Аймак

Алтынбек ТАШИЕВ: “КУРШАПТЫ ШААР КЫЛУУГА АРАКЕТ КҮЧ!”

Алтынбек ТАШИЕВ: “КУРШАПТЫ ШААР КЫЛУУГА АРАКЕТ КҮЧ!”

 4,892 Бардыгы /

Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагы тээ 983-жылы негизделген. Дээрлик бир кылымдан ашык тарыхы бар Кыргызстандагы эң уникалдуу жана өтө байыркы Куршап айыл өкмөтүн 33 жаштагы экономист Алтынбек ТАШИЕВ үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен бери жетектеп келатат. Ал биздин кабарчыбыздын капыл-тапыл суроолоруна мындайча жооп катты.

-Алтынбек мырза, адатта Кыргызстанда жаңы жетекчилер өз командасы менен иш башташчу эле. А Сиз канттиңиз?

-Өзгөн районундагы Куршап айыл өкмөтүндө мурдатан  иштегендер мага дээрлик жат эмес. Булардын арасында дасыккан жана иштин көзүн билгендер абдан көп. “Кой аксагы менен жүз” дегендей, арасында жумушун эптей албагандар дагы жок эмес! Ошол эле учурда мамлекетттик кызматка жөндөмсүз, бирок, аракети күчтүүлөр дагыле бар.

Буюрса, булардын биринин дагы ордун которуштурайын деген дегеле ниетим жок! Баары менен тең ийиндеше иштешем! Бирок, мындан ары талап ого бетер күчөйт. Ошого жараша бара-бара иргелебиз. Акырында заманбап билимдүү адистерге көбүрөөк ыктамакчыбыз.

-Биз билгенден Куршап кыштагынын тарыхы миңдеген  жылдарды карытпадыбы. А бирок, эмне үчүн бул кыштакка эмдигиче шаар макамы ыйгарыла элек?

-Танып не. Куршап кыштагы тээ Совет доорунда чоң райондордун биринин борбору эле. Мен Куршап шаардык Кеңешинин депутаты кезимде бир нече ирет кесиптештерим Куршапка шаар макамын ыйгаруу өтүнүчү менен жогорку органдарга кайрылганбыз. Тилекке каршы, бул демилгебиз эмдигиче колдоо таба элек.

Анткени шаар макамын ыйгаруу талабына жараша, биринчиден, Куршап кыштагынын өзүнчө каналаизациясы жок экен. Экинчиден, кыштагыбыздын инфратүзүмдөрү дагы заман талабына шайкеш эмес!

-Мына, эми өзүңүз айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекидиңиз. Демек, бул өксүктү толтурууга аракет жасасаңыз керек?

-Ооба. Мамлекетибиздин ичинен, ошол эле учурда эл аралык уюмдардан тың жана чоң донор издештирип жатабыз. Бактыбызга жараша мыкты донор табылып калса, биринчиден, канализация маселеси Куршап кыштагында биржаңсыл чечилет. Экинчиден, буга улай кендирибизди кескен таза суу көйгөйүнөн дагы биротоло арылабыз! Ошентип, үчүнчүдөн, Куршапка шаар макамын ыйгарууга жетиштүү шарттар жаралмакчы.

-Алтынбек мырза, Куршап деле жакырлардан дегеле куру эместей. Аларга мүмкүнчүлүккө жараша каралашып турасыздарбы?

-Заман талабына ылайык Куршап өнүктүрүү Фондун түптөгөнбүз. Быйыл Орозо айында 196 үй-бүлөгө үзгүлтүксүз каралаштык. Буюрса, болочокто турмуш-шарты начарлардын, жетим-жесирлердин турак жай маселесин чекесинен чечүүнү мерчемдеп жатабыз.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

         Өзгөн районуна караштуу Куршап айыл өкмөтү беш айылдан куралган. Жылдык бюджети 29 миллион сом. Мунун 30 пайызы республикалык, ал эми 70 пайызы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Куршап айыл өкмөтүнүн 33 жаштагы жетекчиси Алтынбек ТАШИЕВ Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин 2006-жылы аяктагандан бери Ош шаардык салык кызматында, эл аралык ЮСАИД уюмунда, ГазПром ишканасында үзүрлүү эмгектенген. Куршап айылдык Кеңешинин мурдагы депутаты.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17