Аймак

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар алардын концерттин колдоого албаганы үчүн Жалал-Абад мэриясына нааразы болуп жатышат (фото)

 1,583 Бардыгы /

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар алардын концерттин колдоого албаганы үчүн Жалал-Абад мэриясына нааразы болуп жатышат (фото)

Жалал-Абад шаарынын мэриясына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар нааразы. Бул тууралуу «Асыл-Ай» мүмкүнчүлүгү чектелген коомунун жетекчиси Жумакан Жаркулова бүгүн, 12-майда билдирди.
Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы таланттуулар бүгүн, 12-майда Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата «Биз да тынчтыкты каалайбыз» деген пиалышта концерт беришмек. Билет баасы 50 сомдон чегеришкен, бирок шаардык мэрия уюштуруу иштерин колго алышкан эмес.
«Базар-Коргон, Сузак райондоруна жана Жала-Абад шаардык мэриясына 500дөн билет таратканбыз 50 сомдон. Ал акчаларга таланттууларыбызга кызыктыруучу сыйлыктар берилмек. Сузак колго алды, шаардык бийлик солгун мамиле жасашты. Алыскы район шаарлардан атайын даярдыктар менен келишкен, бир көрүүчү жок. Бизге кол чабуу дем берет. Шаардык мэриядан кол чаап олтуруп бергенге же уюштуруп бергенге жарашкан жок. Биздин уюмдун мүчөлөрү үйдө олтура беришип бук болушат, кичине эл алдына таланттууларды алып чыгалы десек кайдыгерчилик менен мамиле жасашты», – дешет алар.

http://www.turmush.kg/

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17