Аймак

“Ата Журт” фракциясы кайсы күнү Ө. Текебаевди нокаут кылат?!

 1,567 Бардыгы /

“Ата Журт” фракциясы кайсы күнү                          Ө.  Текебаевди нокаут кылат?!

“Текебаевдин бүгүнкү мыйзамы кыргызды экиге эмес, жетиге бөлө турган мыйзам экен”

Өмүрбек Абдрахманов ЖоКо мүчөсү

“Ар бир аймактын депутаты болот деп көрсөтүлүп атат. Бир райондон депутаттыкка татыктуу бир да адам табылбай калышы мүмкүн. Айылдын тың чыкма кыз – жигиттерин депутат кылууга туура келип калат. Парламенттин деңгээли аймактарда калып кетет”

Исмаил Исаков ЖоКо мүчөсү

Жогорку Кеңештин мүчөсү Ө. Абдрахманов айткан пикир чындыкка дал келбейт. Кыргызды жетиге(облуска) бөлүү демилгеси Аскар Акаевге таандык. Бул дооматы суу кечпейт. Эртең Төө Ашуу же Ала Бел ашуулары үчүн Ө. Абдрахманов Ө. Текебаевди күнөөлөп чыкса таң калыштын кереги жок. Бул кишинин кээде жунглиден жаңы эле келген кишидей “балп” эттирип коймой өнөрү бар.
Жогорку Кеңештин дагы бир мүчөсү Исмаил Исаковдун пикири өтө эле примитивдүү. Бу киши “татыктуу адам табылбай калышы мүмкүн” деп Жогорку Кеңешти сулуулар конкурсу менен чаташтырып жаткандай. “Парламенттин деңгээли аймактарда калып кетет” дегени эмнени туюнтат?! “Парламенттин деңгээли аймактык адамдардын (кышлакылардын)деңгээлине түшүп кетет” деген ойду айткысы келип жатат окшойт чамасы. Бүгүнкү парламенттин элитасы деген эки кишинин ой жүгүртүүсүн уккандан кийин , бул парламенттин деңгээли деле “аймактарда калып кеткен турбайбы” деген пикирге келесиң. Эки депутаттын Өмүрбек Текебаевдин мыйзамындагы чийкиликтерди таап чыгып, “мынабу жерин минтип өзгөтөлү, бул жерине мобундай толуктоо киргизели” дегендин ордуна жогорудагыдай суу кечпеген сөздөрдү сүйлөп, өздөрү эч нерсе жасабай, жасаган кишиге “дубалың түз эмес экен”деп кычык сөз сөйлөшүп, аймактарда жашаган айылдыктарды теңине албай, текеберлик кылып жатышканы, калк арасында бул депутаттарга карата дурус пикир жаратпайт. Тилекке каршы, бүгүнкү парламентте Ө.Текебаевге тең келген саясатчынын жоктугу. Өмүрбек Чиркешевич жаманбы, жакшыбы закон(мыйзам) жазат, калган 119 парламент мүчөсүнүн кээ бирлери сын айтат, калгандарына баары бир. Бүгүн Ө. Текебаевге билеги күчтүү эмес, билими күчтүү оппонент керек. Илгеркилер айткан экен “Атың чыкпаса жер өрттө” деп. Азыркылар айтат: “Атың чыкпаса Текебаев менен мушташ” деп. Текебаевдин Закондору менен “мушташкан”, “жакалашкан” адамдарды парламенттен көрө элекпиз, бирок Ө. Текебаевдин өзү менен жакалашып, мушташкан депутаттарды, саясатчыларды көрүп эле келе жатабыз. Калк кайсы күнү “Ата Журт” фракциясынан бир азамат чыгып, Ө. Текебаевди интелектуалдык жагынан нокаут кылат деп күтүп жатыр. Балким Ө.Текебаевге татыктуу оппонент аймактардагы “кышлакылардан” чыгып жүрбөсүн!

Каныбек Абдыкадыров, Коомдук Конституциялык Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Туркия Республикасынын өкмөтүнүн экс стажеру

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17