Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,810 Бардыгы / УЛУУЛУК ЖАНА НЫСАПТУУЛУК (Диоген бүгүн Кыргызстанда жашай алмакпы?) эссе Кайсы заман болбосун акылгөй адамдын жүрүм-туруму, жасаган иши,мансап-мартабасы,напси-пазилети кийинки муундарга сабак гана болбостон,дүйнө таанымына,жашоо жолуна үлгү да болот окшобойбу! Тагдыры башкаларга такыр окшобогон Грециянын улуу философу Диоген жөнүндө кеңири билбесек да анын бочкада жатып,жашап ойлонгон апенди чалыш экенин окуганбыз.анын улуулугу акылында жана напсисин тыя […]
3,811 Бардыгы / УЛУУЛУК ЖАНА НЫСАПТУУЛУК (Диоген бүгүн Кыргызстанда жашай алмакпы?) эссе Кайсы заман болбосун акылгөй адамдын жүрүм-туруму, жасаган иши,мансап-мартабасы,напси-пазилети кийинки муундарга сабак гана болбостон,дүйнө таанымына,жашоо жолуна үлгү да болот окшобойбу! Тагдыры башкаларга такыр окшобогон Грециянын улуу философу Диоген жөнүндө кеңири билбесек да анын бочкада жатып,жашап ойлонгон апенди чалыш экенин окуганбыз.анын улуулугу акылында жана напсисин тыя […]
УЛУУЛУК ЖАНА НЫСАПТУУЛУК (Диоген бүгүн Кыргызстанда жашай алмакпы?)
08.11.2013 / Автор Orozaly3,812 Бардыгы /
(Диоген бүгүн Кыргызстанда жашай алмакпы?)
эссе
Кайсы заман болбосун акылгөй адамдын жүрүм-туруму, жасаган иши,мансап-мартабасы,напси-пазилети кийинки муундарга сабак гана болбостон,дүйнө таанымына,жашоо жолуна үлгү да болот окшобойбу! Тагдыры башкаларга такыр окшобогон Грециянын улуу философу Диоген жөнүндө кеңири билбесек да анын бочкада жатып,жашап ойлонгон апенди чалыш экенин окуганбыз.анын улуулугу акылында жана напсисин тыя билгенинде да болсо керек.
Ал ушинтип айтчу экен:»Жашасаң,ушундай жаша—турмушка көз каранды болбой жаша!».Эч кимге күнкөр болбой,ал түгүл жашоого да күнкор болбо дептир.Кызык,бирөөнүн көзүн карабай кантип жашоо өтсүн? Диоген ушундай кайталангыс философ болуптур.
Кийинчирээк кулдукка сатылып,андан араң кутулуп,Коринф шаарында,таанышынын үйүндө баш калкалап жашап калат.
Ошо кезде даана сөзү,акылы менен даңкы алыска тарай баштайт.Диогендин таң каларлык акылы жөнүндөгү аңыз кеп дүйнөнүн өкүмдары айтылуу Александр Македонскийге да жетет. Ал дүйнөнү багындырган,акыл-эси ташып
турган айкөл эр эле. Македонский Диоген менен боор батыра маектешип,кыйынчылыкты көп тарткан бала кыял ойчулга кандайдыр бир чоң
жакшылык кылгысы келди.Ушул максат менен атагы таш жарган кол башчы өзүн коштогон жан-жөкөрлөрү менен Коринфге келди.Күмүш сооту, башында алтын тулгасы жаркылдаган жаш адөютант жолдо тургандардан сурады:
-Айтып коесуздарбы,баягы Диоген деген ушерде жашайбы?
Жол четинде тургандардын бирөө бырс күлүп:
–Ооба,ушерде,тигине четте, дөңсөөдө олтурат,күнгө кактанып, апенди да….
Александр Македонский атынан секирип түшүп,философтун жанына келип,
акырын маектеше баштады.Анан бир топтон кийин баш көтөрүп мындай деди:
-Атаке,сенин акылыңын дааналыгы мени суктандырды.Эмнени кааласа1 сура,аткарайын.
Диоген ууртунан күлүп: –Мага эч нерсе деле керек эмес эле… Деги өзү сенден
эмне сурасам экен?!
–Каалаганыңы тартынбай сура!
Чыдамы кеткен адютант философко акырын шыбырайт: -Бол тырманбай, заңгыраган үй сура.Тез айт,энем көзү көрбөй баса албайт де. Ат чегилген араба сура.бол эми,нымтырабай…
Ойго тунган Диоген минтип айтат: -Эми карагым сенден ушуну эле сурайм—
Бир аз нары болчу,менден күндү тосуп калдың!
Эгер Александр Македонскийден башка болгондо кыйкырып сөкмөк,келекеле-
мек,ал тургай ак көңүл философту түрмөгө тыкмак. А Александр улуу адам болгон. Каткырып күлүп Диогенди кучактап: «Эгер мен Александр Македонский болбогонумда,сөзсүз Диоген болмокмун» деди.
Ушул сөздөн кийин экөө тала жаңырта каткырып күлүшүп,анан коштошушту. Бул кездешүү экөөнө тең акыл азык, сергектик,күч-кубат берди.
Эх,ырыс кыйды Диоген! Жонун күнгөкактап олтурбай,колун май талканга матырбайбы дейм да! Алдына дүйнө багынткан өкүмдар келир турса.Жок дегенде Римден бир бөлмө үй сурабайбы! Оозунун жели коросо да жакын тууганына губернаторлукту бер дебейби? Жээн-таякелеринин бирине генералдыкты алып бербейби. Алты ат кошулган араба деле бермек…
Жок! Диоген бүгүн биздин Кыргызстанда жашай албайт болчу. Таштанды терип талаада калмак.
Экөөнүн кучакташып каткырып бир күлгөнү– дүйнөнүн байлыгына теңби?!
Мүмкүн башкаларга, бизге окшоп ар бир аракетинен пайда издеген көрпенделерге күлүшкөндүр.( Мага азыр деле күлүп жатышкандай сезилет).
Эгер нысабын агытканда Диоген Диоген болмок эмес,экөөнүн күлкүсү бизге
жетпей калмак.
(Нурдин Исак)
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg “БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” АТТУУ СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg АЛИШЕР УСМАНОВ ГЕРМАНИЯДА АРАМ АКЧАНЫ АДАЛДООГО АЙЫПТАЛУУДА
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.