Аймак

Баткен райондук “Кызыл Туу” гезитинин башкы редактору Гүлчехра Тажибаева: “Баткен районунун тарыхы “Кызыл Туудан” башталат”

 12,255 Бардыгы /

Баткен райондук “Кызыл Туу” гезитинин башкы редактору Гүлчехра Тажибаева: “Баткен районунун тарыхы “Кызыл Туудан” башталат” Баткен райондук “Кызыл Туу” гезитине 75 жыл!


Жакында Баткен райондук “Кызыл Туу” гезити өзүнүн 75 жылдык юбилейлик майрамын өткөрдү. Улуу тарыхты өзүнө камтыган, райондун туңгуч гезити болгон “Кызыл Туу” гезитинин райондун 80 жылдык тарыхында салмактуу орду бар.
Мааракеде гезиттин эмгек жамаатын куттуктоо үчүн КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.Жолчиев, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейитмурат Калыков, гезит тармагында иштеп кеткен мурдагы редакторлор, ардагер журналисттер, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөлөрү, райондун аймагындагы бардык айыл өкмөт башчылары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Салтанатта гезиттин чыгармачыл жамаатына жакшы каалоо-тилектер айтылып, акын-жазуучулардын ырлары окулуп, майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Райондук “Кызыл Туу” гезитинин 75 жылдыгына арналган иш-чара Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги астында өткөрүлүп, ПРООН Эл аралык уюму, “Билайн” уюлдук байланышынын колдоосунда каржыланды.
1934-жылдын 19-апрелинде Баткен өз алдынча район болуп түзүлгөндөн 4 жыл өткөндөн кийин, 1938-жылдын 23-февралында «Сталиндик жеңиш» деген ат менен латын арибинде кыргыз тилинде райондук гезиттин биринчи саны жарык көргөн. Тунгуч сандын түптөлүп чыгышына ошол кезде Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп иштеп турган залкар инсан, жердешибиз Мурат Салиховдун кошкон салымы чоң. Телчиккен жылдардын түмөн-түйшүк, кыйынчылыктарын жеңүү менен гезиттин ишин жаңыдан уюштуруп, алга карай кадам шилтөөдө тунгуч редактору Туратов Полот, андан кийинки редакторлор Темирбаев Полот жана Өкүшова Апендер чоң эмгек сиңиришкен. Гезиттин бүгүнкү журналисттери, андагы кыйын шарттарда иштеген калемгер ага-эжелер менен сыймыктанып келишет. Районубуздун 80 жылдык ар тараптуу тарыхын, басып өткөн даңазалуу жолун «Кызыл Туу» гезитисиз элестетүү кыйын. Кичи Мекенибиздин аймагында болуп жаткан ар түрдүү жаңылыктар, окуялар, күрдөөлдүү эмгек процессии, тарыхый инсандардын таржымалы өткөн элеси «Кызыл Туу» гезитинин беттеринде жазылып жана сакталып калды. Согуштан кийинки өлкөнү калыбына келтирүү жылдарында Баткен районунун калайык-калкын идеялык-нравалык жактан тарбиялап, райондун экономикалык, социалдык жана маданий денгээлин өстүрүп-өркүндөтүүдө, өндүрүштүн ар түрдүү тармактарында ишмердүүлүктү көрсөтүп жаткан адамдарды эмгектенүүгө багыттоодо, улуттар ортосундагы достукту жар салууда, Өкмөттүн чечимдерин элге жеткирүүдө «Кызыл Туу» гезитинин кызматы опол тоодой болгон.
Гезиттин сапаттык деңгээлин жакшыртуу үчүн Көкүл Султаналиев, Абдразак Асранкулов, Ырызали Жанчаров, Сайпидин Жээнбеков, Аскар Ражабалиев, Жусуп Айдаров, Азамат Ормонов, Бегали Рысбаевдер редактор болуп үзүрлүү иштешкен, Өрүкзарлуу аймагыбыздан суурулуп чыккан Курбаналы Сабыров, Мурзапар Үсөнов, Аскар Ражабалиев, Апызали Кочкоров, Атакул Жакыпов, Жусуп Айдаров, Тургунбай Жумаев, Абдибаит Абдивалиев, Токсеит Дыйканов, Турдали Иматов, Абдинаби Даабеков, Хаитали Атабаев, Урпия Жусупова ж.б. акын-жазуучулардын табият тартуулаган таланттарын таптоодо жана элге жеткирүүдө «Кызыл Туунун» мүнүшкөр, саяпкерлик кызматты аткаргандыгы талашсыз. Гезит чыга баштагандан бери анын 2600дөн ашык саны жарык көрдү. Айылдык кабарчылар, чыгармачыл инсандар, ар түрдүү кесиптеги авторлорубуздун көмөк көрсөтүүсү менен гезиттин ажары ачылууда. Учурдун кыйынчылыктарына карабай «Кызыл Туу» гезитинин редакциясынын чыгармачыл жамааты гезиттин сапатын жана окумдуулугун арттыруу үчүн астейдил аракеттенип келүүдө.
Ал өткөн чактагы элибиздин, райондун тарыхынын баалуу архиви болсо, учур чакта дагы эле жаңылыктын жарчысы, жакшылыктарга үгүтөөчү, уюштуруучулук кызматын аткарып келе жатат. Кылымга тете бул аралык ичинде редакция эмгек жамааты ичинен канчалаган чыгармачыл уул-кыздарын тарбиялап өстүрдү. Жергиликтүү жаштарды жакшы багытка үгүттөп, маданий-чыгармачылык жолунда шыгына-шык, демине дем–дем кошуп, колдоп келди. Гезит ар кандай баскычтар менен кошо өз нугунда сапатын жоготпой, куралып олтуруп, элдин сүймөнчүк гезитине айланды.
«Кызыл Туу» гезити райондун көптөгөн муундарын ар тараптуу тарбиялоодо чоң кызмат өтөп келет. Ал учурунда адабиятка дили жакын жаштардын өзүнчө мектеби болчу. «Кызыл Туу» гезитинде чыгаан журналисттер Аззам Жапаров, Молдо Бердишев, Батыр Сапаров, Эркебай Турсунбаев, Файзулла Токсобаев, Айтбай Гыязов, Имигүлсүн Кимсанова, Жусуп Айдаров, Адилбек Батыров, Жоробек Саттаров, Абдималик Юлдашев, гезиттин чыгуусунда журналисттерден кем эмес кызмат кылышкан басмаканын кызматкерлери Жалил, Талип Эгембердиев, Эркебаев, Сулуу Гапарова, Сакен Алиева, Айнагүл Өсөрова, Санталат Касымова ж.б. эмгектери чоң.
75 жылдык тарыхы бар гезитибиз аздыр көптүр эмгек жасап өз окурмандарын табууга жетишти. Бүгүнкү күндө “Кызыл Туу” гезити Ош шаарындагы жеке менчик басмаканасынан 1 айда 3 жолу 1500 нускада чыгарып, окурмандардын кызыккан темаларын көп тармактуу чагылдырып турууга белсене киришип иш алып барышууда.
“Кызыл Туу” гезити албетте ар тараптуу кызыктуу материалдарды үзбөй элге жеткирип, барган сайын өз окурмандарынын катарын толуктап, чоң аракет менен иштөөдө. Албетте, бул биздин жамаат үчүн ийгиликтин башаты. Алдыда дагы максаттарыбыз арбын. Эл аралап, эл ичиндеги чечилбей жаткан маселелерди көтөрүп, сын макалаларды жазууга аракеттенип жатабыз.
Бүгүнкү күндө жооптуу катчы Жылдыз Шайдуллаева, кабарчы Гүлкайыр Эргешова, башкы бухгалтер Зияда Жороевалар басма сөз аркылуу чындыкты, айкындыкты тайманбастан бетке айтып, элди күндөлүк турмушубузда жүз берген жаңылыктар, аткарылып жаткан иштер, маанилүү окуялар менен кабардар кылып келишүүдө.
Буюрса, мындан ары дагы кызыктуу маани-маңыздуу маектер, макалалар, кабарлар менен окурмандарынын ишенимин актап, туура багытта өнүгө бермекчи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17