Аймак

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Баткен облусунда жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп окуучуларын куттукташты (Фото)

 1,627 Бардыгы /

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Баткен облусунда жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп окуучуларын куттукташты (Фото)

2014-жылдын 1-сентябрында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Ө.Текебаев жана депутат Т.Балтабаев Баткен облусунун Ак-Турпак айылында жайгашкан Балтабай Нуралиев атындагы орто мектебинин салтанаттуу жыйынына катышышты. Депутаттар жыйынды ачып жатып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуудагы жетишкендиктерди, ден соолук каалап, ошондой эле жаңы окуу жылында жагымдуу, таасирдүү, эсте калардык окуялардын жүз беришине тилектештигин билдиришти. Бул иш-чаранын жүрүшүндө депутаттар мугалимдер жамааты менен пикир алмашты. Жыйындын аягында мектептин босогосун жаңыдан аттаган биринчи класстын окуучулары үчүн алардын биринчи сабагына алгачкы коңгуроо кагылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17