Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ КЫШКЫ ДАЯРДЫК

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ КЫШКЫ ДАЯРДЫК

 1,332 Бардыгы /

Кыш мезгилинде Жалал-Абад облусунда транспорт каттамдарын туруктуу камсыздоо максатында 7 миң 439 тонна кум жана туз камдалган.

Ош-Бишкек унаа жолунун Жалал-Абад облусу аркылуу өткөн 589 чакырымын жалпы төрт жол тейлөө ишканасы карайт. Бул жолдо күнүнө болжолдуу 11 миңге жакын унаа каттайт. Кышкы тейлөөгө жалпы 37 жол тазалоо техникалары даяр болгон. Коопсуздук чараларын камсыздоодо жолдогу жана негизги ашуу участкаларында тазалоо иштери үзгүлтүккө учураган жок.

Облус боюнча автожолдордун узундугу 16 миң 465 чакырымды түзөт. Жалпы пайдалануудагылары 3 миң 362 чакырым. Алар, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдор. Облустун аймагында 12 жол тейлөө ишканасы иш алып барат.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17