Аймак

Кызыл-Кыя күнөскана тармагын күчтөндүрдү

 2,357 Бардыгы /

Кызыл-Кыя күнөскана тармагын күчтөндүрдү

Кызыл-Кыялык дыйкандар күнөскана тармагын өнүктүрө баштады. Азырынча кошуна өлкөдөн келген адистер жергиликтүү дыйкандарга жардам берүүдө.

Караван айылынын тургуну Момунжан Кудайбергенов алгачкылардан болуп үч күнөскана куруп, бадыраң түшүмүн ала баштады. Аймакта суу тартыш болгондуктан дыйкандар күнөсканада тамчылатып суугаруу ыкмасын пайдаланышат. Керектүү минералдык азык да суу аркылуу берилет.

«Он тонналык идишке сууну толтуруп ошол жерге азыктарды салабыз. Ошондон биринчи көчөт менен акыркы көчөт бирдей суу ичет. Тамчылатып суугаруунун ушул жакшы жери бар экен. Кыйынчылыгы жок. 4500 көчөт отургузганбыз», – деди Караван айылынын тургуну, фермер Момунжан Кудайбергенов.

Күнөсканада жашылча жемиш өстүрүү аймакта эми колго алына баштады. Андыктан жергиликтүү дыйкандарга кошуна Өзбекстандан келген адистер жардам беришет.
«Күндө муну айлантып турабыз, бул өзү жогору чыгып кетпейт. Дайыма карап турабыз. Эрте менентен бадыраң үзөбүз, аны даярдап базарга чыгарабыз. Бизде токтоп туруу деген нерсе жок. Дайыма кыймыл. Анан дагы келечекте помидор, болгар калемпири жана башка жашылчаларды өстүрөбүз», – деп айтты дыйкан Кохар.

Фермер Момунжан Кудайбергенов алгач 15 сотка жер аянтына үч күнөскана курган. Ар бир күнөскана үчүн 200 миң сомдон ашуун акча каражаты сарпталган. Күнөскалар үчүн мамлекет тарабынан да колдоолор болду.
«Түшүм күндөн күнгө жакшы, бир күн үзүп бир күн эс алабыз. Азыр 500 килого жетти. 1 га жерге эгин эккенден көрө 15 сотка жерден көп пайда таап жатабыз. Дыйкандарыбыз ушуга көнсө жакшы. Президент күнөсканалардын салыгын алып салганы жакшы болду. Эл үйрөнгөндөн кийин салык төлөгөнгө да эч ким каршы болбойт», – дейт Караван айылынын тургуну, фермер Момунжан Кудайбергенов.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында күнөскана тармагын өнүктүрүү менен базарларда жашылча-жемишке болгон бааны бир калыпта кармоого болот. Учурда Кызыл-Кыя аймагындагы базарларда бадыраңдын бир килосу 15-20 сомдун тегерегинде сатылууда.
«Базардагы баа башка жактан алып келгендиктен жогору болот эле. Бүгүнкү күндө 500 килодон күнүнө Кызыл-Кыя шаарына жеткирип жатышат. Эгерде бул болбогондо кошуна өзбекстандан чыгат эле. Былтыркы жылга салыштырганда быйыл 20 сомго арзан», – деди Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгынын башчысы Айдар Зулпуев.

Фермер Момунжан Кудайбергенов келерки жылы дагы 50 сотка жер аянтына күнөскана курууну максат кылууда. Ошону менен бирге жергиликтүү дыйкандарга бул тармакты өнүктүрүү сунушун айтат.

Булак: http://ktrk.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17