Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
КООМДУК УГУУЛАР
Заявка 14 января, 17:00 часов Добрый день, дорогие коллеги!
Сынак
ГУОБДД обьявляет конкурс на вакантные должности в Центр мониторинга.
Жумушка чакырат
Жумуш издейт
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтү бош административдик муниципалдык кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтү ваканттык муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КВАРТИРА КЕРЕК
ҮЙ САТЫЛАТ
ЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС НА СЛЕДУЮЩИЕ ВАКАНТНЫЕ АДМИНИСТРАТИВНЫЕ ГОСУДАРСТВЕННЫЕ ДОЛЖНОСТИ:
ТЕАТРГА СЫНАК. “Жаңы жылдык жомок- 2019” балаты майрамына жомоктордун сценарийин кабыл алууга сынак жарыялайт.
СЫНАК. Ачы токой кызматы токой аянтын ижарага берет
ЖАРЫЯ. Аксы районундагы Авлетим токой чарбасы жаңгак аралаш токой аянттарын ижарага берет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ОТУН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ ЖАРЫЯЛАЙТ.
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
СЫНАК

БИЛИМНУР БАТЫРБЕКОВА, аспирант: “МЕН ЖАШООНУ ЧИЙҮҮ САБАГЫНА ОКШОШТУРАМ”

БИЛИМНУР БАТЫРБЕКОВА, аспирант: “МЕН ЖАШООНУ ЧИЙҮҮ САБАГЫНА ОКШОШТУРАМ”

619 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Учурда илимдин чордону аталган өнүккөн өлкөдөн билим алууну эңсеген жаштар күн санап өсүүдө. Мурда байлардын балдары гана чет өлкөдөн окуйт деген түшүнүк бар болсо, азыр такыр башка. Интернет менен технологиянын заманында буга жол ачык, ондогон, балким жүздөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, талыкпаган аракети менен Кытай Эл Республикасында окуп жаткан каарманыбыздын тажрыйбасын гезит бетинен сунуштайбыз…

Блиц инфо:

Аты-жөнү: Батырбекова Билимнур Батырбековна

Туулган күнү, айы, жылы: 01.06.1994-жыл

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жашасын айылы

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Эң көп колдонгон сөзү: “Кудайга шүгүр”.

Учурда Кытайдын Урумчи шаарындагы Синьцзян университетинде Эл аралык саясат адистигинде аспирантурада окуп жатат.

МЕКТЕПТЕ ЖАЛАҢ БЕШКЕ ОКУГАМ

Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам- Батырбек Орунбаев, апам — Рабия Айтбаева кесиби боюнча экөө тең мугалим. Төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Бала-бакчадан баштап мектепти бүткөнчө эле айылдын даамын татып чоңойгон кызмын.

Мектепте кудайга шүгүр жалаң гана “5” деген баага окудум. Өзгөчө мага биология, черчения, сүрөт жана информатика предметтери аябай жакчу. Чийүү предметинде ар бир чиймени аябай кылдаттык менен гана чиесин, мен жашоону деле чийүү сабагына окшоштурам. Анткени ар бир баскан кадамыңды кылдаттык менен баспасаң, анда сенин чиймең кыйшык болуп калгандай эле турмушуң да тайкы болуп калышында шек жок. Андыктан дайым туура жана кылдаттык менен чийгенге аракет жасайт элем. Сүрөт сабагы да аябай жагат. Бул сабакты болгону жумасына бир жолу өтсөк да, мен ар дайым күтүп ырахаттануу менен тартчумун. Анткени сүрөт тартуу бул искусство, жан дүйнөңдө эмне болсо, ал нерсени тарткан сүрөтүң аркылуу башкаларга да тартуулай алышың мүмкүн. Ошондой эле жашооңду кандай элестетсең, ал нерселер орундалгыча, жок дегенде сүрөткө түшүрүп, аны көрүп өзүңө кубаныч тартуулай аласың.

«АЗЕМ» БИЙ ТОБУН ЭЛГЕ ТААНЫТКАН БИЗ БОЛДУК

Кесип тандоодо кыйналганым жок, себеби мектепте 9-класста окуп жүргөндө эле кайсы кесипке тапшырышыма чечим чыгарганмын. Ошол кезден тартып эле келечекте мыкты дипломат болсом деп кыялданчумун. Мектепти бүтүргөн соң үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ЖАМУда окудум. ЖАМУда окуп жүргөндө бир аз чыгармачылыкка аралашып калдым. Анткени бий бул менин хоббим. Негизи жаш кезимден эле аябай кызыкчумун. Студент болгонумда Зоя Осмонова эжекебиз жетектеген ЖАМУнун «Сайма» бийчилер тобуна кошулам деп максат койгом. Тилегим орундалып «Сайма» эмес, «Азем» бийчилер тобун түзүп, бийлеп калдым. Бул бий топту жакын эжелерим жана курбуларымдын салымы менен түзгөнбүз. «Азем» бий тобу деп бизге чейин эле түптөлгөн. Бирок топту жетектеп, эл алдына алып чыгып, элге тааныткан биз болдук.

КААЛОО КҮЧТҮҮ, МАКСАТ АНЫК БОЛСО, БААРЫ БОЛОТ

ЖАМУдан Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн аймак таануу адистигин бүтүргөнмүн. Эгерде сенде каалоо күчтүү, максатың анык болсо, анда аракет кылсан баары болот. Студент кезимде аракет кылдым жана жетише алдым.

Менин биринчи жолку Кытайга болгон сапарым 2012-жыл болду. Биз окуу жайдан кытай тилинен HSK деген экзамен тапшырдык. Эгер сен 1-деңгээлден өтсөң, Кытайга 1 айлык жайкы лагерге, ал эми 2-деңгээлден өтсөң, жарым жылдык окууга өтмөксүң. Мен 2-деңгээлден өтүп, Кытайдын Хенань провинциясынын Кайфынг шаарына жарым жылга бюджеттик негизде окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум, тактап айтканда университет аркылуу келдим. Университетке келгенде эң биринчи эле өзгөчөлүк — эркиндик деп айта алам. Анткени сени «оку» деген эч ким жок. Мектепте мугалим окуучунун артынан кууп жүрүп окутса, университетте өзүң мугалимди кууп жүрүп окуйсун. Андан кийин эле чөйрө деп эсептейм. Мектепте болгону бир айылдын гана балдары окушса, университетте өлкөнүн булуң бурчунан, ар кайсы аймактардан келип окушат. Алар менен тил табышып, достошуу да керек.

Учурда Кытайда Эл аралык саясат тармагында билим алып жатам. Кудайга шүгүр, кыялым аткарылып жатат, буйруса аспирантурамды 2020-жылы ийгиликтүү аяктоо ниетинде турам. Бул жакка келгенден кийин да чоң кыялдар пайда болду,  алардын баарысын ишке ашышына талбай аракет кылам. Мага ушул убакытка чейин ар тараптан колдоо көрсөтүп келген ата-энеме, бир туугандарыма, ошондой эле мени окуткан ар бир мугалимиме терең ыраазычылык билдирем.

КЫТАЙДА КОШУМЧА ИШТӨӨГӨ УРУКСАТ ЖОК

Алгач келгенимде тамак-аштан бир аз кыйналганмын, бирок ага да бат эле көнүп кеттим. Бул жакта кыргыз студенттер көп элебиз. Өзүбүздүн майрамдарда чогулуп бирге белгилеп турабыз. Мындагылардын кыргыз студенттерине карата мамилеси аябай жакшы. Кыргыздарды аябай меймандос, ак көңүл,достукка бекем деп жакшы көрүп сыйлап турушат. Эч кандай басым-кысым көргөзүлбөйт, бардык чет элдик студенттерге бирдей мамиле жасашат. Бул жакта кошумча иштөөгө уруксат жок, закон күчтүү. Максаты окууга келгенден кийин бир гана окууну ойлош керек дейт.

Ал эми Кытайда билим берүү тармагына аябай жакшы көңүл бурулган. Билим алуу үчүн керектүү болгон бардык шарттары бар. Китепканадан издеген китебиңдин баарын табууга болот жана интернет булактарын да кенен колдоно аласың. Ар бир кесиптин өзүнө жараша лабораториялары бар, эрте менен теориядан алган билимиңди түштөн кийин практика жүзүндө ишке ашырасың. Билим сапаты өтө күчтүү жана коррупция деген нерсе жок, баары өз күчү менен окушат.

КЫТАЙ ЭЛИ АЯБАЙ ПАТРИОТ

Мурда менден биз менен айырмасы кандай экен деп сурашса, толтура нерселерди айта берчүмүн. Азыр андай ойлорумдан алысмын. Албетте баарыбыз эле  Кытайды өнүккөн өлкө деп айтабыз. Менин жеке көз карашым боюнча эң чоң айырмачылык, кытай эли аябай патриот жана биримдиктүү калкы менен башка элдерден айырмаланып турат. Ал эми Кытай мамлекети башкалардан өтө тез өнүгүп келе жаткан күчтүү экономикасы жана саясаты, темирден бекем закону менен өзгөчөлөнүп турат. Өлкөдө качан гана  биримдик, ынтымак, тең укуктуулук, саясат бир калыпта болгондо гана ал жерде өнүгүү пайда болот.

КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТИНЕ ЖЕТПЕЙТ…

Кытай жигитин сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз деген суроону чынын айтсам аябай көп беришет. Кытай жигити асмандагы айды алып берсе да, кыргызымдын тоодон кызгалдак терип берген жигитине жетпейт деп айткым келет.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак»

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17