Аймак

Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү ( Фото баян)

 10,011 Бардыгы /

Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)

Жалал-Абад областына караштуу алыскы Тогуз-Торо районунун борбору болгон Казарман айылында 9-августа кыргыздын улуттук алыш күрөшү боюнча ири мелдеш болуп өттү. Быйылкы мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында жаштарыбыз арасында кыргыздын улуттук күрөшүнө кирген алыш күрөшүн эл арасында кеңири жайылтуу жана даңазалоо, жаштарды спирттик ичимдектерден алыстатуу, баңгизаттардан оолактатуу жана көчө таптап бош жүрүүлөрүнөн арылтуу максатында Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Өтмө кубогу уюштурулган. Буга чейин улуттук алыш күрөшү боюнча Өтмө кубок мелдеши Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарларында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда республикабыздын бардык аймактарынан келишкен спортсмендердин жана миңдеген күйөрмандардын кеңири катышуусунда жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.

Тогуз-Торо району туурасында кыскача маалымат: 23 миң калкы бар. Тогуз-Торо, Атай, Каргалык, Кара-Суу жана Көк-Ирим айыл амактарынан турат. Райондун аймагында 13 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп жана 12 балдар бакчасы бар. Пенсионерлердин жалпы саны 2813 адам жана 309 Баатыр Энелер жашашат.
Тогуз-Торо районунун борбору Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшүнө Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарынан келишкен билектери күчтүү чыгаан балбандар катышышты. Улуттук алыш күрөшү боюнча Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктүү өкүлүнүн Өтмө кубогуна арналган ири мелдештин башталышында балбандар менен тамаша кылганы келишкен калкты Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Нургазы Нармырзаев, Жалал-Абад областтык ардагерлер Кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов жана Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн алдындагы физкультура жана спорт боюнча методикалык борборунун директору Абдыжапар Капаров куттукташып, чыгаан спортчуларга спорттук ийгиликтерди жана таза жеңиштерди каалашты.
-Улуттук алыш күрөшүбүздү дүйнөлүк аренага кеңири жайылталы десек жалаң гана эркектер командасы менен чектелип калбашыбыз керек. Алыш күрөшү боюнча өтүүчү Эл аралык ири мелдештерге биз эркектер жана кыз-келиндер командасын бирдей сунуш кылбасак, алар бизди киргизбей, эшиктерин жаап салышат. Бул дүйнөлүк спорттук практикада ушундай, гендердик тең салмактуулук сөзсүз болушу жана сакталышы керек. Улуттук алыш күрөшүн Эл аралык деңгээлде алып чыгалы десек анда биз эркектер менен бир катарда кыз-келиндер- аялдар командасын дагы такай кошуп, ала жүрүшүбүз керек. Ансыз кыргыздын накта улуттук алыш күрөшүн Эл аралык деңгээлге көтөрө албайбыз. Бул багытта бир топ иштер жүргүзүлүп жатат. Алыш күрөшүнө болгон кыз-келиндерибиздин кызыгуулары жыл сайын артып, күчөп барууда,- дейт алыш күрөшү боюнча Эл аралык категориядагы калыс Жээнбек Акиев.
Тогуз-Торо районунун борбору болгон Казарман айылында өткөрүлгөн алыш күрөшүнө Жалал-Абад областында милицияны реформалоо долбоору боюнча иш жүргүзүп жатышкан ОБСЕ нин өкүлдөрү дагы мейман катары катышып, күбө болушту. Ал турсун ОБСЕнин өкүлү, Россиялык Эдурад Кущенко күйөрмандардын бүйрүн кызытып, Саймалуу-Таш мамлекеттик коругунун директору Айбек Кожошев менен алыш күрөшүнө түшкөндө күйөрмандар менен спортсмендер дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турушту. Бирок, “Күч атасын тааныбайт” дегендей кыргыздын чыгаан жигити мейманды көтөрүп чапты.
-Мен кыргыздардын бүгүнкү алыш күрөшүнө мейман катары катышып жаткандыгыма өтө кубанычтамын. Сиздердин бул улуттук күрөшүнүздөр нукура элдик экендигине, мында чыныгы балбандар гана жеңишке жетишээрине өз көзүм менен көрүп ынандым. Ал эми кыздардын бел курчоо байланып, күрөшкө чыккандары мени таң калтыргандыгын жана сулуу кыздардын чеберчилик менен өткөн тактикалык таймашы жана чыныгы атаандаштыкта өткөн күрөштөрүнө чындап суктандым ,-дейт ОБСЕнин Жалал-Абаддагы милицияны реформалоо долбоорунун жетекчиси Роберт Пазес.
Ошентип, Тогуз-Торо районунда биринчи жолу өткөрүлгөн Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Өтмө кубогуна арналган улуттук алыш күрөшү боюнча мелдеш дагы өз соңуна чыкты. 70кг, 80 кг, 90 кг, жана 90дон жогорку килограммдагы салмактарда биринчи орунду камсыз кылган балбандар 10 миң сом, экинчи орунду камсыз кылгандар 7 миң сом жана үчүнчү орундарды камсыз кылган балбандар 5 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Балбан билек кыздар 55 кг. Ноокендик Гулина Ташматова жана 60 кг. Аксынын кызы Нурайым Кенжебаева дагы акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Өтмө кубоктун кийинки эстафетасы тоолуу Чаткал районунун өкүлдөрүнө тапшырылды. Мелдешти алып барышкан калыстар мелдешке катышышкан бардык сопртсмендер менен күйөрмандарды 16-августа Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында өтүүчү Эл аралык ири мелдешке чакырып кетишти. Жалпы байге суммасы 500 миң сомду түзгөн бул Эл аралык мелдешке Өзбекстан менен Казакстандан дагы спортсмендер келээри жана мелдештин башкы демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов экендиги айтылды. Айтоор кыргыздын улуттук алыш күрөшүнүн кадыр-баркы артып, дүйнө элине улам кеңири даңазаланып баратат.

Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)
Тогуз-Торо району: Казарман айылында өткөрүлгөн улуттук алыш күрөшү                     ( Фото баян)

Жолдошбай Осмонов,
журналист (Сүрөттөрү автордуку)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17