Аймак

Жалал-Абадда Сатыбадлы Жээнбековдун наамына арналган волейбол боюнча өттү (фото )

 1,642 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында волейбол боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук жана саясий ишмер, маркум Сатыбалды Жээнбековдун наамына арналган эки күндүк мелдеш ийгиликтүү соңуна чыкты. Бул мелдешке Бишкек, Ош, Жалал-Абад областтарынан 18 команда катышты. С.Жээнбековдун наамына арналган волейбол боюнча бул ири мелдеш быйыл 17- жолу өткөрүлдү

Мелдештин финалдык мелдешине көптөгөн спорт күйөрмандарынан сырткары КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарымдуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Жалал-Абад областынын прокурору Кылычбек Токтогулов жана Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков катышты.Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов маалымдады.

Ж.Осмоновдун маалыматына ылайык эки күнгө созулган кызуу мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орунду камсыз кылган Ноокен районунун командасына 30 миң сом сыйлык, Диплом жана медалдар, экинчи орунду камсыз кылган Сузак районунун волейболисттерине 20 миң сом, Диплом жана медалдар, ал эми 3- орунду камсыз кылган Ош шаарынын командасына 15 миң сом, Диплом жана медалдар тапшырылды. Төртүнчү орунду камсыз кылган Кара-Көл шаарынын волейболисттерине 10 миң сом сыйлык тапшырылды.
– КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук жана саясий ишмер, маркум Сатыбалды Жээнбековдун наамындагы волейбол мелдештин жыл сайын өткөрүлүшү жакшы салтка айланып калды деп билдирди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы.
Аталган мелдештин жогорку деңгээлде өткөрүлүүсүн камсыз кылууда Жалал-Абад областтык дене тарбия жана спортту коориднациялоо усулдук борборунун башчысы Жапар Капаровго Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы Ж.Жээнбеков ыраазылыгын билдирди


Орозалы Карасартов, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17