Аймак

Ааламдын алп жазуусуна таазим

 250,104 Бардыгы /

Ааламдын   алп жазуусуна таазим

“Акпай калды деңиз болчу мөл булак, жанбай калды өчпөй турган шам чырак”– демекчи Жалал-Абад областтык китепканасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык маарекесине арналган эскерүү кечеси болду.
Эскерүүнүн негизги максаты улуу жазуучубуздун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө калаарын дагы бир ирет даңазалоо болду. Негизинен эле Ч.Айтматовду бүт дүйнө эли таанып, кыргыз эли сыймыктанган жазуучу экенине ынанбай коё албайсын. Жазуучунун чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык бир өзгөчөлүк бар.
Иш-чаранын жүрүшүндө ” Ч.Айтматовду эскерүү” деген фильм коюлуп, чыгармаларынан викториналык оюндар болуп, тез ойлонуп, туура тапкан катышуучуларга белектер берилди.
Ошону менен бирге эле отурумдун катышуучулары тарабынан Ч.Айтматовго арналган ырлар окулду. Тактап айтканда Жалал-Абад шаардык С.Давлетов атындагы №14 мектеп-лицейинин матеметика мугалими Майрам Калматова, Ч.Айтматовго арнап бир түн ичинде жазган ырым деп төмөнү ырын окуп берди

“Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз”

( Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата)
Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,
Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.
Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,
Аттиң, арман жетпейт сизге үнүбүз.

Ушул жылы 85ке толмоксуз,
Жакындардын сый-төрүндө болмоксуз.
Аткарам деп көздөп койгон иштерди,
Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,
Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.
Окуганда сиз жараткан китепти,
Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз.

Туу чокуну багындырып алдыңыз,
Кыргыз Туусун желбиретип салдыңыз,
Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,
Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз!

Иш-чаранын аягы Чы ңгыз өлбөс болсочу деген чакан фильм менен аяктады.


Сатыбалдиева Санрабия

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17