Аймак

Муктар Арапбаев, Жалал-Абад шаарынын мэри: “Биз шаар үчүн: мен, депутаттар жана баарыбыз жоопкербиз”

 2,027 Бардыгы /

Муктар Арапбаев, Жалал-Абад шаарынын мэри:  “Биз шаар үчүн: мен, депутаттар жана баарыбыз жоопкербиз”

Муктар Абдуллажанович, келиниз, ачык сүйлөшөлү, мен ачык эле айтайын- мэриянын ишмердиги боюнча коомчулукта карама-каршы пикир пайда болуп жатат. Сиздер иш болуп жатат десеңиздер, көпчүлүгү иш болбой жатат деп айтышууда. Эмне үчүн мындай түшүнбөөчүлүк болуп жатат?

-Иш болбой жатат деген пикир туура эмес. Анткени шаар ичинде 7 көчөнүн кесилиштеринде орнотулган жаңы заманбап светофорлорго эле жалпы суммасы 5 млн. сомдон ашык акча каражаты сарпталды. Курорттун көчөсүндө Хан-арык каналынын 280 метри кайрадан жасалып чыкты. Башка каналдар тазаланып жатат. Мурунку жылдары жамгыр катуу жааса эле шаарды каптап жатып калчу эле, чынбы? Эми андай болбойт. Бизде көчө жээгиндеги арыктарды тазалоо, латокторду орнотуу иштери кетип жатат. Андан сырткары бүткөрүлүп бирок иштебей турган асфальт заводду ишке киргизе баштадык. Бул деген мындан ары шаар ичиндеги жолдорду өзүбүздүн асфальт менен оңдоп-түзөп, бирөөлөргө көз каранды болбойбуз дегендик.

–Сиз көпчүлүктү түзгөн “Ак ниет” коалициясынын атынан бийликке келгенсиз. Демек КСДП менен “Ата Журт” сиз тарапта. Анда эмне үчүн көп кабаттуу үй куруу жана башка демилгелериңиз сессияда колдоо таппай калып жатат? Эмне командаңыз жокпу?

-Менде “ бул менин командамда, ал тигинин командасында” деген бөлүп жаруу жок. Менин да командам бар, айырмасы бирөөлөргө каршы иштөө эмес, алар жалпы кызыкчылык үчүн иштешет.
Шаарыбыздын өсүп өнүгүүсү, өзгөрүүсү үчүн иштөө бул жалпы баарыбыздын милдетибиз. Мында позиция, оппозиция деген көз караш болбошу керек. Эми сессияда анча-мынча депутаттар эмоцияга алдырып койгон жагдайлар бар. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгеси ошондон улам колдоо таппай калды. Биз ал үйгө деген акча каражаттарын башка тармакка иштетебиз, пландарыбыз бар. Бирок ал үйдү да куруу аракетин көрөбүз.
Ал эми жалпы иште “сеники же меники” болбошу керек, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы эң жогору туруш керек деп ойлойм.

-Акыркы учурда сиздер өткөрүп жаткан тендер ачык айкын болбойт, жеке кызыкчылыктар коштойт деген сын пикирлер айтылып жатат, Сиз буга кандай деп жооп бересиз?

– Тендер боюнча ачык оюмду айтып коёюн. Мэр тендер өткөрөт деген туура эмес. Ансыз деле жасай турган жумуштар толтура. Кызматтык милдет боюнча тендер өткөрүү орун басарларга жүктөлөт. Тендердин чырын мен жакшы билем. Ошондуктан дайыма таза, ачык-айкын, мыйзамдуу өткөрүүсүн талап кылам. Тендерге катышкандардын сөзсүз бирөөсү утат, албетте утулган тарапта нааразычылык болот да, турмуш экен, көрсөтүп жатпайбы. Анан утулуп калган тарап ар кандай сөз чыгарып жатат болуш керек.

-Шаардын экономикасында, өнөр жайында өткөн жылга салыштырганда кандай өзгөрүү, жылыштар болду деп айта аласыз? Шаардыктар үчүн эмне пайдалуу иш жасалды?

-Ар түрдүү тармактарда 215 жаңы ишкана мекемелер түзүлүп, шаар боюнча 1725 жаңы иш орундар ачылды. 3 өнөр жай ишкана ишмердүүлүгүн башташты. ( «СКАЙ” ЖЧК, «Келечек» ААК, Асфальт бетон заводу). Инвестициялардын көлөмү 22 млн. 100 миң сомду түздү.

-Сиз кызматка келгенде шаардын борборун, базарлардын ичин тазалайын, тартипке келтирейин деп жакшы эле иш баштадыңыз эле, бирок ал да аягына чыкпай калды. Баштап, бирок таштап койдуңуз. Эмне үчүн?

-Башталып, ташталып калды дегениң туура эмес. Шаардын борборундагы авто унаалардын кыймылын азайтуу максатында кошумча жолдорду ачуу, кээ бир жолдорду кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. Баары бир күндө эле бүтүп кала турган жумуштар эмес, убакыт керек.
Борбордук базардын ичинде көп жумуштар аткарылды. Өтмөктөргө брусчаткалар төшөлдү. Соода түйүндөрүнүн чатырлары жаңыланып жабылды. Базардын ичине керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин күчү менен офиске ылайыкташтырылган имарат курулуп иштеп жатат.
Андан сырткары базардын ичиндеги саркынды сууларды сыртка чыгаруучу арыктар курулду. Ленин көчөсүнөн Шабдалызар базарына кесип өтүү көйгөйү орун алып келет. Биз көчөгө 6 млн. сомго долбоорлоп, көпүрө куруу пландаштырылууда. Эгер каржысын депутаттар колдоп бөлүп берсе, келерки жылы баштайбыз.

-Эрте жазда Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев келгенде Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты А. Осмонова шаарда бала бакчалар жетишсиз экенин айтып маселе көтөргөн. Ч.Дооронов бала бакчага муктаждык 35 пайызга гана чечилгенин айтууда. Бул багытта кандай иш-чаралар болуп жатат?

-Балдарды бала бакчалары менен камсыздоо жалпы республика боюнча чоң көйгөйлүү маселелерден экенине карабай шаардык мэрия ички резервди карап чыгып иштебей жаткан 9 группаны ишке киргизди, 300 бала тарбияланып жатат. Айта кетсем Спутник кичи шаарчасында №17, №19, №33 балдар бакчалары ишке киргизилди. Курманбек кичи шаарчасында 170 орундуу бир бала бакча бүтүрүлүп ишке киргизилди. Тайгараев аймактык башкаруусунда 170 орундуу бала бакчанын оңдоо-түзөөсү жүрүүдө, март айынан баштап балдарды кабыл алуу башталат. Дагы бир 160 орундуу АКБ банкка караштуу бала бакчаны сатып алдык.
Шаар боюнча алганда 800 баланы бакчага орноштуруу жумуштары аткарылды.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому чыккан мурун берилип кеткен балдар бакчаларынын имараттарын токтоосуз кайра кайтаруу боюнча. Бул боюнча министрликке кат жолдогонбуз, бул багытта дагы иштеп жатабыз.

-Ленин көчөсүн кеңейтүү маселеси мурунтан бери эле коюлуп келе жатат. Бул боюнча сизге да доомат артууда?

-Ленин көчөсү боюнча мага чейин эле маселе көтөрүлүп келаткан экен. Бул маселе Ленин көчөсү менен эле чектелбейт. Ленин көчөсү боюнча архитектура тарабынан жол жээгинде жайгашкан үй ээлери менен макулдашуу иштери бүткөн.
Шаар ичиндеги башка жолдорду да кеңейтуу иштерин баштадык. Кайсы көчөлөрдө тоскоолдуктар аз, мүмкүнчүлүктөр бар жерлерде жумуштар жүрүп жатат. Мисалы, М.Бабкин көчөсү кеңейтилди жана Москва көчөсү Спутник кичи шаарчасынан Пушкин көчөсүнө чейин кеңейтилет.

-Тайгараевдеги асыл тукум мал чарбасы да бюджеттин акчасын соруп, бирок кайтарымсыз болуп жатканына эл да, депутаттар да нааразы.

-Мал чарбасын пайдалуу тармакка айландырыш бул оор маселе. Мен да негизинен каршымын. Бул көп түйшүктү талап кылган тармак. Бизде Тайгараев аймактык башкаруусунда база, шарт деген жок. Анткени жайыт, тоют рациондорун камсыз кыла албайбыз. Толук кандуу рацион болмоюнча мал семирбейт, чыгымдуу тармак боюнча кала берет. Биринчи тоют базасын камдап алып шарт түзүп, анан мал чарбачылыгын өнүктүрсө болот.

-Бюдетти үнөмдөө зарылдыгы боюнча көз карашыңызды айткан элеңиз. Үнөмдөй алдыңыздарбы?

-Бюджетти үнөмдөп, ошонун эсебинен 2 көмүр менен жылытылуучу эксперименталдык откана (котельный) курулду. Буга чейин жылына Жалал-Абад райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине жылуулук үчүн 1 млн. 400 миң сом төлөп келчүбүз.
Азыр эми бир жылдык чыгым кызматкерлердин айлык акылары менен кошо 700 миң сомду түзүп жатат. Экинчиден жылуулук сапаты жогору болуп даректүү берилип жатат. Акырындап ушул вариантка өтөбүз деген ойлор бар.

-Жаштарды колдоо боюнча кандай иш болуп жатат. Мурдагы жаштарга бөлүнгөн 2 млн. сомдун тагдыры эмне болду?

-Келечек ээлери жаштар. Ошондуктан жаштарга ар тараптуу колдоо керек. Мурдагы жаштарга бөлүнгөн 2 млн. сомдун 1млн.100 миң сомуна тигүүчү машиналарды жана ганбургер, сендвич жасочу жабдыктарды сатып алышкан экен. Биз аларды Азиздер коомуна өткөрүп бердик. Жаштарга долбоорлорду жазгыла деп жарыяларды бердик. Биз жактырылган долбоорлорду депутаттарга сунуштап каржылап беребиз.
Жаштарды мэриядагы жумуштарга, кызматтарга тартып, кызмат аркылуу тарбиялап өстүрөлү деген пландар бар. Жаштардын шаардык уюмуна кошумча эки штаттык бирдиктерди берип, статусун жогорулаталы деп жатабыз.

Вице-мэрлер боюнча да талаш пикирлер жаралды. Эмне үчүн андай болуп жатат?

-Сот реформасы акырына чыкмайынча мүчүлүштүктөр боло берет деп ойлойм. Биздеги көрүнүштөргө вице мэрлер боюнча талаш пикирлерге да сот системасы себепкер болуп жатат, буга жалпы коом деле күбө.
Мэрлерге мындай талаш пикир жарата турган статус берилген эмес. Биз кайсы соттун чечимин жетекчиликке же аткарууга алышты билбей жатабыз. Учурдан пайдаланып коомчулукка жана жогорку инстанцияларга ушул жагдай боюнча кайрылып кетейин.

-Дегеле саясий партияларды шайлоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында натыйжасыз болуп жатканы айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз?

-Элдин кызыкчылыгы менен топ келген партиялар ийгиликке жетишип жатышат. Менин көз карашым партия аркылуу бийликке келдиңби, бийликке келгенден кийин элдин кызыкчылыгын ойлош керек.
.

Маектешкен: Орозалы Карасартов, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17