Аймак

Ал ѳзү кѳгүлтүр кѳз бир дѳѳ эле

 2,922 Бардыгы /

«Ал ѳзү кѳгүлтүр кѳз бир дѳѳ эле…»

Чокоева Д.М.
Ф.и.к. ЖАМУнун доценти

Ал ѳзү кѳгүлтүр кѳз бир дѳѳ элеКандай адамды бактылуу дейбиз? деген суроого дүйнѳдѳ канча аң-сезимдүү адам болсо, ошончо түрдүү жооп бар десек жаңылбаспыз. Бакыттын соолубас булактары болгон: сүйүү, үй-бүлѳ, профессия, адамдар менен ѳз ара мамиле сыяктуу негизги категориялар менен гармонияда жашаган адам бактылуу деген бекем ойдомун мен, мисалы. Мына ушундай түшүнүктѳн келип чыкканда, бул чакан макалабыздын баш каарманы: белгилүү сынчы-адабиятчы, орошон-ойчул окумуштуу, улуу инсан Кеңешбек Асаналиев бактылуу ѳмүр сүргѳндѳрдүн катарында турат. Себеби, ал ѳмүрүндѳ ѳзүн-ѳзү толук ачканга, ѳзүнүн жашоосунун маани-маңызын терең түшүнгѳнгѳ, ѳзүнүн кудай берген талантын туура баалаганга жана башка жактарга чарпылбай, ушул ѳнѳрдүн арты менен ѳз элине ат кѳтѳргүс эмгек кылганга жетише алганы менен бактылуу. Професианалдык жактан бактылуулугунун дагы бир себеби, Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу К.Асаналиев философиялуу сынчы-адабиятчы окумуштуу катары ѳзүнүн бийиктигине чыга алды. Тагыраак айтсак, ѳзүнүн дареметине тең келчү илимий предметти алыстан издѳѳгѳ мажбур болбой, ѳзүнүн бир тууган адабиятынан табылгандыгы албетте агайдын бир бактысы болду. Жазуучу менен сынчы бири-бирин толуктаганын Ч.Айтматов ѳзү да мындайча белгилеген: «Өзүнүн чыгармачылык жолунда чыгармаларына болгон сын мамиле менен, же ошол сынды кесип кылган адамдар менен кездешпеген бир дагы жазуучу, адабиятчы болбойт эмеспи. Мындай карым-катыш, байланыштар ар түрдүүчѳ болот. Меники адегенде эле кандайдыр бактылуу башталды десем болот, анткени, мен ѳзүм менен теңтуш, табиятынан сынга таланттуу адамды жолуктурдум. Мен Кеңешбек Асаналиев жѳнүндѳ айтып жатам. Кеңешбек Асаналиев адабий турмушка мени менен бир катар киришти, ал ѳзүнүн сынчыл ой жүгүртүүсүн, чеберчилигин кѳпчүлүк учурларда менин чыгармачылыгымды талдоо аркылуу ѳнүктүрдү деп ойлойм. Ал дагы мага кыргыз адабиятынан алган ордумду жана максатымды түшүнүүдѳ катуу таасир берди» («Искусство и человек» Фрунзе: Илим, 1981, 16-б.). Азыр болсо, Асаналиевдин изилдѳѳлѳрүсүз дүйнѳлүк айтматов таануу илиминин бир капталы эңшерилип турмак. Кыргыз адабиятынын тарыхынан анча-мынча кабары барлар «кыргыз адабиятына ѳзгѳчѳ таланттуу жаңы ысым келгенин» айтып, ошого чейин эч ким биле элек Ч.Айтматов жѳнүндѳ биринчи кабарлап чыккан адабиятчы Кеңешбек агай болгонун жакшы билишет. Ошол бойдон Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы К.Асаналиевдин түбѳлүк илимий обьектиси болуп кала берди. Бул жагдайга байланыштуу анча-мынча айтылган ѳйдүк-сѳйдүк сѳздѳргѳ… кѳңүл буруп да койбоду. Анткени, жогоруда айтылгандай, ал сѳздѳр убактылуу, ал эми дүйнѳ таанып, тамшанып кабыл алып жактан кыргыз жазуучусунун кѳркѳм дасмиясын дүйнѳлүк адабий контекстен ачып берүү ѳзүнүн талант-жѳндѳмү, кудурети жетчү иш экенине кѳзү жетип, эч нерсеге кылчактабай иштеди, шашып иштеди. Кѳрсѳ ѳмүр деген бир ирмемге гана берилген убактылуу мүмкүнчүлүк экендигин агай жакшы түшүнчү тура. Албетте, окумуштуунун илимий предмети бир эле Айтматовдун чыгармачылыгы болбогонун баарыбыз жакшы билебиз. Кыргыз адабият таануу илиминде К.Асаналиев кѳз кырын салбаган, ѳзүнүн сейрек кездешкен эрудициясы, кѳркѳмдүктү ѳзгѳчѳ сезе билген бийик эстетикалык табити менен жогорку деңгээлде ачып бербеген проблемалар кездешпесе керек. Окумуштуунун ишмердик диапозонун жубайы, Кыргыз илимдер Академиясынын мүчѳ-корреспенденти Раиса Заитовна тѳмѳндѳгүдѳй деп абдан так белгилеген: «Кеңешбек кыргыз адабиятынын тарыхый ѳнүгүү жолунда, ага жан дили менен берилип, адабияттын, маданияттын ар кайсы түрлѳрүнѳ ѳзүнүн салымын кошкон теоретик-илимпоз, сынчы, Эл жазуучусу, жаштардын насаатчысы болгон.

Ал оозеки адабияттан баштап, акындар поэзиясына чейин, профессионалдык адабияттын жаралышынан тартып, азыркы күнгѳ чейин кыргыз адабиятынын басып ѳткѳн жолун кѳз ирмеминде алып жүргѳн изилдѳѳчү»(К.Асаналиев Адабий айкаш, Бишкек, 2008, 281-б. мындан ары шилтемелерде китептин бети гана кѳрсѳтүлѳт Ч.Д.). Ал эми ѳмүрүнүн акырындагы «ак куу» ыры болуп калган «Адабий айкашы» менен К.Асаналиев ѳзүнүн талантынын кѳпчүлүккѳ белгисиз болуп келген кѳркѳм, публицистикалык, философиялык кырларын ѳзүнѳ гана таандык тактык менен, сүрѳттѳлүп жаткан коомдук, адабий кубулуштардын маанисине терең сүңгүү менен философиялуу, бир жагынан илимий, ошол эле учурда окуучуну тажатпаган популярдуу стиль менен абдан таасын ачып берди. Ушул макаланы жазууга камынып, «Адабий айкашты» дагы бир сыйра окуп чыгып, К.Асаналиевдин кеменгердигине дагы бир жолу тен бердим. Түшүнгѳн адам бул китеп философтор үчүн да, кѳркѳм адабияттын жана фольклордун тарыхын изилдѳѳчүлѳр үчүн да, тарыхчылар үчүн да, тиги бу жазуучулардын жеке чыгармачылыгын изилдѳѳчүлѳр менен кыргыз профессионал адабиятынын ѳнүгүү тенденцияларын изилдѳѳчүлѳр үчүн да, же жѳн гана акылдуу китеп окугусу келгендер үчүн бирдей баалуу, табылгыс китеп экендигин түшүнѳт. Агай ѳзү эч нерсени түшүнбѳгѳн кезинен келип (бул жеке агайдын эмес цивилизациядан четте калып кеткен жалпы элибиздин трагедиясы болгону азыр баарыбызга белгилүү да), жалпы дүйнѳлүк кѳркѳм маданиятты ар тараптан талдоо дареметине чейин кѳтѳрүлүүдѳгү басып ѳткѳн жолун ашкан чынчылдык менен ачып, ошондогу ар бир кыймылга ѳзүнүн учурунан, ѳзү турган деңгээлден карап баасын бергени, бул эмгектин коомдук маанисин абдан тереңдетет. Мисалы, Радловдун белгисиз манасчыга (аты-жѳнү келтирилбеген) суроо берип алган жообу жѳнүндѳ агай мындай ой жүгүртѳт: «Мазмунуна, стилине караганда котормочу кыргызча айтылган жоопту оригиналга жакындаштырып берүүгѳ аракеттенгени байкалбай койбойт. Мен эми орусчадан кайра кыргызчага которуп кѳрѳйүн: «Кандай гана «ыр-песня» болбосун(сѳз эпостун эпизоду, сюжеттик мотиви, окуясы жѳнүндѳ) мен аны сѳзсүз аткара алам, анткени «ыр жаратуу» ѳнѳрүн кудай мага ѳзү берген. Мен ырды издебейм, ырды Кудай ѳзү оозума салып койгон, мен бир дагы ырды үйрѳнүп, жаттап алган эмесмин. Баары ѳзүмѳн, ичимен чыгат». Менин оюмча – деп, жазат андан ары окумуштуу, дал учурунда айтылган шумдуктуу сѳз. Улуу эпостун айланасын саясий идеология каптап, курчай электе бул сѳздүн токтоосуз айтылып калгандыгы, В.В.Радлов аны кандай укса, дал ошондой жазып калтырганы, бул сѳзсүз тагдыр. «Айтуучунун»(«певец») табыйгы түрдѳ жѳпжѳнѳкѳй чыгарган сѳзү окумуштуу-фольклористке «Манас» эпосу боюнча фундаменталдуу жыйынтыктарга келишке негиз түзгѳн»(180-181-б.). Албетте, бир сѳзгѳ ошончо маани берип, манасчылык бүткүл ѳнѳрдүн сырынын кулпусунун ачкычы ошол сѳз болуп жатканын билиш үчүн адам канчалык деңгээлдеги окумуштуу болуш керектигин илимий чѳйрѳ жакшы түшүнѳт. Илимий деңгээлдин тѳмѳндүгүнѳн биздин айрым аттуу-баштуу адамдар бир сѳз эмес, миллион саптын тегерегиндеги океан сындуу «Манас» эпосун керектен чыгарып мусорго ыргытып жиберишке аз эле калганы агайдын китебинен дагы даана кѳрүнүптүр. Эң негизгиси К.Асаналиев ушундай калпыс иштердин кандай психологиялык жагдайлар менен ишке ашканын же аша жаздаганын зерикпей, кадалып олтуруп жазып чыгышынын түпкү максаты кийинки муун, кийинки урпактар билсе, түшүнсѳ, илимге келе бакан, куу союлдук менен эмес, бийик интеллектуалдык мамиле болсо деген изги тилек болгону байкалып турат. Адабиятыбыздын алгачкы жерпайын түзгѳн акын-жазуучуларыбыз (А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Маликовдордун) идеалык күрѳштү акыл менен, илимий түшүнүк, маданият менен жүргүзбѳстѳн, илгертен калган кѳктүк, бир беткейлик, тажаалдык ал эле эмес жоокерлик замандан калган кѳк жалдык сапаттар менен жүргүзгѳндѳрү канчалардын нервин, канчалардын ѳмүрүн алып кеткени кандай гана ѳкүнүчтүү. Бирок, бул эч ким аттап кете алгыс ѳнүгүүнүн мыйзам ченемдүү баскычтары (Диалектика) болуп жатпайбы.

Китепте баштан-аяк «билген жокмун», «билген эмесмин», «анда түшүнгѳн эмесмин» анан «тагдыр» деген сѳздѳр жыш кездешет. Философиялык концепт катары колдонулган «тагдырдан» башка сѳздѳрдү чечмелей турган болсок: бардык ой-кыялы пенделик тиричилик ѳткѳрүүгѳ гана багытталгандай сезилген (а чындыгында андай эмес…) байыркы кыргыздын жайдак жашоосунан келген адамга илимий чѳйрѳдѳгү болуп жаткан кыймыл-аракеттер түшүнүксүз болушу мыйзам ченемдүү нерсе. К.Асаналиев ошол кѳп нерсени түшүнбѳгѳн аңгүдүк боюнча «Пушкин үйүндѳгү» чоң адабият менен маданияттын борборуна тушугуп, илимпоз катары аң-сезими ошол жерде калыптанат. Ал эми Кыргызстанда болсо кыргыз «чылыкка» чыланган илимий интеллигенция калыптанып жаткан мезгил болчу (мунун саркындысы азыр деле сезилет). Ошондуктан, анын кызматы (бирден-бир илимдүү адам катары) аба менен суудай зарыл болуп турган кезде кызматтан четтетилип, канча жылдар бош жүрүүгѳ туура келет. Мындай нерсени европалык окумуштуулар деле баштарынан ѳткѳрүшкѳн (албетте 18-19кылымдарда), бирок, аларды бир жерде түшүнгүсү келбегени менен башка жерде түшүнүп кызматка чакырып алып турушкан. Ал эми агай канча жылдар бою ѳзүн баалаган адамдарды жолуктура албагандыгы ( агайдын мүнѳзү оор эмес экендигине карабай) ошол мезгилдин залакалары, илимдин, адабият менен маданияттын туура жана интенсивдүү ѳнүгүшүнѳ кандай гана тийгенин боолголоого болот. Жана бул сѳздѳр ретроспективдүү баяндоо үчүн атайы максаттуу түрдѳ колдонулган. Тактап айтканда, ошондогу айтылган сѳздѳрдүн, жасалган иш-аракеттердин маанисин агай кийин ѳзүнүн бийиктигинен карап чечмелеп чыгат. Бул эми кечээ жакынкы эле тарых болгондуктан китептин авторунун обьективдүүлүгү кѳзгѳ бадырайып эле кѳрүнүп турат. Агайдын «тагдыр» деген сѳздү философиялык жагдайда колдонгону байкалат жана бул сѳз философиялык категорияларга салынып изилденүүгѳ муктаж. Мен олуп-чолуп ушул багыттагы макалалардан окуп түшүнгѳнүмѳ караганда, азыркы учурда, адамдын (же адамдык аң-сезимдин) космос менен болгон байланышы кѳз-кѳрүнѳѳ эле чындык болуп калган сыяктанат. Муну кеп кылып жатканымдын себеби, агайдын жаш кезинде турмуштун жагдайына карап алган ѳзүнчѳ чечими суу кечпей отуруп, борбор шаарга (Фрунзеге) ишке калат, андан Москвага, Москвадан Ленинградга «сүрүлүп» олтуруп, акыры «Пушкин үйүнѳ» туш болот. Кийин ал жер агайга окшоп адабият деп дегдегендердин эңсеп түшүнѳ кире турган, ааламга аты-заты белгилүү борбор экендиги түшүнүктүү болот. Агай муну тагдыр деп кабыл алат. Мунун табышмагы эле, агайдын ички даярдыгы, ички каалоосу (азырынча кѳптѳрү бей-аң түрдѳ, ал эми илимдин түшүндүргѳнүнѳ караганда подсознание менен космос түздѳн-түз байланышта болот экен) ошол жерге жетелеп барат. Мындай нерсени кыргыздын макалдарынан деле жолуктурса болот: «Пенденин оозундагы – кудайдын кулагында»; «Жакшы тилек, жарым ырыс»; «кудай жаштын тилегин берет» деген сыяктуу жана башка. Асаналиевдин тагдыры менен кыргыз адабият таануу илиминин тагдыры түздѳн-түз байланыштуулугу да талашсыз нерсе го. Ошондо непадам агайдын ѳз жүрѳгүн тыңшабастан, турмуш жагдайына карап, анын үстүнѳ үйүнѳн узакка чыгып кѳрбѳгѳн жашык сезимине(апасын кыялбаган) жетеленип кабыл алган чечимдери ишке ашып, айылда мугалим болуп кала берчү болгон болсо кандай болот эле? Кеңешбек Асаналиевсиз кыргыз адабият таануу илимин саамга болсо да элестете алабызбы? Менимче элестете албайбыз…
«Адабий айкаш» жеке бир окумуштуунун эле мемуары эмес, бүтүндѳй кыргыз адабиятынын жана адабият таануу илиминин мемуары. Анда кѳркѳм адабият менен адабият таануу илимине тиешелүү түйүндүү маселелердин канчасы талданат: келип чыгышы, обьективдүү, субьективдүү жагдайлар, катышуучулар жана маселенин тигиндей же мындай чечилишиндеги алардын ойногон ролдору. Тагыраак айтканда, менин кѳз карашыман алганда (балким менин бул пикирим жаңылыштыр) кыргыз адабият таануу илиминде башы ачыла элек бир канча маселелер бар, ошолордун ичинен сѳз болуп жаткан китепте каралгандарына токтоло кете турган болсок: У.Абдукаимовдун феномени, А.Токомбаевдын кыргыз адабиятынан ээлей турган орду (таразанын ташы анын кыргыз адабиятына сиңирген кызматы жакка оойбу же «злой генийлиги» аңтарып кетеби азырынча белгисиз), кѳркѳм адабиятты илимий изилдѳѳдѳгү мындан аркы багыт: илимий обьективдүүлүктү сактай алабызбы же мында да артка кетип, «оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлѳсүн» болобу? (Азыркы кезде таланттуулар эмес акчалуулар китеп жазып калгандыгы кооптондурат). Ушул маселелер изилдѳѳгѳ алына турган болсо, «Адабий айкаш» табылгыс булак, жол кѳрсѳткүч маяк болуп берери бышык. Агайдын сѳз болуп жаткан китебинин маанисин дагы тереңирээк ачуу окумуштуунун жубайы жана окумуштуу Раиса Кыдырбаеванын агай жѳнүндѳгү эскерүүлѳрүсүз мүмкүн эмес: «Кеңешбектин алгач адабиятка болгон кѳз карашы орус элинин улуу адабиятынын таасиринде калыптана баштаган, ал Ленинграда аспирантурада окуп жүргѳнүндѳ Д.С.Лихачев, А.Б.Томашевский, Н.К.Пиксанов, А.С.Бушмин, Б.С.Мейлах, П.Н.Берковдой болгон залкар окумуштуулар менен аралашып жүргѳнүн мемуарында бир нече ирет кайталаганын кѳрѳбүз. Анын ѳзүнүн стили, багыты, кѳз карашы, ой жүгүртүүсү менимче ѳзүнчѳ эле чоң дүйнѳ экен. Ал дүйнѳлүк улуу орус адабиятын ѳздѳштүрүүдѳн калыптанып, чыйралып, анан кыргыз адабиятынын ѳсүү жолуна жуурулуштуруп, ѳзүнүн ички дүйнѳсүнүн түшүнүгүнѳ багынттырып, ѳзүнчѳ бир адабий багыттын түзүлүшүнѳ кѳмѳктѳш болгону кѳрүнүп турат»(282).

«Ушул ѳзүнчѳлүк адабий багытка кѳтѳрүлүүдѳ ага европадагы жазуучулар да ѳзүнүн таасирин тийгизгени сезилет. Ушундай адабияттардын синтези аркылуу, алардын тажрыйбасын ѳздѳштүрүү аркылуу ал кыргыз адабиятын ошол чоң адабияттардын призмасы аркылуу кабыл алып, жеке кыргыздын кѳркѳм ойлоосу менен жуурулуштуруп, ѳзүнүн ой жүгүртүү методологиясына баш ийдирип, иштеп чыккан деп айта алам»(283).

«Кеңешбек кыргыз адабиятын түзгѳн залкар инсандар, илимпоздор: А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, У.Абдукаимов, Ясыр Шиваза, Ч.Айтматов, К.Маликов, К.К.Юдахин, Б.М.Юнусалиевдер менен тагдырлаш болгонун айтып, алар менен болгон мамилесин, алар менен болгон курч полемикалуу учурларды элестетип, ѳзүнүн тагдырына канааттангандай болот. Ал кыргыз адабиятынын тарыхында болгон конференцияларды, трагедиялуу учурларды – камакка алынган илимпоздор, жазуучулар жѳнүндѳ кеңири сѳз кылат»(283).

Адабият таануу илиминде тѳрт аягы тең жорго К.Асаналиев «Адабий айкашта» философчулук да, публицист да, ошондой эле кѳркѳм чыгарма жазууга да даркан таланты бар экендигин кѳрсѳтүптүр. Ал эми бул чыгарманын жанры, анын дүйнѳлүк адабияттагы мемуарлардан ѳзгѳчѳлүгү менен кыргыз адабиятынан ала турган орду жѳнүндѳ ѳзүнчѳ сѳз болууга тийиш. Ошентип макаланы аяктар алдындагы сѳз: мен бир кезде бир ыр окудум эле. Мазмуну түрк тилдүү чыгаан акын жѳнүндѳ болсо керек жадымдан чыгып кетпесе. Ошондон бери ошол ырдагы «Ал ѳзү кѳгүлтүр кѳз бир дѳѳ эле…» деген сап эсимден кетпейт. Ушул сап эмнегедир агай жѳнүндѳ айтылгандай ассоцация чакыра берчү эле, ошондуктан, Агай жѳнүндѳгү макалага мындан башка аталышты ыраа кѳрбѳдүм. Чындап эле Асаналиев кыргыз адабият таануу илиминин бир алпы эле го, анын бүт дасмиясын боюна сиңирип кѳтѳрүп жүргѳн. Эмне дейбиз, сынбасты уста, ѳлбѳстү кудай жаратпайт экен…

Адабияттар:
1. Асаналиев К. Адабий айкаш, Бишкек, 2008

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17