Аймак

Cаламдашуунун исламдагы орду…

 7,914 Бардыгы /

[thumb=left]http://www.aymak.kg/uploads/posts/2014-01/1388648709_5139.jpg[/thum

b]

Көз ирмемде чексиз соопко ээ болгуң келсе, анда бул маалыматты башкаларга жеткирүүдө эринбе…
Эгер эки мусулман кайсы бир жерде көрүшүп же жолугушуп калса “Ас-салааму алейкум”- деп учурашат.( Кээ бир адамдар “Ас-салоому алейкум” – деп айтышат бул туура эмес). Ал эми алик алган адам ” уа алейкум ас – салаам”- деп жооп кайтарат.
“Ас-салааму” деген сөздүн мааниси ” тынчтык” дегенди билдирет.
Ал эми “алейкум” деген сөздүн мааниси “силерге” көптүк түрүндө айтылат. Кошуп айтканда “силерге тынчтык болсун” деген сөз. Тагыраак айтканда “силерге Алланын тынчтыгы болсун” дегени.
“Уа алейкум ас-салаам” дегени “силерге да тынчтык болсун” же ” Силерге да Алланын тынчтыгы болсун” дегени.
“Ас-салааму” деген сөз бул дуба. Мындайча айтканда баардык апааттардан, кырсыктардан жана жамандыктардан тынчтыкта бол дегени. Мисалыга сен бир мусулманды жолуктуруп калып ага “ас-салааму алейкум” деп саламдаштың, бул кезде сен ага дуба айттың “Аллах сени ар кандай кыйынчылыктардан, кырсыктардан же болбосо ар кандай ооруулардан сактасын” деп. Жалпысынан айтканда кандай гана акыбал болбосун сага Аллахтын тынчтыгы орносун дегени.
Билесиңби салам бергенде канча соопко ээ болорунду?…
Исламдагы сүйүктүү амалдардан (иштерден) эгер ким салам менен баштаса. Ал салам ” ас-салааму алейкум уа рахматуллаахи уа баракаатуху”.
“ас-салааму алейкум” силерге Алланын тынчтыгы;
“уа” жана;
“рахматуллаахи” Алланын мээрими;
“уа” жана;
“баракаатуху” Алланын бекеси;
Силерге Алланын тынчтыгы, мээрими жана берекеси болсун.
– Эгер ким “ас-салааму алейкум” деп айтса 10 сооп алат;
– эгер ким “ас-салааму алейкум уа рахматуллаахи” деп айтса 20 сооп алат;
– эгер ким “ас-салааму алейкум уа рахматуллахи уа баракаатуху” деп айтса 30 сооп алат;
Бул тууралуу туура айтылган жана туура тастыкталган хадис бар.
Биз бул соопторду акча бирдигине салыштырбашыбыз керек. Мисалыга 10 сом, 20 сом жана 30 сом дегендей. Ал сооптор бир гана Аллага белгилүү. Анда бизге суроо пайда болуусу мүмкүн эмне үчүн сооптор сан менен айтылды деп? Пайгамбарыбыз кээ бир амалдардын соопторун сан (цифра) менен айтып кеткен адамдардын түшүнүүсүнө жеңил болуусу үчүн.
Алланын элчиси мусулмандарды бир – бирин жолуктурганда салам берүүсүнө ундоду. Анткени ал нерсе адамдарды бир -бирине жакын кылуудагы эң биринчи тепкич. Жүрөктөрүн ачуудагы эн биринчи ачкыч сөз.
Бул сөзгө далил катары Алланын элчиси ( ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) айтат: ” Аллахка касам ичем ыйман келтирмейинче бейишке кирбейсинер, ыйманынар толук болбойт качан бир – бириңерди сүймөйүнчө, мен силерге бир нерсени айтайынбы?… Эгер ошол нерсени +з аранарда ( ичинерде) саламды жайылткыла”-деди.
Башка бирөөнүн үйүнө барганда салам беруу керек…
Бул тууралуу Аллах Таала куранда мындай дейт: “Эй, момундар! +з үйүңөрдөн башка үйлөргө уруксат алмайынча жана үй ээсине салам бермейинче кирбегиле. Бул силер үчүн жакшы. Мүмкүн эсинерге келерсиңер”. “Нур” суроосу 27.
+з үйүңөргө киргенде да салам берүү керек…
Бул тууралуу Аллах Таала куранда мыдай дейт:”Эгер силер үйлөргө кирген кезде Аллах тарабынан болгон таза жана берекелүү саламын айткыла”. “Нур” суроосу 61.
Мааниси силер өз үйүңөргө же башка бир тууганынардын же досторуңардын же болбосо бир таанышынардын үйүнө киргенде Аллах тарабынан болгон таза жана берекелүү саламын айткыла. Эгер сен өз үйүнө келгенде эч ким жок болсо да салам айтып кир, анткени ал үйдө периштелер болуусу мүмкүн.Эгер сен салам айтып кирсең ал үйдө тынчтык жана береке болот .
Эгер сен түн ичинде үйгө келген болсоң , акырын салам бер адамдардын уйкусун бузбастан. Ал эми кээ бирөөсү ойгоо болгон болсо, анда алар уккудуй акырын салам бер.

Салам айткан адамга кандай жооп берүү керек…
Бул тууралуу Аллах Таала куранда айтат:”Качан силерге салам берилсе, силер алардын саламынан да жакшы алик алып саламдашкыла, же анын өзүн эле кайтаргыла. Акыйкатта Аллах ар бир ишти Эсептөөчү”. “Ниса” сүрөөсү 86.
Мааниси эгер силерге бирөө салам берсе ага алик алуу сенин милдетиң болуп эсептелет. Же болбосо анын саламынан да жакшыраак кылып жылмаю менен жооп берүү керек. Аллах Таала ар бирибиздин кылган иштерибизди эсепке алуучу. Мисалыга жакшы- жаман, чон-кичине баарын эртен эсеп күнү адилеттүүлүк менен жакшы же болбосо жаман жазасын берет.

Саламдашуунун адеби..

.

1) Эгер сен бир тууганынды же болбосо бир таанышынды алыстан көрүп калдың, бул убакта кандай салам берүү керек?
Бул убакта биринчи кезде ооз менен акырын “ас-салламу алейкум” деп, ага кошо башын ийкеп салам белгисин билдирүү керек. Ислам аалымдары айтат “ас-салааму алейкум” деп айтпай колун жансап салам берүү же болбосо колун көкүрөгүнө алып салам берүү же болбосо башын ийкеп салам берүү же болбосо машинасын сигналын басуу менен салам берүү бул пайгамбарыбыздын сүннөтүнө туура келбей калат дейт. Анткени Аллахтын элчиси дене мүчөлөрү менен салам берүүнүн белгисин көрсөтүү менен кошо оозу менен да салам айтчу.
2) Бир мусулман эркек башка бир мусулман аялдан салам берүүдөн сактануу. Бул кайсы убактарда:
-Эгер ал аял анын тууганы же бирге иштеген таанышы болбосо. Мисалы аны көчөдөн же болбосо базардан же болбосо кандайдыр бир имаратта көрүп калып салам берүү туура эмес. Айрыкча жаш жигит жаш кызга салам берүүдөн алыс болсун, анткени бул жаман иштин башаты болуп жүрбөсүн…
3) Ислам аалымы ибн Теймия айтат эгер ал адам динге бекем такыба адам болсо анда ал жолдо бара жатып мечиттен чыккан жамаат аялдарга же болбосо жумушундагы бирге иштеген аялдарга ж.б. ушундай аялдарга салам берсе болот дейт. Анткени Алланын элчиси жолдо бара жатып мечиттеги аялдарга салам берип өткөнүн далил катары эскерет.
Кыстырма катары айта кетсем азыркы убакта салам бергени ары калып, кол алышып учурашканы бери калып, беттен жытташып, чопулдашып өбүшүп учурашкандарына жол болсун. Мына ушулардын баарына ислам дини тыйуу салат анткени жамандын түшүн жоорубайын жаман иштин баары ушундан башталат.
4) Ат үстүндөгү же болбосо унаадагы адам жөө турган адамга биринчи салам берет.

5) Туруп турган адам олтуруп турган адамга биринчи салам берет.

6) Адамы аз жамаат, адамы көп жамаатка биринчи салам берет.

7) Жашы кичүү адам жашы улуу адамга биринчи салам берет.

Бул Алланын элчиси көрсөткөн сүннөт жана ислам үйрөткөн адеп. Булардан эн жакшысы жана адептүүсү эң биринчи салам бергени. Мына ошол адам Аллахка жакын.
Эгер мусулман эмес же башка диндегилер салам берсе эмне кылабыз?..
– Биз аларга биринчи салам айтпашыбыз керек;
Эгер алар бизге “ас-салламу алейкум” деп салам берсе, биз да “аларга ” уа алейка ас-салаам” деп салам берсек эч нерсе эмес. ( Бул ислам аалымы ибн Усеймиянын сөзү “Рияду ас-саалихин” китеби 5 бет

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17