Аймак

Шайлообек АТАЗОВ: «ЭГЕР ЭРТЕҢ КЫРГЫЗ ТИЛИМ ЖОК БОЛСО, АНДА ЖАКШЫ БҮГҮН ӨЛҮП АЛГАНЫМ»

 3,620 Бардыгы /

Шайлообек АТАЗОВ: «ЭГЕР ЭРТЕҢ КЫРГЫЗ ТИЛИМ ЖОК БОЛСО, АНДА ЖАКШЫ БҮГҮН ӨЛҮП АЛГАНЫМ»Шайлообек АТАЗОВ – кикбоксинг боюнча дүйнөнүн чемпиону. Ош шаардык кеңешинин депутаты. Мурдагы мэр Мелисбек Мырзакматовдун саясатын ачык жана туруктуу кубаттаганы үчүн кызматынан кол жууган. Ушул тапта түштүк башкалаасынын уул-кыздарын кикбоксингге туруктуу машыктырып, алардын эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышуусуна өбөлгө жаратып келатат.
– Шайлообек мырза, Сиз адегенде эле шаардык кеңештин сессияларынын жалаң гана кыргыз тилинде жүргүзүлүшүн талап кылып келатасыз. Бу адатыңыз ашынган улутчулдуктун жышааны эмеспи?
– Кесе айтайын, бул жерде улутчулдуктун аты түгү, жыты дагы жок! Мен мындай кадамдарымды мекенчилдик сыңары гана сыпаттаймын. Буга улай Конституциялык мыйзамга гана бекем таянып жатамын.
Анткени дүйнө жүзүндө Кыргызстан бирөө гана. Ошон үчүн кыргыз тили биздин гана өлкөдө турмуштук зарылчылыктын кашкайган үлгүсү катары бардык тармакта кең-кесири колдонулуп, Мекенибизди байырлаган чоң-кичине улуттардын өз ара мамилелешүү каражаты, мындайча айтканда, орток тили сыңары кызмат өтөөгө тийиш!
Кыскасын айтканда, уялбай-этпей эле мамлекеттик деңгээлде
«Эгер эртең кыргыз тили жок болсо,
Анда жакшы бүгүн өлүп алганым!
»- деген ураан астында үзгүлтүксүз иш жүргүзүүбүз кажет. Бизде Кыргызстанда азыр өзү мындан башка арга калган жок.
– Кай бир кесиптештериңиз 2015-жылдын бюджетин кеч болсо да бекитип жатканыңыздарда айрым мекеме-ишканаларга, маселен, Ош шаардык парктар башкармалыгы өңдөнгөн уюмдарга калаа бюджетинен дотация бөлүнүшүнө караманча каршы чыгышты. Сиз дегиңкиси буга кошуласызбы?
– Бул эми мен мүчөлүк кылган «Улуттар биримдиги» партиясынын позициясы эмес. Шаардык кеңештеги «Республика» партиясынын гана талабы. Өзү Ош шаардык парктар башкармалыгы бизден жыл сайын арзыбаган 3 миллион сом сурайт. Анткени Кытайдан жана Кореядан жаңы заманбап аттракциондор алып келинип орнотулбадыбы. Ошолорду толук кандуу иштеткенге азырынча ушунча көлөмдөгү каражат керек экен.
Албетте биз паркка кыйын кезеңде кол сунуп, а түгүл такай каралашып турушубуз парз. Аталган парк бутуна тургандан кийин ал акчаларды шаар казынасына толук өлчөмөдө кайтарат. Мен буга бөркүмдөй ишенем.
– Ош шаарынын мурдагы биринчи-вице-мэри, ушул тапта «Республика» партиясынан шаардык кеңешке депутат Арфидин Аланов 2010-жылдагы Ош коогалаңын дыкаат иликтөө максатында шаардын алкагында атайын комиссия түзүү зарылчылыгын баса белгилеп келатат. Сиздин баамыңызда, мындай аракеттин учугу барып эле мурдагы мэр – сиздердин жакын санаалашыңыздар Мелисбек Мырзакматовго такалбайбы?
– Бул демилгеден өзү кынтык издөөнүн дегеле кажети жок. Жалпыга маалым 2010-жылкы июнь коогалаңын улуттук комиссия, Жогорку Кеңештин комиссиясы жана эл аралык комиссия өз алдынча иликтеп, бирок бири дагы элди чындап ынандыраарлык ойлорун жана корутундусун айта алган жок! Тагыраагы конкреттүү тараптарды даана жана аргументтер менен күнөөлөгөнгө дегеле батынышпады.
Ошол себептүү кайгылуу окуяга шаардык кеңештин жаңы курамы, баса белгилеп коюуга тийишмин, эртедир-кечтир саясий гана баа берип коюшубуз парз. Ал эми юридикалык бүтүмдү прокуратура жана сот органдары акыры калыс чыгараарына абдан үмүттөнөм. Анткени дал ошол коогалаңдын кесепетинен коллегабыз, Ош шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шакиров эки элди жараштырып жүргөн маалында душмандардын огуна кабылып, ажал таппадыбы.
Ал эми «Республика» партиясынын чыныгы ниети кандай экенин билбейт экенмин, бирок мурдагы мэр Мелисбек Мырзакматовдун дал ошол тополоңду өөрчүтпөстөн кыска аралыкта басканга, бүгүнкү күндө түштүк башкалаасында туруктуу бейпилдикти орнотконго мээнети чоң. Бул сокурга деле сезилип турбайбы.
– Шайлообек мырза, айтмакчы айтылуу Ош аэропорту шаардын алкагында жайланышканы менен азыркы күнгөн дейре салык жана башка жыйымдар, мындайча айтканда ири көлөмдөгү каражаттар Кара-Суу районунун казынасына түшүп турат экен. Бул маселени неге көтөрбөй келатасыздар?
– Кантип? Шаардык кеңештин алгачкы эле сессиясында бул маселени мен кабыргасынан койбодумбу. Колумдагы маалыматка караганда 2004-жылы Жогорку Кеңеш мыйзам кабылдаган. Ага ылайык 2010-жылга чейин Ош аэропорту түштүк башкалаасынын карамагында турган. Кийин кайсыдыр бир шылуундардын жеке кызыкчылгын коргогон Кара-Суу райондук соту 2010-жылы мамлекеттик актыны (Кызыл китепти) жалаң өзбектер жашаган Кара-Суу районунун Нариман айыл округуна тартуулап ийген.
Ошентип эл аралык маанидеги стратегиялык бул обьект – Ош аэропорту көздү жумуп-ачкыча Кара-Суу районунун бир кичинекей кыштагынын энчисине гана айланган. Муну дүйнөлүк коомчулук укпасын Алишер мырза, анда таза шерменде болобуз, эй!
Ушуга улай терең ойго салып жаткан маселе: Ош аэропортуна Исхак Раззаков, Насирдин Исанов, Төрөбай Кулатов өңдүү өмүрү өрнөк, кашкайган инсандардын биринин ысымын ыйгарганыбыз оң. Биз мындан чынында утат элек. Муну дагы жумурткадан кыр издеп, ашкере саясатташтыруунун дегеле кажети жок!
Баса, биз президент Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңешке шаардык парламент атайын кайрылуубузду жолдогон элек. Анда калаа депутаттары «Бир улутка ашкере жан тартып, калган улуттардын укугун ачык басмырлап, кыжырын кайнатпайлы. Аэропортту чыныгы ээсине – Ош шаарына кайтаргыла!?» -деп суранганбыз. Тилекке каршы, борбордук бийлик эмдигиче чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, бир чечимге келе элек.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17