Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
Өлкө аймактары менен кубаттуу болсун!
28.12.2014 / Автор Orozaly1,877 Бардыгы /
Ошентип бул жылды да карыттык. Бул жылда жакшы маанай тартуулаган Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгы, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы, Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгы болду. Балыкчы –Жалал-Абад жолунун курулушу башталды. Аксыда “Иринжит” каналы курулуп ишке берилди. Ошондой эле Өзбекстан жылда берчү газын бербей, “Кыргызгаз” сатылып Ош, Жалал-Абадды бир кыйла өксүттү. Бажы биримдигине киребиз, кирбейбиз деп талашып-тартышып жатып, акыры ынап кирип баратабыз.
“Ата Журт” партиясы менен “Республика” партиясы бирикти, бирок жалпы элге таасирин көрсөтө элек. Ындыбызды өчүрүп турган дагы бир жагдай – энергиянын баасы кымбаттап, эртең төлөгөнгө келгенде элибиз кыйналып калабы деп санааркап турабыз. Баанын баасы да акырындап көтөрүлүп, кыжаалат кылууда.
Жеке биздин жамаатта кымбатчылыктан кыйналганыбызды эске алганыбызда, ак үй, көк үй, аркы жээк,бул жээк –кыскасы баары менен алакалаш болуп арабабызды кылдыратып каниет кылып иштеп жатабыз. Газетабыздын 3 жылдыгын белгиледик. Сайтыбыздын окурмандары өстү. Ал эми жеке өзүм 30 жылдан ашык убакыттан бери жазып, чогултуп жүргөн ырларымды топтоп “Нөшөр” деген китеп чыгардым.
Кой жылы саясат активдешип, кочкорлордун сүзүшү болот окшоп калды. Саясат менен иши жок эл койдой момурап, барга-жокко көнүп, бардар жашообузду уланта берели. Баарын жакшылыктарга жоруйлу . Айды алып беребиз дегендерге ишенбейли. Андан көрө кудай ар бирибизе өзүбүздөн айтсын.
“Ата Журтубузду”, “Ата Мекенибизди” Бүтүн Кыргызстан кылып сактап турган “Республикабызда” жашаган “Замандаштарыбыз” “Бир болуп”, “Эмгек” менен бакубат турмушта жашап “Өнүгүүү” жолуна түшсүн! “Улуттар биримдиги” сакталсын! “Ар намысыбыз” бекем болуп, биз девиз кылып жашаган ”Өлкөбүз аймактары менен кубаттуу болсун!
Жаңы жылыңыздар менен!
Орозалы КАРАСАРТОВ, “Аймак” газетасынын жана «Aymak.kg” сайтынын башкы редактору жана кожоюну
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
28.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.