Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтү бош административдик муниципалдык кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтү ваканттык муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КВАРТИРА КЕРЕК
ҮЙ САТЫЛАТ
ЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС НА СЛЕДУЮЩИЕ ВАКАНТНЫЕ АДМИНИСТРАТИВНЫЕ ГОСУДАРСТВЕННЫЕ ДОЛЖНОСТИ:
ТЕАТРГА СЫНАК. “Жаңы жылдык жомок- 2019” балаты майрамына жомоктордун сценарийин кабыл алууга сынак жарыялайт.
СЫНАК. Ачы токой кызматы токой аянтын ижарага берет
ЖАРЫЯ. Аксы районундагы Авлетим токой чарбасы жаңгак аралаш токой аянттарын ижарага берет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ОТУН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ ЖАРЫЯЛАЙТ.
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
СЫНАК
СУЗАК РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ЖУМУШКА ЧАКЫРАБЫЗ!
КЫРГЫЗ СОМУНА 25 ЖЫЛ. СЫНАК
Аукцион
Сынак. БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
МОГОЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН БОШ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨ БОЮНЧА С Ы Н А К ЖА Р Ы Я Л А Й Т

ОШ ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

ОШ ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

96 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

ОШ. Кечээ, 5-декабрда Ош шаарын 2018-2020-жылдарга карата өнүктүрүү программасын талкуулаган коомдук угуу болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы  маалымдады.

Маалыматка ылайык, коомдук угууга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын башчылары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана тургундар катышты. Калаа башчысы Т. Сарыбашов сөзгө чыгып, көйгөйлөр менен алдыда аткарылчу иштерге токтолду.

“Шаардын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жыл сайын жакшырып, шаар тургундарынын турмуш деңгээли жогорулап жаткандыгына карабастан учурда чечилбей жаткан көптөгөн маселелер бар.  Мен акыркы  2 жумада шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүп келдим.  Шаар тургундары тарабынан да көптөгөн көйгөйлүү маселелер айтылды.  Алар негизинен таза суу менен камсыз кылуу, коммуникациялык инженердик тармактардын эскириши, ички жолдордун сапаты, көчө тыгындары, көп кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык-чарбалык абалын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүп, элди жумуш менен камсыздоо маселелери болду. Социалдык-гуманитардык чөйрөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелер менен камсыз кылуу, орто билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, инновациялык билим берүүнү өнүктүрүүгө байланышкан маселелер көтөрүлдү.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыгып, сиздерге сунушталып жаткан «Туруктуу өнүгүүгө багыт» Ош шаарын 2018-2020-жылдарда кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы шаарды модернизациялоо боюнча жыйналган тажрыйбаны, пландарды, шаардын тургундарынын мүдөө-талаптарын эске алуу менен шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт”,-деди шаар мэри.

Ош шаарынын мэри программанын максаттары боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

  1. Экономикалык артыкчылыктарды арттыруу.
  2. Коммуналдык-чарбалык инфраструктураны жакшыртуу.
  3. Социалдык өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге чыгаруу болуп саналат.

Мэр Т. Сарыбашов негизги багыттар боюнча да төмөнкүлөрдү йтып кетти.

“Экономикалык саясат Ош шаарынын эң негизги артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө пайдалануунун негизинде жүргүзүлүшү керек. Аларга орто жана чакан бизнес чөйрөсү, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы,  туризм жана соода-транспорттук логистика тармактары кирет.

Шаар жашоочуларынын эң негизги көйгөйү — шаар жашоочуларын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу деп билебиз.  Аны чечүүгө шаарда болгон бардык ички финансылык ресурстарды, республикалык бюджеттен, донорлордон келген жардамдарды жумшашыбыз керек. Көп кабаттуу үйлөрдүн турак жай-коммуналдык абалын жакшыртуу маселеси дагы шаар үчүн приоритеттүү. Бул көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк методдорго таянуу максатка ылайык. 

Автожолдордун сапаты жана көчө тыгындар маселесин чечүүгө дагы олуттуу көңүл бурулат. Өкмөт менен биргеликте республикалык жана эл аралык трассалардын маршруттарын шаардан тышкары чыгаруу үчүн айланып өтмө жолдорун куруу маселесин чечүү керек. Бул багытта Бишкек-Ош унаа жолунун 660-км аралыгындагы Ош шаарына түз кирүүчү жолду (“Т” кесилиши, узундугу 4,5 км) жана Ош шаарынын “Түштүк айланып өтүүчү жолун” куруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Андан сырткары А.Масалиев-А.Навои, А.Масалиев-Ы.Монуев, А.Масалиев-Абдыкадыров, Курманжан-Датка-Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилиштерине жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү куруу пландаштырылып, акча каражаты изделип жатат.

Социалдык маселелерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга максималдуу аракеттер жумшалат. Мектепке чейинки мекемелердин жетишпестигин азайтуу көйгөйүнө дагы өзгөчө көңүл бурулат. Бул тармакта азыр эки маселе бар: мамлекеттик бала бакчаларда орун жок, ал эми жеке бала бакчалар көбүн эсе талап кылынган атайын шарттарга жооп бербейт. Ушул эки маселени тең чечкенге аракет жасалыш керек: бала бакчаларды курууну улантуу, ал эми жеке бала бакчаларды курамын дегендерге көмөк көрсөтүү жана алардын сапатын көзөмөлгө алууну уюштуруу. 

Саламаттык сактоо тармагында медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга акцент жасалат.

Маданият жана спортту өнүктүрүү үчүн дагы бардык аракеттер жасалат. Шаарда жаңы маданий обьекттер курулуп, эскилери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Шаардык парктар жана эс алуу жайлары жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолуп, андан тышкары кинотеатр, эс алуу зоналарын, жаш балдардын көңүл ачуучу борборлорун курам деген инвесторлорго көмөк көрсөтүлөт. 2019-жылдан жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кулатов кичи районунда эс алуу скверин куруу башталат. Андан сырткары шаардагы реконструкциялана элек бардык скверлер жана суу оргумалары оңдолот. Бүгүнкү күндө даярдык иштери башталып жатат.

Аны менен бирге Оштун эң негизги спорттук обьектиси болгон – борбордук стадионду реконструкциялоо планга киргизилет. Мындан тышкары шаардын эс алуу бактарында көчө тренажерлорун орнотууну дагы планга алуу зарыл.

Бул жумуштардын багыттары боюнча комплекстүү иш-аракеттердин планы түзүлүп, алардын конкреттүү мөөнөттөрү белгиленди.

Жалпы программаны каржылоого 7 311,3 млн. сом акча каражаты жумшалат.  Анын ичинен 514,6 млн. сом жергиликтүү бюджеттен, 820,7 млн. сом республикалык бюджеттен бөлүнөрү, ал эми 5 976,0 млн. сомдук инвестициялар тартылышы пландаштырылган”.

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
     12
17181920212223
24252627282930
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17