Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
5,555 Бардыгы / 15-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Телтору ат майданында Кыргыз элинин кеменгер улуу акыны Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааркеси зор салтанат менен белгиленди Борбордук Телтору ат майданына 40тан ашуун боз үйлөр тигилип, улуттук ат оюндарынын кеңири түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Күзгү күн чайыттай ачык туруп, келген көрүүчүлөр менен меймандар маданият кызматкерлеринин, төкмөлөрдүн айтыштарына, балбандардын мелдештерине кеңири […]
5,556 Бардыгы / 15-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Телтору ат майданында Кыргыз элинин кеменгер улуу акыны Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааркеси зор салтанат менен белгиленди Борбордук Телтору ат майданына 40тан ашуун боз үйлөр тигилип, улуттук ат оюндарынын кеңири түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Күзгү күн чайыттай ачык туруп, келген көрүүчүлөр менен меймандар маданият кызматкерлеринин, төкмөлөрдүн айтыштарына, балбандардын мелдештерине кеңири […]
Фотобаян – Жалал-Абад шаарындагы Телтору ат майданында Барпы апыздын 130 жылдык мааркеси өткөрүлдү
17.11.2014 / Автор Orozaly5,557 Бардыгы /
15-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Телтору ат майданында Кыргыз элинин кеменгер улуу акыны Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааркеси зор салтанат менен белгиленди Борбордук Телтору ат майданына 40тан ашуун боз үйлөр тигилип, улуттук ат оюндарынын кеңири түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Күзгү күн чайыттай ачык туруп, келген көрүүчүлөр менен меймандар маданият кызматкерлеринин, төкмөлөрдүн айтыштарына, балбандардын мелдештерине кеңири күбө болушуп, майрамдык ачык маанай, шаң айкын сезилип турду. Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдор менен атайын окуу жайларынын студенттери тарабынан Барпы апыздын турмушун жана чыгармачылыгын чагылдырган театралдаштырылган оюн-зоок эки доорду, эки кылымды башынан кечирген улуу акын Барпынын Токтогул акын менен болгон жолугушуусун тартуулашты.Бул ишчарага К.Ташиевдин демөөрчүлүк кылганы айтылды.
Кыргыз элинин улуттук ат оюну болуп саналган көкбөрү оюнунун демөөрчүсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Төрөбаев болду. Көкбөрү мелдешине жалпысынан 14 команда катышып, анын ичинен Сузак районундагы Кыз-Көл, Кашка-Терек, Курманбек жана Барпы айыл аймактарынан келишкен командалар жеңүүчүлөр болуп калышты. Байгелүү орундарга жетишкен көкбөрүчүлөргө жалпысынан 500 миң сом сыйлыкты Б.Төрөбаев тапшырды. Кыргыздын улуттук ат оюнуна кирген оодарыш мелдештери дагы аябай курч өтүп, келген меймандар менен көрөрмандардын купулуна толду. Ал эми кыз куумай оюнунун демөорчүсү Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, барпы айылынын тургуну Сайдулла Чимбердиев болду. “Алыш” күрөш оюнунун федерациянын вице-президенти Замир Рахманкулов колдоп 200 миң сом жардам берди.
Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааркесине арналган салтанаттуу жыйынды Сузак районунун акими Нурболот Мырзахмедов куттуктоо сөзү менен ачты жана ушул мааракеге жакындан демөөрчүлүк салымдарын кошушкан Сузак районунун чыгаан уул-кыздарына терең ыраазычылыгын билдирип кетти.
– Бүгүнкү мааркени өткөрүүгө мамлекеттин бюджетинен эч кандай каражат кеткени жок. Ошондуктан улуу акындын арбагын сыйлаган, анын талантын даңктаган Сузактык азамат жигиттерге, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиевага терең ыраазычылыгымды билдиремин,- деди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Бөдөш Мамырова.
Иш чара сыйлыктарды тапшыруу, чоң концерт менен коштолуп жалпысынан 20 миң адам катышканы катышуучулар белгилешти. Алар бул майрамга өтө жогору баа беришти.
-Өкмөттөн бир тыйын албай, өткөргөн Сузак районуна ыраазылык биллдирип жатышты.
Самат Токтоев, “Аймак”
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
10.10.2023 / Автор anarkan_kg КӨЛБАЕВДИН КУДАСЫ ДЕЛГЕН РУСТАМ ТУРДИЕВ КАМАЛДЫ
-
19.10.2023 / Автор anarkan_kg СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.