Аймак

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫНА» БААҢЫЗ КАНДАЙ?

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫНА» БААҢЫЗ КАНДАЙ?

 3,237 Бардыгы /

Жыл жыйынтыкталып, “Жыл мыктылары” тандалып жаткан учур. Кимдин кандай иштегенин, кандай натыйжа көрсөткөнүн аныктаган бул номинациягаээ болгондор чындыгында татыктуубу? Бул туурасында эл арасында түрдүү пикирлер айтылып келет. Ага утурлай эле ар түркүн кесип ээлеринин бул тууралуу айткан ойлорун назарыңыздарга сунуштайбыз

Ооганбек СТАНБЕКОВ, жазуучу, драматург:

“ЭЛДЕН СУРАМЖЫЛОО ЖҮРГҮЗҮҮ КЕРЕК”

-Эми “Жылдын мыктысын” тандоо традициялуу көрүнүш болуп калды. Мен билбейм кандай критерийлер менен тандап жатышат. Айрымдар өз тааныштык кылып коёт, эмгегине карабай эле баалап койгон учурлар болот. Кандай болбосун массалык маалымат каржаттары деле “жыл мыктысына” ылайык критерийлерди иштеп чыкса жакшы болот эле. Экинчи дагы бир нерсе элден дагы сурамжылоо жүргүзүлсө, анык жана таза болот. Азыр жыл аяктап жатат элден сурамжылоо жүргүзүп, ким кандай иштеп жатат, кандай өзгөрүүлөрдү жасады, реформаларды ишке ашырууда кандай иштерди кылды деген сыяктуу суроолорду бериш керек. Ошонун негизинде “жыл мыктысын” аныктаган жакшы болот деп ойлойм.

Гүлжамал РЫСКУЛОВА, ЖАМУнун окутуучусу:

“ЖЫЛ МЫКТЫСЫН БЕЛГИЛӨӨ ЖАКШЫ НЕРСЕ”

-Азыркы учурда бул өзүнчө эле модага айланып баратат. Менин оюмча ошол адамдын кылган иши коомчулукта кандай бааланды, ошого карап “Жылдын мыктысы” деп чыгарыш керек. Акыркы мезгилде баары эле ким акча берсе же болбосо “ушунча акча берсең” дегендер көбөйүп жатат. Бул наамдын дагы кадыр-баркын жоготуп жатат. Жыл мыктысын белгилөө жакшы нерсе. Мисалы, мугалимдердин чөйрөсүндө же өндүрүш чөйрөсүндө деп ушундай тармактарга бөлүп берсе жакшы болот деп ойлойм. Ушул тармактарда бул бир эле ММКнын көз карашы болбошу керек, бир нече гезит жана сайттардын иликтөөсүнүн негизинде татыктуу адам бир канча пайыз менен тандалып чыкса ишенем. Кээ бирөөлөр бар да “муну жылдын мыктысы” кылып берип кой десе, ишине деле карабай кыла берет. Себеби бардыгы каражатка барып такалып жатат.

Нурбек ШАМУРАТОВ, ырчы:

“БИР КАГАЗ МЕНЕН РАМКАНЫ ЖӨН ЭЛЕ БЕРИП КОЙСО БОЛОТ”

-Мындай тандоо бул эң жакшы көрүнүш. Себеби жыл аягында мактоого татып, “Жылдын мыктысы” номинациясына бааланган чоң сыймык. 2015-жылы  “Жалал-Абад браводон”  “Жылдын мыкты дебюту” болсом, 2017-жылы Ошто “Facebook partyден” “Жылдын мыкты аткаруучусу” болгом. Анткени ырчы үчүн дагы иштегенге, изденгенге стимул болот. Бирок ошону менен бирге эле эл арасында дагы “жыл мыктысы” сатылып калды деген сөздөрдү угуп калдык. “Жылдын мыкты дебюту”, “Жылдын мыкты ырчысы мынча сом” деп интернеттен ачык эле сатылып калды. Деги эле бир кагаз, бир рамканы мамлекетке, шоу дүйнөсүнө салым кошуп келе жаткандарга сатпай эле, эмгеги үчүн ыйгарып койсо туура болмок деп ойлойм. Биздин филармонияда иштеген кызматкерлер дагы “жөн эле эмгекти баалап берсе алабыз” деген чечимде.  Мага көбү эле акча төлөп жылдын мыктысы болууну сунушташты. Атын атабай эле ко1юн, бирок мен макул болгон жокмун.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА, журналист:

“ПИАР ҮЧҮН ДА, ЧЫҢ ЖҮРӨКТӨН ДА  ИШТЕГЕНДЕР БАР”

-Негизи жыл сайын эле жыл мыктылары тандалат. Стимул болсун деп гана ошол нерсени жасайт деп түшүнөм. Себеби мыкты болгондордун баары эле акча берген же акчасы бар деп эсептебейм. Арасында чыныгы мээнети, эмгеги менен мыкты болгондору бар. Чындап эмгектенип жүргөн кызматкерлердин мээнетин баалоо бул аларга чоң стимул берет. Ошол үчүн  бул нерсени туура эле кабылдайм. Коомчулуктан сурасаң “жыл мыктысы тиги, бул” дейт, элде бир пикир жок. Азыр бизде иштеген адамдын мээнетин айтып коюш оор болуп калган. Айтып койсоң эле “ээ бул ошонун адамы, анын жактоочусу же тууганы” деген пикирлер болот. Азыр мындай реалдуу пикир жок болуп калды. “Жыл мыктысын” колдойм, бул өз жолу менен кете бериши керек. Бул иштеген адамдарга дем берүүчү долбоор деп койсок да болот. Элге пайдасы тие турган долбоорлор менен иштеген, инвестиция тартып келген, социалдык объектилерди жакшыртууга жүгүрүп жүргөн жетекчилер бар. Ошолордун ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берүү менен жыл мыктысына тандалса туура болмок. Айрымдар пиар үчүн, башкалары чың жүрөктөн иштегендер болот. Аларды ММКлар билет, көрөт, жазат анан туура жыйынтык чыгара алат. Жыл мыктысына тандалгандарга  кылмыш иши козголгон же кандайдыр бир иштерге аралашып калган адамдардан алыс болот. ММКлардын тили кысык болуп калат, ошондуктан ушул жагдайларды эске алат.

 

Келдибек ЖЭЭНБЕКОВ, Жалал-Абад шаарынын тургуну: “КӨБҮРӨӨК  ИЙГИЛИК  ЖАРАТКАНДЫГЫ  ҮЧҮН БЕРИЛИШ КЕРЕК”

-Негизинен мамлекеттик сыйлыктар Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы, эмгеги үчүн башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк ийгилик жараткандыгы үчүн берилиш керек. Ал эми жеке ишкана жана гезиттер өздөрү кимди мыкты деп табышты, өздөрүнүн жобосуна карата көз карашына ылайык беришет. Критерийлерине токтоло кетсек, кайсыл тармакта, кайсыл максатта, ким тарабынан берилүүсүн карап берсе максаттуу болот. 3 жылдан бери түштүк регионунда “Facebook partyни” өткөрүп келебиз. Ош-Жалал-Абад-Баткенден ар тармактагы 22 жаштардан турган команда бар, ошолор тандап көрсөтөт. Биз жылда фейсбук кечесине катышуучулар арасында макулдашылып талантына, шыгына карата наамдар берилип келген. Быйылкы “Facebook partyнин”  өзгөчөлүгү, биринчи сунуш берүү менен жарыяланат. Андан соң алдыңкы көп добуш алган экөөнү добуш берүүгө коюп, мыктыларды аныктап жатабыз. Социалдык тармакта кимдин рейтинги көп болсо, ошолор добуш берүүнүн жыйынтыгында утуп жатышат. Мисалы, биз быйыл Валентина Шевченкого “Мыкты спортчу айым”, Бусурманкул Абдибаит уулуна “Мыкты мушкер”, Абдылда Иманкуловго “Мыкты куудул”, Ыдырыс Исаковго “Мыкты журналист”, Азамат Абсатаровго “Мыкты пресс-катчы”- деген наамдарга көрсөттүк.

 

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17