Аймак

Ала-Бука районундагы Шах-Фазл тарыхый мемориалдык комплексин реставрациялоои штери башталды (Фото баян)

 9,682 Бардыгы /

Ала-Бука районундагы Шах-Фазл тарыхый  мемориалдык комплексин   реставрациялоои  штери  башталды                            (Фото баян)

Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылындагы Шах-Фазл тарыхый мемориалдык күмбөзүн реставрациялоо иштери кызуу башталды деп билдирет өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. X-XI кылымдарга таандык болгон Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылындагы Шах-Фазл тарыхый маданий корук музейи канчалаган доорлор өткөн соң, ошол мезгилде иштетилип, курулган байыркы кыштар акырындык менен шамал менен жамгырдан, кыштын ызгаар суугунан урап, бузула баштаган. Ала-Бука районундагы Могол айылынын тургуну, Шах-Фазл күмбөзүн кайра куруу, аны дүйнө жүзүнө даңазалоо ишинин баштоочусу жана демилгечиси Эркин ажы Бегимкуловдун аткарган эмгеги аткөтөрө алгыс өтө чоң болгондугун калыстык үчүн белгилей кеткенибиз оң.
19-ноябрда Шах-Фазл тарыхый жана маданий комплексиндеги реставрациялоо иштеринин жүрүшү менен Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов атайын сапар алып, ал иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты. Алгач Эркин ажы Бегимкулов баштаган баштаган жергиликтүү аксакалдар жана КыргызРеспубликасынын маданият министрлигинин тиешелүү жооптуу адистери Шах-Фазл тарыхый маданий күмбөзүнүн азыркы абалы жана реставрациялоо иштеринин жүрүштөрү менен кеңири тааныштырып чыгышты.
–Шах-Фазл күмбөзү Ислам дүйнөсүнүн тарыхында эң ыйык жана касиеттүү жай болуп саналат. Бүгүнкү мезгилде Шах-Фазл комплекси ЮНЕСКОнун атайын коргоосуна жана камкордугуна алынган. Азыркы Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында X-XI кылымдарда арабдар булл жерде ислам динин орнотууну башташкан. Ошол жылдары жума намазы убагында 2772 сахобалар менен табиеттердин баштары ислам динин киргизүүгө каршы болушкан адамдар тарабынан кылычтар менен чабылып, кесилип салынган. Көп жылдардан берки көргөн аракеттерибиздин үзүрү кайтып, 2012-жылы эки кабаттуу Кыргын мечити курулду. Шах-Фазл күмбөзүн реставрациялоого республиканын бюджетинен 11,5 млн. акча каражаты бөлүндү. Биздин негизги максат – Шах-Фазл күмбөзүн толук кайра калыбына келтирүү менен бул жерди бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар сыйынуучу жана зыярат жасоочу ыйык ордо жайга айландыруу ,-дейт Шах-Фазл тарыхый маданий комплексин калыбына келтирүү ишинин демилгечиси Эркин ажы Бегимкулов.
–Курулганына 10 кылымдан ашкан Шах-Фазл күмбөзү бүгүн толук кайра реставрациялоого өтө муктаж. Анткени тарыхый жагынан гана эмес маданий жагынан баа жеткис булл ыйык күмбөздү өз калыбында сактапкалуу келчек муундар алдындагы, ислам дининдеги улуу ыйык жайды өзабалында сактоо биздин парзыбыз. Учурда күмбөздүн ичиндеги нымдуулук көбөйүп, ар кандай бактериялар анын дубалдарына олуттуу зыяндарын келтире баштаган. Биз анын бузула баштаган жерлерин фотоаппарат менен тартып, Бишкектен атайын анализден өткөргөн соң,реставрациялоо иштерине астейдил киришебиз. Келерки жылдын күзүнө чейин бардык иштерди бүткөрүү максаты белгиленген,–дейт архитектура илиминин доктору, реставрациялоо иштеринин жетекчиси Жумамүдүн Иманкулов.
–Сафед-Булан айылындагы Шах-Фазл күмбөзүнө бөлүнгөн каражаттар өз максатында иштетилип, бир гана ислам дини менен эле эмес, дүйнөлүк маданият үчүн баа жеткис болгон Шах-Фазл тарыхый-маданий комплексин кайра калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн 11,5 млн. сом акча каражаты толугу менен өз максатында иштетилет деп ишенемин. Эл аралык туризмди өнүктүрүүдө Шах-Фазлдын орду баа жеткис. Бекеринен ал ЮНЕСКОнун коругуна алынганы жок,ошондуктан реставрациялоо иштеринин сапаттуу болушу биз тараптан такай көзөмөлдө болот,–деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.
Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин курулуш бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Ыбыкеев, маданият министрлигинин имараттар боюнча башкы адиси Ислам Сартбаев, Ала-Бука районунун акими АлымкулКулуев, Ак-Коргон айыл аймагынын башчысы Юсупбек Турабаев өзсөздөрүндө Шах-Фазл тарыхый маданий комплексинин талаптагыдай жана сапаттуу реставрациялоо боюнча өздөрүнүн баалуу ой-сунуштарын ортого салышты. Эркинажы Бегимкулов Шах-Фазл тарыхый-маданий комплексинин өзүнүн музейи болуу шарт экендигин белгилеп, бул багыттадагы аракеттер болуп жаткандыгын белгилеп кетти.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Ала-Бука районундагы Шах-Фазл тарыхый  мемориалдык комплексин   реставрациялоои  штери  башталды                            (Фото баян)
Ала-Бука районундагы Шах-Фазл тарыхый  мемориалдык комплексин   реставрациялоои  штери  башталды                            (Фото баян)
Ала-Бука районундагы Шах-Фазл тарыхый  мемориалдык комплексин   реставрациялоои  штери  башталды                            (Фото баян)
Ала-Бука районундагы Шах-Фазл тарыхый  мемориалдык комплексин   реставрациялоои  штери  башталды                            (Фото баян)
Ала-Бука районундагы Шах-Фазл тарыхый  мемориалдык комплексин   реставрациялоои  штери  башталды                            (Фото баян)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17