да жетимишке барып калдым. Жүз жылдан ашып, эки жүз жыл болсо да баягысындай. Жалгыз түп бака-терек, жалгыз жашап, жалгыз өзү гана өзүнө зарыл азыктарды каалашынча алды го. Каалашынча өмүр суусуна чаңкоосу канды го. Ээн, эркин жашап, эркин дем алып, эркин энергияны алды го. Ээн жерде эркин жашады го. Жыш токойдо жашаган дарактар тез картайып, тез сынып, же өрттөнүп, кырсыктарга тез учураарын билдим.
Орозалы, адам деле дарактай. Мен деле акыркы жылдары элден ээндеп, эркин жашаганымда ден-соолугум бат оңолду. Аска-Зоонун ичинде, тоо-токой арасында жалгыз жашап, узак өмүр сүргөн бака теректин жашоосуна өттүм.

-Абыке, менин билишимче сиз деле элден ээндеп, жалгыз жашап, жалгыздыкка көнүп деле калдыңыз го.

-Орозалы, Африканын түнт токоюнда бир уруу жашайт экен. Алар эч ооз ачып сүйлөшпөйт экен. Зарыл болуп ооз ачпаса, сүйлөгөндү жактырышпайт тура. Көп сүйлөсөң көп энергия кетет дешип үн катышпаганы ошондон экен. Мен да акыркы кездери көп сүйлөгөндөрдү жактырбайм. Тоодо жалгыз жашап, он күн жүрсөң он күн, бир ай жүрсөң бир ай ооз ачпайсың. Аерде болбосо ким менен сүйлөшөсүң. Айылда да энергияны сактоо үчүн адамдардан качып турам. Жалгыздыктын жыргалы көп. Бирөө менен сүйлөшсөң түгөнбөгөн проблемаларын айтып башты оорутат, көңүлүңдү чөгөртөт, кыжаалатка бөлөйт. Бөтөн кишинин көйгөйү мага эмне кереги бар. Өз азабын өзү тарта берсин башы жакшы иштебесе, кудайга ишенбесе.

-Абыке Сиз көбүнчө энергияга басым жасайсыз. Сиздин оюңузча энергия жашоонун башкы булагыбы?

-Албетте, мына жөнөкөй бир мисал. Машинаны эле алалы. Аккумлятордо эч бир ток жок. Машина от албайт, жүрбөйт.эмесе машинанын баары жайында, матору турат, бензин, майы бар, айдоочу бар. Бирок машина жүрбөйт, жансыз. Себеби энергиялык ток жок. Машинаны ойгото турган, машинаны чурката турган энергиялык ток болсо гана машинга жан кирет. Адам баласы дагы ошонуң сыңары да. Дагы айтайын, бир гана оокат азыктын энергиясы адамга аздык кылат. Табияттагы табышмактуу, сырдуу, кокусунан пайда боло турган “Стихия” – кырсык-өрт, кызыл жаян сел, Бороон-чапкын, Чагылган, нөшөрлүү жаан, нөшөрлүү каар, катуу аркыраган шамал, кыш чилдеси, ысык саратан жана башкалар… мен атап өткөн табияттын күчтүү энергиясын кабыл алсаң денедеги күч кубаты да ошончолук күчтүү болот. Мисалы, денедеги энергия чагылгандай чарсылдап күйүп, жанып турат. Күчтүү энергиялуу дене ар кандай ооруларды сүрүп чыгат.
-Абыке, көп суроолорго жооп алууга үлгүрбөдүк, кийинки маегибизде улаарбыз.
(Уландысы бар…..)
Маектешкен : Орозалы Карасартов “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17