Аймак

Ашууда калган чабандар жөнүндө кошумча маалымат. (фото)

 4,297 Бардыгы /

[thumb=left]http://www.aymak.kg/uploads/posts/2014-10/1412914945_img_0025.jpg[/thumb

Сузак районунун Барпы айыл аймагы. 2014-жылдын 8-октябрында калың кар жаагандыгына байланыштуу Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын чабандары (жалпы 7 адам) 2000 баш кою менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда ашуудан малдарын айдап өтө албай, калып кетишкен.

Жайлоодо Беш-Мойнок айылынын тургуну, 1962-жылы туулган Толкунбай Абдыров каза болгон. Болгон окуя тууралуу кабар берүү үчүн жайлоодон түшүп келе жаткан жарандын (каза болгон Т. Абдыровтун уулу) аты жардан кулап өлүп, өзү кыйынчылык менен айылга келип кабар берген.

2014-жылдын 9-октябры күнү издөө-куткаруу иштерине КРнын Коргоо министрлигинен 1 даана МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак жана КРнын ӨКМнин куткаруучулары тартылып, саат 18:30да каза болгон адамдын жансыз денесин Көк-Суу жайлоосунан түшүрүп, туугандарына өткөрүп беришкен.

Бүгүнкү күндө 4 адамдан турган чабандар 1500 баш койду айдап, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун көздөй кетишүүдө.

Ошондой эле 2 адамдан турган чабандар 500 баш кой менен Көк-Суу жайлоосунан Жалал-Абад облусунун Саз жайлоосуна өтүшкөн.

Мындан сырткары 2014-жылдын 1-октябрында Көк-Суу жайлоосуна кой айдап чыгып кеткен 2 адам (Түрк-Абад айылынын тургундары) жайлоого жетишкен эмес, азыркы убакта дайынсыз болууда.

Дайынсыз жоголгон 2 адамды издөө иштерин 2014-жылдын 9-октябры күнү КРнын ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын (РОСО) куткаруучулары жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери 2014-жылдын 10-октябрында улантылууда.

[thumb=left]http://www.aymak.kg/uploads/posts/2014-10/1412914920_img_0018.jpg[/thumb]
Ашууда калган чабандар жөнүндө кошумча маалымат. (фото)
Ашууда калган чабандар жөнүндө кошумча маалымат. (фото)
Ашууда калган чабандар жөнүндө кошумча маалымат. (фото)
Ашууда калган чабандар жөнүндө кошумча маалымат. (фото)
Ашууда калган чабандар жөнүндө кошумча маалымат. (фото)
Ашууда калган чабандар жөнүндө кошумча маалымат. (фото)
Ашууда калган чабандар жөнүндө кошумча маалымат. (фото)

Aymak.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17