Аймак

“Аймак” газетасында ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү менен жолукту

 5,880 Бардыгы /

“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту “Аймак” коомдук саясий газетасынын редакциясына Жалал-Абаддагы ооган согушунун ардагерлери келип “Жаш журналисттер” клубунунун мүчөлорүнө маек куруп берди. Кыргызстандан 14 миңден ашуун жоокер катышкан, согушка көбүнчөсү 18-21 жашка чейинки жаштар болгон 1979-жылдан 1989-жылга чейин каргашалуу согушта канчалаган инсандарыбыз катышып, канчасы согуш майданында дүйнөдөн өткөн 10 жылга созулган бул согушту кудайым жүзүн нары кылсын айтып берсе жүрөктун үшүн алат.
Согуштун болгонуна 26 жыл болгондугуна карабастан алар согушту көз алдындагыдай баяндап беришти. Ооганстандын аба ырайы кышындасы суук болсо жайындасы ыссык болуп көнгүчөктү да аябай азап тарттык, бир күн ачка калсак, эртеси суукка тоңуп көрбөгөн азапты көрүп Ата-мекенибизди коргоп келдик. Мен 1981-жылы 21 жашымда согушка баргам, Ташкенттен Кабулга учуп конгонубузда аэропортунда военный учактар, танкалар, куралчан аскерлерди көрүп жүрөктүн үшүн алды. Үч күндүк тамак менен курал жарагыбыздын салмагы 35-40 кг. түзгөн сумканы артыбызга асынып алып согуш майданына жөнөдүк Ооганстан тоолуу аймак болгондуктан көтөрүп чыгууда тозок эле. Кээде тамактын ордуна ок даарыны көп алат элек , себеби тамагын жок болсода бир күн жашаса болот, ок даары жок болсо кооптуу көрүнчү. Тамагыбыз түгөнүп ачкадан ачуу пиязды отко кактап ачуусун кетирип жеген күндөрүбүз да болгон деди Жалал-Абад шаардык ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы Бекболот Жетибаев
Алар сен орус мен кыргыз, мен өзбек дебей мекен үчүн бардык улуттун патирот эр азаматтары тикеден тик туруп, кан жанын аябай кызмат кылганын айтышып, мына ушул ынтымакты азыр да сактап жүрүшкөнүн айтып,буга мисал катар бир кыргыз,бир өзбек, бир орус өкүл келип жолугуп жатабыз деди.
Жаштар Оогон согушунун ардагерлерине суроолорун беришип, суроолоруна толук жооп ала алышыты. Жана ардагерлер жаштарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө, жигиттерди аскердик кызматын өтөөгө, тынч жашаганыбызга кудайга шүгүр кылууга, ынтымактыкка чакырып кетишти.
“Аймак” коомдук саясий газетасы да өз белек бечкектерин ардагерлерге беришип алардын ыраазычылыгын алышты.

Нурислам Паязов,”Жаш Журналсттер клубунун мүчөсү”

“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту
“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту
“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту
“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту
“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту
“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту
“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту
“Аймак” газетасында    ооган согушунун ардагерлери “Жаш журналисттер” клубунун мүчөлөрү  менен жолукту

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17