Аймак

Базар-Коргондогу Мырза-Суу СПАсына караган эки каналдын 8 чакырымын бетондоо жумушу жанданды (фото)

 1,648 Бардыгы /

Базар-Коргондогу Мырза-Суу СПАсына караган эки каналдын 8 чакырымын бетондоо жумушу жанданды (фото)

Базар-Коргон районундагы Мырза-Суу суу пайдалануучулар ассоциациясына караган эки каналдын 8 чакырымын бетондоо жумушу жанданды. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук суу пайдалануучулар ассоциациясын колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Абдыжапар Турдуматов малымдады.
Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагындагы Мырза-Суу суу пайдалануучулар ассоцациясына (СПА) караган Сейдикум, Тойчубек каналардарынын 8 чакырымын бетондоо жумушу жүрүүдө.
Анын айтымында, Мырза-Суу СПАсынын «Ички чарбалык суугат» долбоорунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосунда каналдарды бетондоо жумушу башталган.
«Сейдикум каналынын 3 км 215 метри, Тойчубек каналынын 4 чакырым 545 метри, жалпылап алганда 8 чакырым аралык бетондолот, 35 даана суу курулмалар курулат. Каналарды бетондоо жумушу үстүбүздөгү жылдын декабрь айына бүткөрүү пландалып жатат, ал эми апрель айына чейин график боюнча 2 чакырымы бетондолот. Андан соң жумуш убактылуу токтотулуп турат, дыйкандар эгиндерин жыйнап алган соң кайрадан жумуш жанданат», – дейт Абдыжапар Турдуматов.
Кошумчалай кетсек, каналдарды бетондоо жумушуна 49 млн сом каражат сарпталат. Мындагы каражаттын 75%ы мамлекет, 25%ын калк кайтармакчы. Калк тарабынан 12 млн сомдон ашуун каражат 7 жыл ичинде кайтарылмакчы.
Мындагы каналдарда жүрүп жаткан жумуштун жагдайынан кечээ, 11-февралда өкмөттүн областагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева, район акими Таалай Дөлдөев баштаган бийлик өкүлдөрү кабар алышты.

Талгат Абдракманов

Базар-Коргондогу Мырза-Суу СПАсына караган эки каналдын 8 чакырымын бетондоо жумушу жанданды (фото)
Базар-Коргондогу Мырза-Суу СПАсына караган эки каналдын 8 чакырымын бетондоо жумушу жанданды (фото)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17