Аймак

Чегирткелер шаштыны ала баштады (Фото баян)

 3,097 Бардыгы /

Чегирткелер шаштыны ала баштады                         (Фото баян)Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл аймагында жана Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагында зыянкеч чегирткелер жанданып, мал жайыттар менен айыл чарба өсүмдүктөрүнө олуттуу зыяндарды алып келүү коркунучтарын жаратып олтурат.
Азыркы мезгилде Бүргөндү айыл аймагынын Манап-Сай колоту жайытында 2 га. жайыт жеринде миңдеген чегирткелердин очогу жаралып, алар саат санап жетилип, тез чоңойуп барууда жана жайыттардын чөбүн бир четинен жеп, аймактарга таралуусу күн санап кеңейип барууда. Ал эми Үч-Коргон айыл аймагында 1 га. аянтта чегирткелердин чоң очогу пайда болгондугу аныкталды.
Азырынча чегирткелер толук жетилип чоңоюша элек. Зыянкеч чегирткелер азыр жөрмөлөп жана секирип кана оокаттанып жатышат.Арадан дагы 10 күн өтө турган болсо алардын канаттары пайда болуп, күнүнө 5 км. чейин учуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай шартта зыянкечтер жайыттар менен айыл чарба өсүмдүктөрүнө олуттуу зыяндарды алып келээрин адистер тынчсыздануу менен белгилеп жатышат.
–Азыр биз очокторун аныктаган чегирткелер «саранчанын марокко» түрү экендиги анык болду. Биз Сузак, Ноокен жана Аксы районунун аймактарындагы саранча чегирткелеринин очоктору бар жерлерди толук аныктап, Бишкектеги Саранчы экспедициясына маалыматты убагында эле жеткиргенбиз. 16-апрель күнү Бишкектен чегирткелерге каршы уулу химикат дары-дармектерди чачуучу 5 дөңгөлөктүү трактор, 1 суу ташуучу машина жана 2 микромер жолго чыгат. Алар келээри менен чегирткелер аныкталган аймактарга химиялык иштетүүлөрдү жүргүзө баштайбыз,–дейт Жалал-Абад региондук өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Кайрат Садыков.
Адистер менен жергиликтүү тургундардын айтымында зыянкеч чегирткелерге каршы тракторлор менен иштетүү жүргүзүү жеткиликтүү натыйжасын бербей келет. Анткени бийик жана тик капталдуу адыр жерлерине техникалардын талаптагыдай жүрүүсү жана химиялык иштетүүнү натыйжалуу жүргүзүү мүмкүн эмес. Былтыр облус аймагы боюнча чегирткелер 28904 га. аянттагы жайыттар менен айыл чарба өсүмдүктөрүнө олуттуу зыянын келтирип, келтирилген чыгашалар миллиондогон сомду түзгөн. Былтыр Ноокен районунун өзүндө эле чегирткелер тарабынан 5252 га. жайыттар менен айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип, жүздөгөн дыйкандар менен фермерлер маңдай тер жумшаган мээнеттеринен кол жууп калышкан. Саранча чегирткелерине каршы күрөшүүдө химикаттар менен дары-дармектерди пайдалануунун эң натыйжалуу жолу самолёт менен чачуу болуп саналат дешет бир катар айыл чарба адистери.
–Республикалык өсүмдүктөрдү коргоо башкармасынын башчысы Жаныбек Дербишалиевге 2 жылдан бери чегирткелерге каршы натыйжалуу ишетүү жүргүзүү керектиги туурасында бир катар сунуштарды айтканбыз. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Жадакалса чегирткелер келтирген олуттуу зыяндарды көрөйүн деп бут басып келип койгону жок. Мен адис катары айтаар элем, зыянкеч чегирткелер менен күрөшүүдө самолету пайдаланмайын эч кандай натыйжа болбойт жана жыл сайын саранча чегирткелеринин саны улам көбөйө берет. Эгерде жакшылап эсептеп көрсөк, жайыттар менен айыл чарба өсүмдүктөрүнө чегирткелер тарабынан келтирилген зыяндар самолётту пайдаланууга кеткен чыгымдардан он эсеге көп болууда,–дейт Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Турдуманбет Эшиев.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева зыянкеч чегирткелердин чоң очогу аныкталган Бүргөндү айыл аймагындагы Манап-Сай колотунда болуп, тиешелүү адистер менен абалдан кантип чыгуунун жолун талкуулады. Азырынча толук чоңойуп жетиле элек чегирткелерге каршы химиялык дары-дармектерди чачуу иштерин тез арада ыкчам түрдө баштоо зарылдыгын белгиледи.
–Акыркы жылдары саранча чегирткелери облустубуздун Сузак, Ноокен жана Аксы райондорунун жайыттары менен айыл чарба өсүмдүктөрү менен эгиндерине эбегейсиз олуттуу зыяндарды алып келүүдө. Бул маселенин алдын алуу боюнча биз селектердик кеңешмеде Өкмөт башчысына жана КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүүнүн зарылдыгын жеткиликтүү түшүндүргөнбүз. Мага азыр адистер айткандай, Бишкектен зыянкечтерге каршы иш алып баруучу техникалар менен химиялык дары-дармектер келип жатыптыр,–деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Чегирткелер толук жетилгенден кийин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кайсыл түрү экендигин ылгабай тегиз жеп учуп, кыйратып, талкалап кете берет. Анан эң коркунучтуусу өзүнүн тукумдарын жер алдына калтырып кетет.
–Менин тагдырым жер менен тыгыз байланышкан. Жыл сайын 20 га. аянтка пахтадан баштап, айыл чарба өсүмдүктөрнүн ондон ашуун түрлөрүн эгип өстүрөмүн. Мына азыр менин эгин аянттарымдын жанынан чегирткелердин очогу пайда болуп, күн санап эмес, саат санап алар жетилип келе жатышат. Эгер канат байлап калышса, бир канчалаган түшүмдөн кол жууп калышым толук ыктымал,- дейт Бүргөндү айыл аймагынын Манап-Сай айылынын жеке ишкери Муктар Молдобаев.
Эгерде ушул таптан чегирткелерге каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүлбөсө дыйкандар менен фермерлерге келтирилген зыяндардын өлчөмү миллиондогон сомдорго чаап чыгышы турган кеп. Шаштыны алган чегирткелерге каршы күрөш башталды. Анда ким жеңишке жетишет, аны убакыт көрсөтөт.

Чегирткелер шаштыны ала баштады                         (Фото баян)
Чегирткелер шаштыны ала баштады                         (Фото баян)
Чегирткелер шаштыны ала баштады                         (Фото баян)
Чегирткелер шаштыны ала баштады                         (Фото баян)
Чегирткелер шаштыны ала баштады                         (Фото баян)
Чегирткелер шаштыны ала баштады                         (Фото баян)

Жолдошбай Осмонов, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17