Аймак

Калемиңиздер курч болсун!

 1,959 Бардыгы /

Калемиңиздер курч болсун!

Урматтуу маалымат жана басма сөз кызматкерлери, Сиздерди 7-ноябрь—маалымат жана басма сөз Күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Биздин башкы мыйзамыбыз болгон Конституцияда басма сөз эркиндиги айкын кепилденген. Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин түптөлүп калыптануусунда жана бекем, күч-кубаттуу болуусунда маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин орду өзгөчө экендиги талашсыз.
Кыргызстандын коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыз кылууда, жарандык ачык коомду калыптандырууда, карапайым эл менен мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы тыгыз карым-катнашты орнотууда, улуттар арасындагы бекем достукту жана ынтымакчылыкты камсыз кылууда маалымат жана басма сөз кызматкерлерине жооптуу милдеттер жүктөлгөндүгү жашыруун эмес. Туура эмес айтылган бир эле сөз же чындыкка жатпаган маалымат коомчулуктун арасында терс ой-пикирлерди жана нараазычылыктарды жаратып коюшу мүмкүн. Ошондуктан “жети жолу өлчөп, бир жолу кес” дегендей журналисттер маалымат таратууда калыстык менен адилеттүүлүктү ар дайым биринчи орунга коюулары зарыл деп эсептеймин.
2014-жыл—Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында маалымат жана басма сөз кызматкерлери өлкөбүздө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык реформаларды ыраттуу чагылдырууда, коомубуздун башкы көйгөйү болгон коррупцияга каршы аёосуз күрөш алып барууда жемиштүү иштеп жаткандыгыңыздарды канааттануу менен белгилеп кетким келет. Ошол эле мезгилде коомду алга жылдыруудагы конструктивдүү сын пикирлердин болуусу, аны жоюунун жолдорун көрсөтүү жана сунуштоо маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин атуулдук парзы деп санаймын.
Урматтуу маалымат жана басма сөз кызматкерлери, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктаймын. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын. Калемиңиздер ар дайым курч болсун!

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы
ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Эгамбердиева

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17