Аймак

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо опурталдуу болуп жатат, – эксперт О.Карасартов

 1,532 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо опурталдуу болуп жатат, - эксперт О.Карасартов

Жалал-Абадда жарым жылга жакын убакыттан бери шаардык кеңешке шайланып келген үч фракциянын депутаттарынын бир коалиция түзө албай жатышы, натыйжада мурдагы мэр М.Арапбаевдин кызматынан арыз жазып кетиши фракциялар ортосунда пикир келишпестиктер бар экенине мисал боло алат, деп билдирди эксперт Орозалы Карасартов.
Анын пикири боюнча, КСДП менен «Өнүгүү» фракциясынын биригишине алардын лидерлери Токтогул Туманов менен Бакыт Төрөбаевдин пикир келишпестиктери себеп болуп жатат.
Ушундай эле пикир келишпестиктер Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төкөбаевдин ортосунда болгондугу да коалиция түзүүгө жолтоо болуп жатат. Мындай пикирди «Ата Журт» фракциясынын лидери С.Чымбердиев да «Өнүгүү» фракциясынан депутат, мэрге талапкер Нурлан Маматов да ырастоодо.
Жыйынтыгында мэрди шайлоо опурталдуу болуп жатат, дейт серепчи.

Булак: http:jalal-abad.turmush.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17