Аймак

Жаш журналисттердин клубу иштей баштады

 1,613 Бардыгы /

Жаш журналисттердин клубу иштей баштады Урматтуу мектеп окуучулары! Студенттер!

“Аймак” газетасынын жана “Аymak.kg” сайтынын базасында “ЮЗФ” коомдук фонду жана Эл аралык уюмдар менен Жаш журналисттердин клубу иштей баштады. Клубга макала, ыр жазууга, фото, видео тартууга кызыккан өспүрүмдөр келип катыша алат. Алардын материалдары, видеолору газетага, сайтка жарыяланат.
Коомдо өзүнүн ордун табууга, жарандык активдүү позицияны ээлөөгө тарбия алган бул клубда жаш таланттар ар кайсы улуттан,башка мектептерден, окуу жайлардан досторду таба алат. Тажрыйбалуу журналисттер, журналистикада сабак берген окутуучулар менен жолугушуулар болот жана алар сабак өтүшөт.

Жаш журналисттер үчүн жумасына эки жолу -шейшембиде жана жума күндөрү саат 14.00дө “Аймак” газетасынын редакциясында чогулуп сабак өтүлөт, практикалык иштер аткарылат.

Жакшы идеяларды ишке ашырган долбоорлор колдоо тапса каржы жагынан эл аралык уюмдар колдоого алат.

Биздин дарек: Жалал-Абад шаары, Ленин Көчөсү №17 тел: 03722 2-32-36, 0770 81 00 32
Эл. дарек: orozaly@mail.ru

Карасартов Орозалы Садыкович

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17