Аймак

Жалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортаж

 2,334 Бардыгы /

Жалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортаж Бүгүн,19-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда кыргыз милициясынын 90 жылдыгын утурлай жана алгачкы милициянын генералы Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналып «Алыш» күрөшү боюнча мелдеш өтүп жатат.
«Алыш» күрөшүнүн ачылышында КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Нургазы Нармурзаев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков, УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев, облус прокурору Кылычбек Токтогулов, Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров жана генерал Э.Алиевдин неберелери, машыктыруучулар сөз сүйлөшүп, балбандарга ийгиликтерди каалашты.
«Алыш» кыргыз күрөшүн түптөгөн Баяман Эркинбаев, Тапанча палвандын арбактарына багышталып куран окулду.
КР ИИМнин машыктыруу жана окутуу борборунун Жалал-Абад облусу боюнча машыктыруучусу Кеңешбек Манапбаевдин берген маалыматына караганда, «Алыш» күрөшүнүн республикалык чемпионаты ИИМдин жетекчилигинин демилгеси жана Жалал-Абад ОИИБнин уюштуруусунда «Спорт – кылмыштуулукка каршы» деген ураандын алдында биринчи жолу өтүп жатат. Бул мелдешке ИИМнин бардык облустарынан, окуу жайларынан келген 12 команда катышып жатат. Ар бир командада 6 салмактык категориядагы балбандар бар.
«Бүгүнкү өтүп жаткан мелдеш ИИМнин календардык планынын негизинде өтүп жатат. Мелдешти өткөрүү боюнча Жалал-Абад ОИИБгы өзүнүн сунушун берген. Балбандардын мелдешин калыс баалап берүү үчүн «Алыш» федерациясынан жана Тажикстандан эл арылык калыстар чакырылган. ИИМ менен Жалал-Абад ОИИБгы өздөрү байгелерди коюшат. Мелдеш жакшы өтөт деген ойдобуз», – дейт К.Манапбаев.
Жалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортажЖалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортажЖалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортажЖалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортажЖалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортажЖалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортажЖалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортажЖалал-Абадда кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган алыш күрөшү мелдешинен фоторепортаж

Анаркан Жаныбаева,сүрөттөрү автордуку

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17