Аймак

“Бир Бол” партисы Жалал-Абадда эгемендүүлүк майрамына карата велоакция өткөрдү(фото)

 3,187 Бардыгы /

«Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда Эгемендүүлүк күндүн урматына веложүрүш уюштурду. Бул тууралуу парттиянын Жалал-Абад шаары боюнча өкүлү Нурбек Жолборсов маалымдады.

Н.Жолборсовдун айтымында иш-чаранын негизги максаты жаштарды мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана мекенчил болууга үндөө, улут аралык ынтымакка ошондой эле сергек жашоого, спортко тартууга, жаратылышты коргоого чакыруу болуп эсептелди.
Вело жүрүшкө Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун жаштары жана активдүү жарандары катышып “Бир Бол” партиясы тарабынан белектер тапшырылды.
Сабыржон Мамазаитов Жалал-Абад шаарынын тургуну: Учурдан пайдаланып бардык кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 23 жылдыгы менен куттуктайм! “Бир Бол” партиясынын “Кыргызстан баарынан кымбат” деген урааны көпчүлүкө жагып, партиянын аткарган иштерин колдоого алаарлык экенин айтышууда. Кыргызстанда ар дайым тынчылык болсун, ар бир үй-бүлөдө аманчылык болсун! Баарыбыз аман бололу, бир бололу!

Жигитали Шералиев Сузак районунун тургуну:
Неберем социалдык желектен Сузак районунда вело жүрүш болоорун угуп, катышууну суранды. Мен да бул мыкты демилге экенин колдоп, өзүм да катышууну чечтим. Бүгүнкү күндө күйүүчү май кымбаттап, жол кире акысы көтөрүлүп жаткан убакта мындай демилгени колдоого гана алыш керек. Бир жагынан ден-соолукка жакшы, жаштар спортко тартылат, экинчи жагынан чөнтөкө пайда. “Бир Бол” партиясынын демилгесин колдоого алаарлык экен. Учурдан пайдаланып бардык кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Самат Токтоев,Aymak.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17