Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,534 Бардыгы / Жалал-Абад ОИИБсынынм пресс катчысы милициянын подполковнигиЖусуп Камбаралиевдин айтымында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району республиканын жана облусубуздун борборлорунан алыс тоолу жерде жайгашып, жол катынашынын татаалдыгы дайыма көйгөйлөрдү жаратып келет. Облусубуздун борбору менен катынаш июнь айынан ноябрь айына чейин болуп, калган сегиз ай ичи жол жабылып, Нарын, Бишкек шаары аркылуу каттоого туура келет.Ал эми Тогуз-Торо районунун […]
2,535 Бардыгы / Жалал-Абад ОИИБсынынм пресс катчысы милициянын подполковнигиЖусуп Камбаралиевдин айтымында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району республиканын жана облусубуздун борборлорунан алыс тоолу жерде жайгашып, жол катынашынын татаалдыгы дайыма көйгөйлөрдү жаратып келет. Облусубуздун борбору менен катынаш июнь айынан ноябрь айына чейин болуп, калган сегиз ай ичи жол жабылып, Нарын, Бишкек шаары аркылуу каттоого туура келет.Ал эми Тогуз-Торо районунун […]
Милициянын 89 жылдыгына карата Тогуз-Тородо жаңы имарат ачылды (фоторепортаж)
30.10.2013 / Автор Orozaly2,536 Бардыгы /
Жалал-Абад ОИИБсынынм пресс катчысы милициянын подполковнигиЖусуп Камбаралиевдин айтымында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району республиканын жана облусубуздун борборлорунан алыс тоолу жерде жайгашып, жол катынашынын татаалдыгы дайыма көйгөйлөрдү жаратып келет. Облусубуздун борбору менен катынаш июнь айынан ноябрь айына чейин болуп, калган сегиз ай ичи жол жабылып, Нарын, Бишкек шаары аркылуу каттоого туура келет.
Ал эми Тогуз-Торо районунун милициясынын эски имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулуп, эскилиги жетип, урап түшөйүн деп жараксыз абалга келген.
Тогуз-Торо районунун милициясынын жетекчилери жалпы эл менен 2011-жылдын октябрь айында келечектеги салына турган милициянын жаңы имаратынын пайдубалын казып, марафон өткөрүп, имараттын пайдубалынан баштап куруу иштери башталган.
– Тогуз-Торо районунун кайратман милиция кызматкерлери жетекчилери менен бирге бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып, жалпы билекти түрүшүп пайдубалдан баштап имараттын куруу иштерин ыкчамдык менен жасап,бүтүрүштүЮ-дейт Ж.Камбараилев.
-Курулушу учурунда куруу иштеринде кандай гана кыйынчылыктарга туш келип, бирде керектүү курулуш материалдары жетпей, бирде акча каражаттары өз убагында которулбай калып жатканда, чуркап жүрүп чечкен, өзү күнү-түнү өздүк курам менен чогуу иштеп, ошол эле мезгилде райондун аймагында коомдук коопсуздукту сактап, кылмыштуулук менен күрөшкөн милициянын жетекчиси Жоробеков Жеңишбекке, ИИМнин курулуш-монтаждоо башкармалыгынын башчысы Жапаров Рахатка жана ички иштер министрлигинин жетекчилерине жамаат ыраазы болушту,-деп кошумчалады.
Натыйжада жаңы эки кабат заңгыраган заманбап жаңы милициянын жаркыраган имараты толугу менен бүтүп, ушул жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилди.
Имараттын ачылышына Кыргыз Республикасынын ИИМнин министринин 1-орун басары милициянын полковниги Бактыбек Жусубалиев министрликтин кызматкерлери менен, чектеш Нарын ОИИБнын жетекчиси милициянын полковниги Нарынбек Молдоисаев , Кызыл крест жана кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери, Тогуз-Торо районунун жана Жалал-Абад облусунун жетекчилери, башкармалыктын кызматкерлери жана облустун ШРИИБнүн башчылары катышты.
Министрдин 1-орун басары милициянын полковниги Б Жусубалиев. жаңы имаратка министрдин атынан заманбап мебелдерди, компьютерлерди жана жаңы «Нива» автомашинасын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын ИИМги, Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан имараттын курулушуна активдүү катышкан милиция кызматкерлерине, курган жумушчуларга, жардам беришкен мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана колдоо көрсөткөн атуулдарга медалдарды, ардак грамоталарды жана белектерди тапшырышып, жаңы имараттын ачылышына карата райондун окуучуларынын арасында өткөрүлгөн спорттук оюндар боюнча байгелүү орундарга ээ болушкан окуучулары медалдарды, дипломдорду жана тапшырылды
Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов ушул имараттын курулушундагы эмгегин баалап, жалпы элдин атынан терең ыраазычылыгын билдирип кошмо жыйындын атынан милициянын полковниги Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңишбек Жоробековго Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» деген наамды берди.
Иш чаранын аягында жаңы имараттын алдына салтанатка катышкан жетекчилер жана айылдын аксакалдары балатыларды отургузушту.
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg ҮЧ-КОРГОН ЖАНА ТОКТОГУЛ ГЭСтерин РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО КЫЗЫДЫ
-
18.03.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН ДАГЫ 10,76 ЧАКЫРЫМЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ЖАЛГЫЗ СОГУШ АРДАГЕРИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.