Аймак

АЛТЫН КАЗЫК АКСЫДАН, ТОКТОГУЛ БУЛБУЛ ТАҢШЫГАН

 9,446 Бардыгы /

АЛТЫН  КАЗЫК  АКСЫДАН,   ТОКТОГУЛ  БУЛБУЛ  ТАҢШЫГАНКыргыз элинин тоо булбулу, төкмө акындардын пири Жеңижок Өтө Көкө уулунун досу, шакирти, замандашы Токтогул Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгы Аксы жери, Аксы эли менен тыгыз байланыштуу. Токому Аксы элинен бөлүп кароого деги эле мүмкүн эмес. Анткени Токомду Аксы эли өз уулундай сыйлап урматтаган. Токтогул Аксыдан чыккан күү атасы Ныязаалы менен жакшы санаалаш жолдош болуп, Жеңижок менен дос болуп катташып турушкан.
Ошондон улам акындар:
Жеңижок ырчы өткөн жер,
Жамгырдай ырын төккөн жер,
Токтогул торгой келген жер,
Токтолбой ырдап берген жер.
Ныязаалы комузчу,
Санат күүсүн черткен жер,
Алымкул төкмө келген жер,
Берметин сөздүн терген жер,-деп айтып, ырдап жүрүшү бекеринен эмес чыгар. Башкасын айтпаганда да Аксынын Афлатун деген жеринен чыккан Канкулу комузчунун күткөн мейманы болгондугун атам раматылык көп сөз кылар эле.
Мезгилинде Токтогулду Сулайманкул болуш да тереңурматтап, ызат-урматын көрсөтүп турган. Током Сейдимкан деген жарын да Аксыдан алып, үйлөнгөндүгү жөнүндө маалымат бар. Чындыгын айтыш керек Сейдимкандын да, Айгеримдин да Аксынын кайсыл жеринен кимдердин кызы экендиги жөнүндө маалымат азырынча изилдене элек. Бирок бул Токомдун арзуусуна арзыган сулуулар экендиги факт. Жеңижоктон башка да Рыскулбек уулу Сулайман деген менен да Током антташкан дос болгон. Токомдун Аксыдагы сапарларын Жеңижок менен биргеликте Сулайман да коштоп бирге жүргөн. Ал киши айткан экен мага «Токомдон артык иш жок» деп. Жеңижок менен ысык-суукта бир болуп, аш-тойлордун көркү болуп бирге жүрүшкөндүгүн тарых тастыктап келет. Алымкан сулуунун махабатына мас болуп жүргөн кезинде Токтогул Ныязаалы экөөсү бирге жүрүп, кыз оюндарда бирге ырдап, анан Субан бийдин кызы Алымканга ашык болгон. Бирок тагдыр деген кызык экен бирине-бири жетпей, арзуу ырлары ырдалып жүрүп өткөн. Кийин Токтогул сүргүндөн келгенден кийин Алымкан эл башы болуп айылды башкарып турганда Токомду чакырып, атайын сый көрсөткөндүгү тууралуу маалымат бар.
Токтогулду экинчи жолу Кетмен-Төбөдөн кармап, Намангандын түрмөсүнө камаганда Сулайманкул болуш Жеңижокту чакырттырып алып:
-Сен суук кабарды уктуңбу,-дейт.
-Жок болуш укканым жок -дегенде Сулайманкул айтат.
-Токтогулду дагы кармап,Наманганга алып барып камаптыр. Мага кечээ Кетмен-Төбөдөн кабар келди. Эптеп чыгарып албасак болбойт. Байкуш акынды кайрадан Сибирге айдап шорун курутпасын, сүйлөшсө болот,- дейт. Каражат топтойлу. Жеңижок балам, мына Калык ырчы да ушул жерде экен, биздин колдо болгонду Кеңеш өкмөтү тартып алды. Азыр колдо эч нерсе калбады. Болбосо ошол Токтогул ырчыны камаган түрмөгө салыгын өзүм эле төлөп, чыгарып коёт элем. Эми Калык экөөңөр эл аралап ырдап, Токтогулду чыгарганга тенге топтогула. Көпчүлүк эмеспи берет,- дейт экен.
Ошондо болуштун бир ооз сөзү менен тенге топтоп, анан Сулайманкул болуш, бул ишке карасуулук Кайназар дегенди жиберет. Кайназар Намангенге барып адвокат жалдап, ага чоңсуммадагы тенге берип бошотуп келет. Ошондо Жеңижок элден акча чогулттук деп айтпастан Токтогулдун камалганын укпаган киши болуп, бошонгонун куттуктап ырдаганда, эл абдан ыраазы болгон экен. Ал түгүл бошотпой турган болсо көтөрүлүп барабыз дегендер да чыккан экен. Кол курала турган болуп калганда, Токтогулду бошотуп алып келип калышат. Ошондо Токомдун башын куттуктап Көксулуу эжебиз бир сыйра кийим кийгизип, эки жыл Аксыда алып жүрүп, Айгерим деген келинге үйлөп, бирок ал эжебиз ооруунун айынан каза болуп калат. Тилекке каршы Айгеримден уулдуу болбогон. Келип элге ашын берип, Током Айгерим эжебиздин сыйнатын кылып анан, ошондо өзүнүн чертип жүргөн «Ак боор» деген комузун ошол өмүрлүк жарынын ысмынан «Айгерим» деп атап алгандыгы тууралуу маалымат бар. Ал «Айгерим» деген комузу ушул мезгилге чейин сакталып келет тура. («Кыргыз-Туусу» 16-18-март 2004-жыл.) Андан мурда да Айгерим жөнүндө:

«Кошулган жарым Айгерим,
Аксыдан чыккан ай келин.
Кадырым билген асылым,
Башкадан барбы кем жерим.
Перзенттүү болбой какшанып,
Зарлап ыйлап келгемин»,-деген ыр саптарын атам көп ырдачу.

Ошентип экинчи жолу сүргүнгө айдалуудан аксылыктар сактап калганы тууралуу маалыматты аксакалдар айтып олтурчу.
Токтогулаксылык багыш болуштугунун болушу Бекмурат болуш менен да мамилеси жакшы болгон. Ал уулуна той кылганда келип, Алымкул экөөсү жарчы болуп болуштун Тайкашка, Байкашка деген күлүктөрүн мактап ырдаган. Себеби бул күлүктөр Аксы чөлкөмүнө байге бербей элди багып турган. Ошол Бекмурат болуштун тоюнда Токтогулга өзүнчө, Алымкулга өзүнчө ак өргө көтөртүп, аларга эркин ой чабытына шарт түзүп берип, тойго жарчы кылганы, тойдун акырында алдыларына ат берип, үстүлөрүнө тон жаап, сый урматын көрсөткөн. Тойдо Жеңижок экөөсү да ырдаган.
Жеңижок:
– Жакшы иш экен оюнда,
Токтогул бүгүн ырдайлы.
Ак илбирстин тоюнда.
Токтогул:
– Мыкты иш экен оюнда,
Ырдаса бүгүн ырдайлы.
Бекмурат жолборс тоюнда.
Кийин болушту Кеңеш мамлекети колундагыларын тартып алып, өзүн болуштуктан түшүрүп, кулакка тартарында актыгынан калып калган, акталган, бирок эки күлүккө кейип бир жума оордунан турбай жатып алып ыйлаган экен. Күлүктүн баркына жетпей, ал кездегилер кор кылган тура.
Токомдун Бабажан деген чоң залкар комузчу баласы бар болгон. Ошол Бабажанды Топчубай өлгөндөн кийин атайын Аксыдагы Баба-Ата мазарына жараткандан бала тилеп сыйынып баргандан кийин жыл айланып уулдуу болуп, атын Бабажан койгондугун, аны Током жараткандан тилеп алгандыгын, Бабажан аке өзү да мойнуна алып айтып берген. Эми бул Баба-Атага баруунун кыскача тарыхын айтып кетүү жөндүү болот.
Током сүргүндөн келгенден кийин жалгыз уулу Топчубай өлүп, энеси өлүп, катыны башка бирөөгө тийип кетип чоңкайгынын кучагында калат. Досторунун, замандаштарынын көмөгү менен үйлөнөт. Бирок перзенттүү болбой жүрүп калат. Ошондо Жеңижок акын айтат экен:
-Токо ушул Баба-Ата касиеттүү мазар, «Элде бала тилесең Бата-Атага бар» деген сөз бекеринен айтылып калбаган, ушул жерге зыярат кылып баргын. Мен да бала тилеп Баба-Атага Көк экөөбүз бара жатсак, жолдон мага сыр көрүндү. Алдымдан аппак көйнөк кийинген келин кесип өтүп кетти. Эркек адамдын жолун кесип өтүп кеткен сулууну издеп эле таппай калдым, аял киши сапарга кетип бара жаткан адамдын жолун кесип өтүп кетсе, жол болбой тургандыктын белгиси- дейт нускалуу карылар. Демек мени жактырбады -деп кайра жолдон кайттык. Сен бар Токо, сага кудай берет,- дейт.
Токтогул Сейдимкан экөөсү Баба-Атага барып, Током боздоп ыйлаганда, анда келген зыяратчылардын баары ыйлашат. Баары кошулуп жараткандан «Токомо бала бер!» деп тилек кылышат. Ошондо топтун ичинде турган жашы Током менен жашташ бир адам аты Сатыкул болот, өмүрлүк жубайы Өмүрзак бийдин кызы Жумагүл экөөсү да бала тилеп ушул жерге келишкен болот. Ошол айтат:
-Эми Токо, баарыбыздын муун-жүнүбүздү бошотуп ыйлаттың, эми мына малды союп казанга салып койдук, зыярат кылып куран окуйбуз. Сиз эми биздин көңүлдү көтөрүп ырдаң,- дейт. Анда Током күүлөрүн чертип,тебетейин желкеге түшүрүп, кайра башына чыгарып, элдин баарын күлкү шатка бөлөйт. Ошондо Сатыкулдун аялы Жумагүл бир сарпай алып келип Токомдун үстүнө жаап, башына суусар тебетей кийгизет. Алар ошол Бата-Атада жайлоодо олтурган болушат. Токомду бир жума алып калышып сыйлап, анан жөнөтүшөт. Мына ушул окуяны санжырачы, ырчы, чоң сөзмөр биз көрүп калдык,- деп Субанов Абылкасым авабыз айтып берген эле.
– Ал кезде мен жаш бала элем,- дейт Абылкасым ава,- кийин бир жыл арадан өткөндөн кийин Током уулдуу болуп атын Бабажан коёт, Сатыкул да уулдуу болуп атын Ален коёт. Ошондо уулдуу болгондо жаратканга ыраазымын деп Током бир куйруктуу койду Итагардан – Баба-Атага чейин жылаңайлак ыйлап, жетелеп барган экен. Кийин Сатыкулдун үйүнө келип жатып, экөөсү баласын бешик дос кылышат. Бабажанды ырымдап Алендин бешигине бөлөп, анан кайра алышат. Током ошондо Жумагүлдү мактап ырдап, Анжияндан алып келген жибек көйнөк бердирет. Ошентип Бабажан менен Ален бешик дос болуп калышат да, Сатыкулдун баласы Ален менен Токомдун баласы Бабажан экөөсү дос болуп кийин катташып турган. Бирок азыр экөөсү тең өтүп кетишти. Ален аке төрт уул, үч кыздын атасы болот. Бирок кийин Сатыкул аке кандайдыр бир себептер менен Жумагүл эже менен ажырашып кетип, бөлөк катын алат. Жумагүл эже да бөлөк күйөөгө чыгып, андан Ормон деген уулдуу болот. Ормон аке да өтүп кетти, ал кишинин уул-кыздары бар. Ал киши эл сыйлаган, калкка кызмат кылган кадырлуу адам. Уул-кыздары өнүп өсүп, элге кызмат кылып келет. Ален аке менен апасы бир, атасы бөлөк бир тууган, катташып турушат. Бул окуяны Ормон аке да тастыктап бизге айтып берди.
Ал эми Токтогул менен Алымкулдун Акбаары менен Самсаалыны мактап ырдап, Аксыда Алишердин тоюнда элге чоң тамаша кылып бергени, өткөн тойдун көркүн чыгаргандыгы баарыбызга маалым. Кайран Током Аксыдан дос, жар арттырып,ысык сууктан калбай катташып турган. Аксыда көп жыл жашап өмүрү өткөн тура.
Коргоол Досуев айтчу экен. Аксыда Кара-Суу деген жерде бозо ичип мас болуп олтурсам «Токтогул келе атат, Токтогул келе атат» деген кабар келип калды. Ошондо бирге ичип олтургандар Коргоолду күүлөшүп калбайбы «Токтогул келсе келет да, сен эмне Токтогулдан кем белең. Алдын тосуп тийишип ырда»- деп калат тура. Ошондо бозого тоюп алган кайран Кокем Токому беттеп ырдап калбайбы: «Оруска барып келгенсиң, чочконун этин жегенсиң»,-дегенде Током аттан түшпөй туруп: «Устатына тийишкен учаңан ургур, көзүң соолсун»,- деп бата тартып жибергенде, бир жумадан кийин Кокемдин бир жак көзү агып түшкөн экен. Ошондо Токтогулдун жанында турган Жеңижок Кокемди жон талаштыра камчы менен чаап, чаап жиберген экен. Токомдон кечирим сура,- деп. Бирок, Током бир таарынса жазылчу эмес экен. Муну Кокем өзү айтчу эле деп маркум төкмө Алтымыш Мундузбаев көп жолу айтып берген.
Ал эми Токтогул залкар, ак таңдай төкмө Жеңижок кайтыш болгондо укпай калып, кыркы өткөндөн кийин келип калат экен. “Жеңижоктун үйүнө Токтогул келди”- деп, эл андан-мындан топтолуп олтуруп тез эле чогулуп калат экен. Ошондо эл, досу жөнүндө Током эмне дээр экен? -деп Токомдун оозун карап калат. Керегеде илинип турган Жеңижоктун комузун алып, Током ошондо ырдаган экен.
Ак тулпар элең желеде,
Ак шумкар элең чегеде.
Армандуу өлүм айынан,
Ак тулпар кетти желеден.
Ак шумкар учту чегеден,
Эми туулбайт сендей энеден.

Көк тулпар элең желеде,
Көк шумкар элең чегеде.
Күйүттүү өлүм айынан,
Көк тулпар кетти желеден.
Көк шумкар учту чегеден,
Эми туулбайт сендей пендеден.

Бедеси белден кара жер,
Медерим элең кайран эр.
Туланы белден кара жер,
Туйгунум элең кайран эр.
Күмүштү жезге өткөрбөйт,
Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт.
Алтынды жезге өткөрбөйт,
Айтпасам дартым бөксөрбөйт.
Алтыным күйсө күйсөчү,
Асылым Өтө жүрсөчү.
Күмүшүм күйсө күйсөчү,
Күкүгүм Өтө жүрсөчү,-деп ырдап ыйлап жатканда келгендин баары Токомо кошулуп ыйлаган тура.
Аксыдан чыккан залкарлар менен бирге жүргөндүгү Токтогул төкмөгө чоң шык, дем күч берген. Жеңижок менен Ныязаалыга Токтогулдун берген баасы ал асылзаада залкарлардын баасынын канчалык экендигин көрсөтүп турат. Током айтчу экен «Мен Өтөкем бар жерде ырдабай комуз чертип олтурайын, Ныязакем бар жерде комуз чертпей ырдап олтурайын»,- деп мына ушунун өзү эле Токомдун аксылык замандаштарынын дараметине берген чоң баасы жана урмат сыйы деп айтууга болот.
Мезгилинде Токтогул менен акылдашып кат тааныган Жеңижок эки куржун ырын атка артып алып Уфага китеп чыгарам деп жөнөгөндүгү, жолдо Ташкенттеги 1916-жылдагы көтөрүлүшкө туура келип калып, ырын да жоготуп, атын да жоготуп, өзү араң жанын сактап качып келген экен. Ошондон көп өтпөй эле көз жумган деп карасуулук Ырсаалы аксакал, Авлетимден менин атам Ашыралы, белгилүү санжырачы Бөрүкул аксакалдар да айтып олтурчу.
Токтогул акынды сүргүндөн келгенден кийин да алты, жети ай эч кимге көрсөтпөй жайлоого алып чыгып өргүтүп багып, Жеңижок достук милдетин аткарган.
Атам Ашыралы Калбай уулунун эскерүүсүнө караганда Токтогулду эч ким Токтогул деп атынан айтчу эмес экен. Элдин баары Током дешип сыйлашкан. Ошол Током орто бойлуу, кызыл жүздүү, буудай ыраң, чокчо сакал, томолок адам эле дейт. Ак көңүл, эч кимдин көңүлүн калтырбаган, таза жүргөн, таза кийинип таза баскан, тамакты да тазасын жеген, мырза адам болчу дейт. Бозо шарап иччү эмес экен. Ошол Алымкул ырчы да Токомдон үлгү алып, таза, ичкилик ичпеген, насыбай чекпеген пакиза, сылык сыпаа, манап адам болгондугун Алымкул төкмөнүн өмүрлүк жары Назим апам көп ирет айтып берген.
Заманыбыздагы чоң төкмөлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев 1989-жылы Токтогул районунун борбору Токтогулдун Миң-Дөбө деген жеринде маркум Бекмамат Осмоновдун демилгеси менен өткөн Токомдун 125 жылдык тоюнда Токомду «Жездебиз болот турбайбы»- деп ийине жеткире ырдап, ошондон Эстекем Ысак Барпиевге чоң баа берип: «Айтат деген ушунчалык, жакшы айттың Ысак, мындан ашырып айтуу деги эле мүмкүн эмес»,- деп өзүнүн айкөлдүгүн дагы бир ирет көрсөтүп, Ысакемдин колун кысканын көрүп кубанбадыкпы.
Комузду алсам колума,
Токомду алам оюма.
Токомду алсам оюма,
Ой кошулат оюма.
Топ менен келдим илешип,
Торгоюм Током тоюна.
Эскиче куран билбеймин,
Ыр сунам куран ордуна.
Жаңы-Жолдон мен келдим,

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17